Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЖУМУШ ОРДУНДАГЫ ЗОМБУЛУК ЖАНА ЫДЫК КӨРСӨТҮҮ КӨЙГӨЙҮ КЫРГЫЗСТАНДА АКТУАЛДУУБУ?№992 10-16-декабрь, 2021-ж
2021-жылы жайында Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан жумуш учурундагы зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу жөнүндөгү 190-конвенция күчүнө кирди. Бул конвенция жумуш ордунда ар бир адамдын зомбулуксуз жана ыдык көрсөтүлбөгөн укугун тааныйт, ошондой эле бул багыттагы аракеттердин жалпы негизин түзөт. Конвенцияда зомбулук жана ыдык көрсөтүү бир түшүнүк катары каралат жана биринчи жолу глобалдык деңгээлде макулдашылган аныктама берилген: Зомбулук жана ыдык көрсөтүү – бул бир же бир нече жолу кайталанган жүрүм-турумдун бир катар орунсуз формалары. Анын максаты же мүмкүн болгон натыйжасы – жабырлануучуга дене бойлук, психикалык, сексуалдык же экономикалык залал келтирүү, анын ичинде гендердик зомбулук жана ыдык көрсөтүү. Конвенция өкмөттөн зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн курмандыгы болгон адамдарга колдоо көрсөтүүнү, укугун коргоп берүү кызматы жана каражат менен камсыздашын, ошондой эле жумуш ордуна кайтууга жардам берүүсүн талап кылат. Азыркы учурда бул документти 6 өлкө: Аргентина, Намибия, Сомали, Уругвай, Фиджи жана Эквадор ратификациялады. Кыргызстан жана бизге өнөктөш мамлекеттер бул тизмеде азырынча жок. Ошол эле учурда жумуш ордундагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү маселеси дайыма көтөрүлүп келет. Бирок бул учурлар тууралуу статистикалык маалымат жок, ошондой эле бул көрүнүшкө кабылган адамдарды коргоо механизмдери иштелип чыккан эмес. Кыргызстанда кызматкерлерди зомбулуктан жана ыдык көрсөтүүдөн коргоо максатында кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу ЭЭУнун Кыргызстандагы программаларынын координатору Амина Курбанова менен маектештик: – Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанда бул жаатта мындай талдоо же изилдөө жүргүзгөн эмес. Бирок мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында аялдарга карата, анын ичинде жумуш ордунда жана башка жерлерде аларга карата ыдык көрсөтүү фактылары тууралуу макалалар чыгып жатат. Албетте, мындай көрүнүштөр бар, бирок так сандарсыз канчалык деңгээлде актуалдуу, масштабдуу экенин айтуу өтө кыйын. Бизде статистика жок, анткени бизде “ыдык көрсөтүү” деген түшүнүктүн так аныктамасы да жок. Мыйзамдарда “сексуалдык ыдык көрсөтүү” деген аныктама бар. Бирок ЭЭУнун юристтеринин пикири боюнча, бул аныктама толук эмес жана толук кандуу иштелип чыгууга муктаж. Башкача айтканда, аныктаманын жоктугу бул көрүнүш Кыргызстанда канчалык күчтүү экенин айтууга жана ал боюнча маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк бербейт. – Анткени биз көйгөйдү сексуалдык контекстте гана карап, бир жактуу болуп калышыбыз мүмкүн. Бирок мындай ыдык көрсөтүүлөрдөн тышкары, адамга жакпай турган жүрүм-турумдун дагы башка түрлөрү бар: адамга кыйкырып салуу, жумуш ордунда, мисалы, этникалык, диний белгилери боюнча же майыптык белгиси боюнча куугунтуктоо (буллинг) уюштурулушу мүмкүн. Жумуш ордунда зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрү болушу мүмкүн. Андыктан бул түшүнүктөрдүн аныктамасын мыйзамдарга киргизип, ыдык көрсөтүү көрүнүш катары өзүнөн-өзү кандайдыр бир сексуалдык түшүнүк менен чектелбестигин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү зарыл. Бул түшүнүктү кеңейтишибиз керек. Анткени ал, биринчи кезекте, иштөөгө тоскоолдук жаратып, коомго аралашууга жолтоо болот. – ЭЭУнун конвенциясына ылайык, зомбулук жана ыдык көрсөтүү боюнча иштерди кароонун маанилүү элементи болуп мындай жүрүм-турумдун таасири жана натыйжасы саналат. Зомбулук жана ыдык көрсөтүү – бул адамга кесепеттери тийиши мүмкүн болгон ылайыксыз жүрүм-турумдун бардык түрлөрү. Анын так белгилери кошумча иштелип чыгууга жана улуттук мыйзамдарда чагылдырылууга тийиш. Абдан чоң резонанс жараткан акыркы эки окуяны карап көрөлү. Эки окуя тең жабырлануучулар жумушта жүргөн учурда болгон. Биринчи учурда сатып алуучу фотографты уруп жиберет, экинчисинде сатып алуучу сатуучу аялды калькулятор менен чапкан. Эл аралык эмгек мыйзамдарына ылайык, бул үчүнчү жактар тарабынан болгон зомбулуктун бир түрү болуп саналат. Биз куугунтуктоо, адатта, иерархиянын жогорку деңгээлдери менен – иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда гана болот деп ойлойбуз. Бирок жумуш орундарыбыздагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү үчүнчү жактардан да болушу мүмкүн экендигин эч качан айтпайбыз. Конвенция жумушчуларды гана эмес, ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИНИН ФОРМАСЫНА КАРАБАСТАН эмгек чөйрөсүндөгү БАРДЫК катышуучуларды, анын ичинде мамлекеттик жана жеке секторлордо иш берүүчүлөр катары иштеген ыктыярчыларды, тренерлерди коргоону болжолдойт. Биз “зомбулук жана ыдык көрсөтүү” көрүнүшүнүн өзүн кабыл алууну кеңейтишибиз керек. Балким, ошондо гана биз жумуш чөйрөсүндөгү ар кандай катышуучулардан көбүрөөк билдирүүлөрдү жана орунсуз жүрүм-турум учурлары тууралуу маалымат алышыбыз мүмкүн. Эң негизгиси, бул гендердик айырмачылыктардын айынан эле болуп жаткан көрүнүш эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элди мындай учурларды жашырбоого, ачык айтууга үндөгөн билдирүүлөрдү таратуу зарыл. Жумуш ордунда зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн башка түрлөрү бар экенин, алар туура эмес экенин жеткирүү менен өкмөткө тиешелүү чараларды көрүүгө түрткү берүү зарыл. – 2019-жылы депутат Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген. Жумушчу топтун курамына ЭЭУнун өкүлдөрү да киргизилип, өз кезегинде мыйзам долбоорун кеңири берүү сунушталды. Сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр жөнүндө эле эмес, жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү тууралуу да айтуу, ал эми сексуалдык ыдык көрсөтүү аныктаманын бир бөлүгү боло тургандыгы тууралуу сунуштар берилди. Натыйжада, бир катар мамлекеттик органдардын катышуусу менен мыйзам долбоору даярдалып, министрликтер менен ведомстволорго жиберилип, алардан сын-пикирлер алынды. Азыркы учурда бизнестин жана иш берүүчүлөрдүн (кесиптик бирликтердин) өкүлдөрү кирген жумушчу топ БУУӨП жана ЭЭУнун колдоосу менен бул документти жеткире иштеп чыгышууда. Документ Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоону божомолдойт. Ага “жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү” түшүнүктөрү, ошондой эле бул учурда эмне кылуу керектиги боюнча, мындай учурларды болтурбоо жана алар менен күрөшүү механизмдери киргизилет. – Эмне үчүн зомбулук жана ыдык көрсөтүү боюнча кеңири түшүнүк берүү маанилүү? Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо же аларды минималдуу деңгээлге түшүрүү үчүн ага аныктама берилип, мыйзамга киргизилери менен бул баарынан мурда алдын алып иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Конвенция симптомдор жана кесепеттер менен эмес, стереотиптерди, басмырлоонун ар кандай формаларын жана башка факторлорду камтыган зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн себептери менен күрөшүүгө чакырат. Ал эми жаза чараларына келсек, анда келтирилген зыянга жараша административдик дагы, кылмыш жазасы да болушу мүмкүн. – Кыргыз Республикасында эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү Эмгек боюнча техникалык инспекция жүзөгө ашырат. Инспекцияга жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурлары орун алганда же чара көрүү үчүн кесиптик бирликке кайрылуу керек. Ал эми маселени натыйжалуу чечүү үчүн ишканадан баштап арыз берүүнүн жана кароонун так аныкталган механизмин мыйзамдарда алдын ала кароо зарыл. Бирок ал жерде маселе чечилбесе, анда Мамлекеттик эмгек инспекциясына же укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Жабырлануучулар унчукпай койбостон мындай учурларды ачыкка чыгарганы оң. Зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү билдирген түшүнүктөрдү сексуалдык контекстте гана карап, сөз кылбаш үчүн аларды кеңейтүү жана конкреттештирүү зарыл. ЭЭУнун 190-конвенциясы, биринчи кезекте, эмгектин коопсуз шарттарын түзүү жана аялдарга да, эркектерге да, башкача айтканда, бардык жумушчуларга бирдей тиешелүү зордук-зомбулуктун алдын алууну көздөйт. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанды аялдарга карата зомбулуктун бир нече фактылары таң калтырды, булар үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катары катталган. Ала качуу аракеттеринин арты кайгылуу аяктап, аялдарга сексуалдык ыдык көрсөтүү фактылары коомчулукта биринчи жолу ачык жарыяланган учур болду. Бүгүнкү күндө мындай учурлар “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын негизинде каралышы мүмкүн. Бул мыйзам иш берүүчү үчүн мындай кол салуудан коргогон чараларды көрүү зарылдыгын аныктайт. Бирок мындай фактылар болгон күндө да алар коомчулуктан кылдаттык менен жашырылгандыгы бир топ көйгөй жаратат. Мындан тышкары июнь айында Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана аны “Үй-бүлөлүк зомбулуктан жана аялдарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” деп атоо сунушталган. Ал мыйзамга ыдык көрсөтүү фактылары үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле аялдарга карата зомбулук үчүн административдик жазаны киргизүү сунушталган. Азырынча бул демилге ишке ашырыла элек. Кыргызстанда зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө байланыштуу маселелерди жөнгө салган мыйзамдар мындан ары да иштеп чыгууга муктаж экени азыртадан эле түшүнүктүү болду. Эгерде Кыргызстан бул документти ратификацияласа, анда бул эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү фактыларын алдын алуу үчүн улуттук мыйзамдарды кайра карап чыгууга реалдуу негиз болот. “ТАЛУУ ЖЕРИНЕ КАТУУ ТЕПТИМ” – Буга чейин сексуалдык ыдык көрсөтүү эмне экенин билчү эмесмин. Тилекке каршы, мен дагы кесиптешим тарабынан ушундай жагдайга кабылдым. Ага жумушка байланыштуу иштерди компьютерден көрсөтүп берүүсүн сурансам жаныма өтө жакын келип, ээгин башыма коюп, төшүн бетиме тийгизип, мурду менен чачымды аралап жыттап жиберчү. Ал мен дендароо болуп, эч нерсе кыла албай калышым үчүн атайын артыма туруп алчу. Башында аны тартиби жок адам деп ойлоп жүргөм. Сүйлөшкөн кызы бар болчу, аны катуу сүйөрүн элдин баарына жарыя кылып жүрчү. Бир жолу командировкага чогуу барып калдык. Бир нече күн бир бөлмөдө жашоого туура келип калды. Бир күнү уктап жатсам ал жаныма келип чечинтип жатканын сезип, чочуп ойгонуп кеттим. Башында аны сөз менен токтотконго аракет кылдым, болбой койгондо талуу жерине катуу тээп, кыйкырып салдым. Досторумдун аттарын айтып коркута баштадым, бул жардам берди. Бирок аларга даттанып, сабаткым келген жок. Милициядан жардам болбосун билгендиктен арыз жазган жокмун. Анткени бир да жолу сексуалдык ыдык көрсөтүп тийишкен адамга чара көрүлгөн окуяны көргөн эмесмин. Бирок башымдан өткөн окуядан кийин сексуалдык ыдык көрсөтүүнү жашырбаш керектигин, жашырса аянычтуу аяктаарын түшүндүм. Минура “БИР НЕЧЕ ЖЫЛ БОЮ ЭРКЕКТЕРДЕН КОРКУП ЖҮРДҮМ” – Тилекке каршы, менин башымдан өткөн окуя Кыргызстанда зомбулук катары саналбайт. Анткени бул окуя кечеде болгон жана мага кол салган адам таанышым болчу. Ал жигит менин кызуулугумдан, алсыздыгымдан пайдаланып ыплас ишин жасап салган. Эртең менен бүт денем көк ала болуп калыптыр. Ошол окуядан кийин коркуп калганга бир нече жыл бою мырзалар менен байланыштуу бардык мамиледен качып жүргөм. Айпери “БИЙЛИКТЕГИ 50 ЖАШТАГЫ КИШИЛЕР ТЕАТРГА ЧАКЫРЫШАТ” – Мени театрга чакырган 50 жаштагы кишилердин сунуштарын тамаша катары кабыл алып, калп күлүмүш болуп абалдан чыкканга туура келет. Бийлик өкүлдөрүнөн ушундай жийиркеничтүү сунуштарды уккандан кийин өзүмдү ылайга чыланып калгандай сезип, үйгө келгенден кийин катуу жышынып жуунам. Дайыма артымдан эркек киши келатканын көрсөм “кантип качып кетсе болот?” деп ойлонуп, ачкычымды камдап баштайм. Мендеги адилеттүүлүк сезими баарын ачык айтып, далилдеп берүүнү каалайт. Бирок физикалык жактан алсыз болгонум үчүн жашырып келем. Келечекте аялдар жана балдар коопсуздугу сакталган өлкөдө жашайт деп ишенем. Мадина “ДИРЕКТОРУМ СЕКСУАЛДЫК ЫДЫК КӨРСӨТЧҮ” – Мурунку жумушумдагы директорум асылып, сексуалдык ыдык көрсөтчү. Университетте окуп жүргөндө да окутуучум тийишип, кармалаган эле. Жаш болгонум үчүн коркуп, кандай реакция кылыш керектигин билген эмесмин. Азыр 10 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык компанияда иштейм. Бактыга жараша, бул жумуштун жазылган принциптери жана эрежелери бар. Сексуалдык ыдык көрсөтүү (харассмент) тууралуу да өзүнчө пункт бар. Эгер бул эрежелер бузулса, атайын бөлүмгө кайрылса болот. Нуриля Бул материал БУУ-ЕБдин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгеси тарабынан жана ЭЭУнун Бишкектеги пресс-кеңсеси менен биргеликте гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалган. Материалда берилген ойлор Европа Биримдигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын программа-долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз караштарын чагылдырууга тийиш эмес. Колдонулган белгилөөлөр кандайдыр бир өлкөнүн, территориянын же аймактын же алардын чек араларынын укуктук статусуна тиешелүү көз караштарды чагылдырбайт. Эгерде сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз төмөндө көрсөтүлгөн ишеним номерлерине чалыңыз. Ал жакта тажрыйбалуу психологдор иштешет. Алар менен каалаган жагдай тууралуу сүйлөшө аласыз. 111 112 Динара Абдыкадырова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Monsterbek
![]()
15.12.2021. 14:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу эже карындаштар эгерде сиздерге кимдир бироо сексуалдык харассмент "тийишип кармалоо" коргозсо уялбай эле агаларынызга же жакын инилеринизге айтыныз. Алар барып корсотуп койсун кандай болоорун! Эгер бироо сизди кармалап койсо сиз унчукпай койсонуз ал башка бироолорго да ошондой мамиле жасайт!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|