Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
Ансыз да атасына ызалуу жүргөн Эркиндин апасынын көз жашын көргөндө кыжыры кайнап кетти. Уул бала апасы үчүн дүйнөнү өрттөп жибергенге даяр. Эне менен эркек баланын ортосунда ушундай кубаттуу нерсе болот. Самара муну билдиби-билбедиби ким билсин, бирок дартын айтып баштады. – Атаң үйлөнгөндөн тартып мени тебеледи, тепседи. Баарына макул болдум. Жылдын төрт мезгилинде алмаштырыла турган аялдарына макул дедим. Көз көрүнөө курбумду ойнош кылды, көз жумдум. “Тагдырыма ушундай адамды жазыптыр, кантейин?” дедим. Эми өзүнүн кызы менен тең кызга ашык болуп жинди болуп калыптыр. – Эмне-е? Самара куду энесине эреркеген кичине кыздай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. – Апа, мага жөндүү түшүндүрчү. Ким экен, кайдан чыга калыптыр ал кыз?.. Самара өзү да байкабай калп айта баштады. Мындайда аялдардын фантазиясы да ойноп кетет эмеспи, өзү каалагандай түс кошуп баштады. – Болгон акчасын чачып, кымбат баалуу асыл таштардын баарын ага арнап жатыптыр. Ал тургай “үй алып берем” дептир. Жазышканын көрдүм. Тиги кыз буга макул окшойт. Эгерде атаң бул кыз менен жакындашса, анда мени менен ажырашат. Үйдөн чыгып кетет. Мен билип турам муну... – Жок, түшүнбөй жатам, ал кызды кайдан билип жүрөсүң сен? – Атаңдын телефонунан көрдүм. Чачылып-ачылып “үй сатып берем” дептир. Эркин, бул жолу атаңды токтотсоң сен токтотосуң! Эркин эч нерсе ойлоно албай калды. Мүнөзү ушундай жигит эле, эмоциясын башкара албай калчу. Бул жолу да ушундай болду. Апасынан ал кыздын социалдык тармактардагы баракчасын алды. Түзүк өңү-түсүн карап да койгон жок. Ызырына дароо дал өзүндөй эсирип турган досуна чалды. – Эрик, срочно кел. Бирөөнү ордуна койбосок болбой калды. – Салам, дос, мен жаңы эле уктагам, ананыраак чалчы...- деди уйкусураган ал. – Мен сага айтып жатам го, тез жолугалы. – Экөөбүз таң атканда ажыраштык го, эми эле кайра сагынып калдыңбы? Мен жаңы уктадым. Азыр мени бомба менен атсаң да тура албайм, дос. – Ээй, мен сага тез кел дедим го. Макул, кечинде жолугалы. Санжарды ээрчите кел, экөөңдө иш бар. – Сашканы дагыбы, мейли. Хоп, шеф. Телефон өчтү. Бирок Эркин жанын коёрго жер таба албай жатты. Ушунча жылдан бери жыйылган атасына болгон ызасы көкүрөгүн куйкалап жатты. Эркин ара төрөлүп, чабалыраак болуп, апасы менен кичинекей Эркинди чоң энеси айылга алып кетип телчиктириптир. Атасы иштери боюнча 4-5 жыл шаарда жалгыз жашап жүрүп, кийин келинчегин алдырыптыр. Аскар деги эле келинчегин шаарга алып кете турган ою болбогон окшойт, чоң энеси урушуп жатып кошуп бериптир. “Бул да бирөөнүн баласы. Эмнени кор тутсаң ошого зар болосуң, балам. Сен шаарда, келинчегиң айылда, ошондой кантип жашоо болсун? Эркинди мен алып калайын, Самараны алып кет. Күйөөсү бар туруп Кудай урбадыбы, кайын ата-кайын эне менен жашай бермек беле? Уулуң 5ке чыкты, дагы балалуу болосуңар. Алып кет” деп катуу айтып кошуп бериптир. Апасы шаарга кеткен убак Эркиндин эсинде катуу сакталып калды. Дайыма апасынын этегине жабышып жүргөн бала бир караса эле апасы жок. Куса болуп ооруп калган. Апасы ошондо айлап келген эмес. Дагы жакшы, чоң энеси мээримге бөлөп жанынан чыгарчу эмес. Болпойгон Эркин ошол убактан баштап ызакор, чыр бала болду. – Кана сенин өз ата -энең?- деп чычалаткан балдарды өлөр-тирилерине карабай уруп салчу. Бети-башы көк ала болуп келген аны чоң энеси жуундуруп бооруна кысып, өөп калчу. – Ачууну басканды үйрөн, балам. Так чоң атаңды тартып калыпсың. Акылың дайыма ачууңдун алдында болушу керек. Апаңа куса болуп жүрөсүң, билем. Ата-энең да эмнеге келбей калышты билбейм. Мейли, алар келбесе, мен алып барып келем. Чоң энеси Эркинди биринчи жолу шаарга алып келди. Ошол жылы 1-класска бармак, ошондуктан эсинде баары сакталып калса керек. Балалык акылында апасы аны таштап кеткени үчүн жазалайм деп ойлоп барган. Бирок анын таарынганын эч ким билбеди. Чоңдор өзүнө тааныш эмес бир сөздөрдү сүйлөшүп жатышты, чоң энеси уул-келинине ыраазы болуп жаткандай. – Оокатыңарды жакшы кылып жатыпсыңар, көңүлүм тынчып калды. Бирок Эркинди куса кылып келбей койдуңар. Апасын сагынганда айлана-тегеректен бала калбай уруп баштады. Баары арызданып келет. Ошого тээ Ат-Башыдан бери болсо да алып келейин дедим. Болбосо менин жолго жүрө турган акыбалым бар дейсиңерби? Эркин апасына тултуюп карады. Самара өөп коёюн десе болбойт. “Кайда жүрдүң, мен сагынбадымбы?” деп айта албай буулугат. Болбой эле өөп-жыттап жатып апасы жибитип алды. – Сен эмне мени таштап кеттиң?- деди ал түн кирип апасынын коюнуна киргенде чоң энеси угуп калбасын деп аяр шыбырап. – Ушундай болуп калбадыбы, балам. – Сен эмне, мени сагынган жоксуңбу? – Сагындым, бирок... Апасы ошондо эч нерсе деп айта албай ыйлап жиберген. Эркиндин жүрөгү ошондо бир мыкчылган. Апасын ыйлатып жаткан, өзүнө жибербей жаткан атасы Аскардай туюлган. Атасы менен ортосу өтө алыс эле. Бир жылуу тиктеп койгону болбосо, кучактап өөп, жыттап жакшы сөз айтып көргөн эмес. Кийин деле ошол ортолорундагы аралык калып калды. Эки-үч күн жүргөндөн кийин чоң энеси Эркинди ыйлаганына койбой алып кетти. Чоң энеси да эмес, күчтүү колдору менен капшыра кармап туруп машинеге салып берген атасы Аскардын катуу колдору баланын түбөлүк эсинде калды. Кийин чоң атасы, артынан тез эле чоң энеси каза болуп 16 жашында Аскар менен Самаранын колуна келди. Мурун “өз ата-энеме барсам, алар да мени өз баласындай жакшы көрсө, чогуу отуруп тамак ичсек” деген балалык кыял бар эле. Келгенде килейген чоң особнякта жашаганы менен, өзү кыялдангандай чогуу тамактануу, төгүлүп сырдашуу болбоду. Атасы үйдө дээрлик жок, апасы болсо анын жолун күзөтүү менен алек. Кыялы бырын-чырын болду. Деги эле өзүн күткөн, сүйгөн адамдар аз тура. Эки карындашы кичине эле. Айылда мыкты окуучулардын катарына кирген Эркин шаарга келип окуусу начарлады. Ызакор, жини чукул, кимди болбосун аябаган катуу жигитке айланды. Ошентип жылдар өтө берди. Эркиндин ички дүйнөсү менен эч кимдин деле иши болбоду. Аскар өзүнүн саясий карьерасы, бизнеси, атаандаштык менен алек болсо, Самара күйөөсүнүн статусу менен, өзү айткандай, төрт мезгил сайын алмашып турган аялдары менен эле... Эшик тыкылдады. Эркин уктай албай жаткан эле, башын көтөрүп карап калды. – Эркин, сен эмне кылмак болдуң? – Эмнени? – Тиги кызды? – Камсанаба дебедимби, мен ага өз ордун билдирем. Сен эч кимге ал кыз тууралуу билериңди айтпа. – Ошент, балам, сен атаңдан кийинки үйдүн ишенген адамысың. Үй-бүлөнүн намысын коргош сенин колуңда. Бирок атаңа билдирбе, экөөңдүн ортоңордо түшүнбөстүк болушун каалабайм. – Макул дебедимби, апа... – Эс ал анда. Сага ишенем! Кийин Эркин ушул сөздү көпкө кайталап жүрдү. “Сага ишенем... Аттиң, апам ошондо мага ишенбесе эмне, ошол күнү мен кеч келип калсам, апамдын ыйлаганын көрбөсөм, мага ушул нерсени айтпаган болсо, ушул окуялар болбосо” деп бармагын тиштеген учурлар болду. Бир кетирген катасы үчүн ал өмүр бою жооп бере турганын ошол күнү билсе кана?.. ххх – Ии, доске, эмне болду?- кечинде жалаңдаган эки досу Эрик менен Санжар Эркин чакырган жерге келип калышты. – Иштер бар,- деди сырдуу сүйлөгөн Эркин. Эрик каркылдап күлүп калды. Бул да бир чиновниктин эрке баласы. “Дүйнө менин айланамда гана айланат” дегендердин бири. Кудай акыл эле эмес, өң-келбет да бербеген экен, капкара көздөрү чанагынан чыга жаздаган, бир тиктеген киши коркуп кача тургандай жигит болчу. Санжар ага караганда сыпайы, бирок анда да кара өзгөйлүк бар, акчага, бийликке умтулган, көөдөнүндө бир жылуулук жок жигит эле. – Санжар, сен окууңду бүткөндө атамдын компаниясында иштегиң келип жатпадыбы беле? – Ооба, эмне экен? – Сага мүмкүнчүлүк, бир ишимди жайгарып берсеңер, мен атам менен сүйлөшөм. – Сен сүйлөшсөң эле ала калат бекен жумушка?- деди Санжар кууланып. – Убада берип, аткарбай койгонумду көрдүң беле? – Жок. – Анда болду да. – Деги эмне кылат экенбиз? – Бир кызды коркутуп коюшуңар керек. – Кызды-ы, сонун тапшырма го,- деди Эрик жагымсыз каркылдап күлүп. – Баягы бир 4-курстун кызын коркутуп чет өлкөгө кеткенге мажбур кылдыңар эле го. Дал ошондой кыласыңар. – Сашкага го жумуш, мени эмне менен алдайсың? – Сенин дарың менде!- деди Эркин чөнтөгүн сыйпалап. Эрик баңги жинди экенин жакшы билет эле... – Макул. – Эч ким билбесин. Ишиңерди кылып, жок болуп кетесиңер... – Ал го макул, бул кыз сага эмне кылды?- деди Санжар шектенип. – Карабай койду да, болбосо эмне?- деди Эрик. – Ага башыңар оорубасын!- деди чарт эткен Эркин. Эркин шаарга келгенде үчөө бир мектепте окушкан. Ошондон бери бири-бирин билишет. Чарт эттиби, демек, иш чатак. – Коркутуп гана коёсуңар, макулбу? “Жерге түш, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузганды сага ким койду?” дейсиңер. – Ким деги? Кызды айтчы... Эркин телефонун алып чыгып сүрөтүн көрсөттү. Сүрөттөгү Айсулууну көрүп экөө тең бири-бирин тиктеп калышты. – Периште го,- деди ышкырган Санжар. – Ух, ты!- деди көздөрү күйүп кеткен Эрик... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|