ЖЕР ШАРЫНДА КАЙСЫ ЖЕР ЭҢ ЫСЫК?
№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
Эң ысык жер аталышына ээ болууга бир нече жерлер атаандашат. Мисал келтирели.
Ирандын чыгышындагы Деште-Лут чөлүндө жайында куйкалаган ысык өкүм сүрөт. 2005-жылы абанын температурасы +70,7 градуска жеткени катталган. Бирок айрым учурларда +80,8 градуска чейин жете турганы да айтылат. Даште-Лутта эсепсиз кум дөбөлөр бар, бирок алардын бири дүйнөдөгү эң бийик кум дөбө деп аталат. Анын бийиктиги 407 метрди түзөт.
- 1922-жылы 13-сентябрда Ливиянын Эль-Азизия шаарында абанын температурасы +58,2 градуска жеткен.
- 1913-жылы АКШнын өлүм өрөөнүндөгү Фернес-Крик ранчосунда жайында +56,7 градус температура катталган, ал эми 1972-жылы ошол эле жердеги жердин бети +93, 9 градуска ысыган. Эскерте кетсек, аталган аймакта адамдар өтө аз жашашат. 2000-жылдагы эл каттоодо 31 адам жашары белгилүү болгон. Ал жерди бир нече кылымдардан бери индейлер байырлап келгени маалым. Учурда да көпчүлүгүн индейлер түзөт.
- Эң жогорку орточо жылдык температура Эфиопиянын Даллол аймагында катталган, ысык +34,4 градус.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0