Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№996 7-13-январь, 2022-ж.
Санжар бир аз болсо да Эрикке караганда сак болчу. Сүрөттү бир карап, берки экөөнү бир карап көздөрүн ирмегилеп туруп калды. Оюнда бул нерседен баш тартсам деп турат, бирок... – Ошондо бул кыз ким? Аркасында ким турат? Бир аз абайлаш керек эмеспи?- деп келе жатты эле, Эрик күрөктөй колу менен далыга уруп калды. – Эмне, корктуңбу? Энеңди, жаман коркоксуң сен! Корксоң келбе мени менен... – Корккон жокмун, кийинкисин ойлонолу да. Эркин сөзгө кошула берди. – Аркасында эч ким жок, аркасында бирөө-жарым болгон кыз буга окшоп денесин сатпайт. Болгондо да... “Атасындай адамга” деп айткысы келди ал, бирок токтоп калды. – Коркутуп койгула!- деп күңк этти да, алдында турган бокалды көңтөрүп туруп кетти. ххх Күн нурлары жарык тийген май айларынын жумшак күндөрүнүн бири болчу. Ушул күндү кийин тергөөчү кайра кайталатып эстеткенде Айсулуунун эсинде так ушул жаркыраган күн калган экен. Жарык болчу ошол таң... Каргашалуу күн болору деле капарында жок өзгөчө аткан таң эле. Уйкусунан ойгонгон кыз шашкалактай берди. Рюкзагына пуантысын салып, кийимдерин иреттеп жатканда бөлмөсүнө апасы кирди. – Кутман таң!- деди ал кызына башкача мээрим менен карап. – Апа, эмнеге эрте турдуң? – Айсулуу, мен сени менен бир нерсени сүйлөшөйүн деп убакыт таба албай жүрөм. Мен барда сен машыгуудасың же окуудасың, сен бар болгондо мен жумушта... – Мен бүгүн эрте келем, апа, анан сүйлөшөлү. Бирок эмне болду, маанай анча эмес го? Атам экөөң урушуп калдыңарбы? Альфия кызын узакка тиктеп турду. Экөөнү тамчы суудай окшош дешет. Качандыр бир кезде өзүндө ушундай таза, ишенчээк көз караш болду бекен? Ким билет? Өзүн билгени ал сак, дүйнөгө суктук менен караган, ашыкча кумарлуу адам эле. Бул андай эмес. Атасы экөөнүн ажырашканы жатканын укканда кейийт, атүгүл жашоого болгон ишеничин да жоготушу мүмкүн. Бирок өзү айтканы туура, башкадан укса мындан кыйын болот. – Атаң экөөбүз сени жакшы көрөбүз. Муну билесиң да... Бирок жашоо дайым эле биз каалагандай болбойт, кызым. – Апа, кечинде сүйлөшөлүчү, мен шашып жатам. Билесиң, Питерге даярдык жүрүп жатат да азыр. – Жок дегенде эртең мененки тамакты ич. Эне менен кыз ашканага киргенде куурулган жумуртка менен кофе даярдап атасы күтүп отурган экен. – Ата, ой, рахмат. Жакшы болбодубу, тамак даярдап отурбай иче калып кетип калайын. – Ооба да, менин уйкучу кызыма деп өзүм даярдадым. Эртең менен канча шашып жатсаң да тамак ичип жүр. – Эч кимдин меникиндей атасы жок да,- деп эркелеген кыз атасын жүзүнөн чоп эттире өөп алды. Жаркыраган кыз дайыма ушундай маанай тартуулайт атасына. Анвар ичи жылый карап турду. – Келгиле селфи кылалы менин жаңы телефонума, ата, апа, келгиле үчөөбүз... Ой, бир аз жакындашсаңар, эки, чи-и-з деп күлүп койгула. Апа, сен жакшы күлбөй калдың, кайра... Кийин Айсулуу ушул күнү селфиге түшкөн сүрөттөрдү көп эстеди. Атасынын чарчаңкы жүзү, апасын өзүн зордоп жылмайганы, өзүнүн күлүңдөгөн көздөрү... Ушул сүрөттү кийин көп тиктеди. – Чау, мен кеттим. Ордунан турган кызын экөө эмнегедир өөп узатышкан ошондо. Аябай жылуулук менен узатышкан. Көрсө, бактылуу күндөрүнүн акыркысы ошол күн тура. Эшик жабылганда үйдүн бардык шаңы кызы менен кеткендей томсорушту. – Бул кыз качан чоңоёт, эч нерседен кабары жок,- деди улутунган Альфия. – Азыр эмес, убагы келгенде билсин. Экзамендерин жакшы тапшырып, Питерге барып келсин. Көңүлү алагды болбосун башкага... – Сага окшош. Сендей ишенчээк, эч нерсенин баалуулугун билбейт. Туулган күнүнө белек кылган бриллиант кутусунан чыкпаган боюнча турат. – Хм, сендей болушун каалайт белең? Мен, мисалы, каалабайм. Кудай дайыма ак адамдардын тарабында болот. Альфия күйөөсүн ушундай жек көрө тиктеди. Ансыз да ооруп турган жерине тийди бул сөз. Эч нерсе деп айтпай чыгып кетти. Анвар да жумушуна кетти. ххх – Сен бүгүн көпкө машыктың, азаматсың. Бийлеген техникаң жакшы. Балетте техника менен чогуу эле эмне керек билесиңби? – Эмне керек? – Сахнада жашаш керек. – Мен жашайм. – Баарын унутуп, сен жана музыка гана калыш керек. Ичиңдеги толгонуу... Биз бий менен кайгыны да, кубанычты да бере алабыз. Техника менен сахнада жашап бийлөөнү айкалыштырганда гана чыныгы балерина болот. – А мен чыныгы балерина боло аламбы? – Албетте, алтын кыз. – Рахмат сизге, Татьяна Ларова. Сиз эң мыктысыз! – Кеч болду, эми кетели,- деди Айсулууга Татьяна Ларова. – Жок, сиз кете бериңиз, мен дагы машыгам. – Жалгыз калба. Үйүңө тез кет! – Камтама болбоңуз, үйүм жакын го, тез эле жетип калам. Азыр терим сууй электе дагы жакшы даярданып алайын деп жатам. – Макул, көрүшкөнчө... Машыктыруучусу кеткенден кийин Айсулуу суу ичти. Кайра бийлеп баштады. Ага ушул жерде жалгыз калган жакчу. Өзү менен өзү калганда гана ал кыялындагыдай бийлечү. Кумар менен бийлечү. Ошентип жатып убакыттын кандай өткөнүн билбей калды. Эшикте кимдир бирөөнүн шыбыртын укканда гана токтой калды. Жүздөрүнө бет кап тагынган бейтааныш эки жигит кирип келди. Бири бою узун, далылуу, экинчиси чаканыраак. – Силер кимсиңер?- деди коркуп кеткен кыз. Үн катпай жакындай беришти. Чаңырып жиберди. Сыртта музыкалык окуу жайдын кароолчусу гана калган, ал дагы музыканын катуу чыккан үнүнөн укпай калды. – Кыйкырба!- деди киркиреген үн менен бири. – Эмне керек силерге? – Сен керексиң! Экинчи элдин эркегине көз артпай жүрөт экенсиң! Ошону эскертели дедик. Күрөктөй муштум менен назик кыздын жүзүнө бир тийди. Тоголонуп кетти. Эс-акылы эңги-деңги. “Эмне болуп жатат, ким булар?” деген алдастаткан коркунуч бийледи. Эрик менен Санжардын оюнда коркутуп гана коюш бар болчу. “Экинчи бийлей албай тургандай кылгыла” дегенди эстеп кетти Эрик. Бутун кайрып жиберди эле, сынып кетти. Кыз эсин жоготуп сулк жатып калды. – Жүрү, кеттик,- деди Санжар акырын шыбырап. – Жо-ок, кетпейм мен. Көрдүңбү, кандай кыз. Сенде балерина болду беле?- деди беркиси. – Акылыңа кел!- деди титиреген үнү менен. – Барчы ары, эшикти жаап кой!- деди тиги жаалданган үн менен. Куду жеген тамагына тап коё турган жырткычтай коркунучтуу эле. – Акмак болбо! Бас, кеттик. – Жогол, коркок десе... – Өзүң бил...- деген Санжар чыга качты. Алдында жаткан сулуу кыздын сулк денеси беркинин кумарын козгоп жиберди. Акылын тумандаткан оюнан кайта албай турду. “Мурда деле болбоду беле, эч нерсе болбойт, мага эстей жүргөнгө...” Далдайган караан жакындап келе жатты. Денесин жулмалап жатканда эсине келди кыз. Бакырайын деди эле, күрөктөй колдору менен оозун жаап салды. Акылынын бир бурчунда өзүн кордоп жаткан адамдын туруп баратып каркылдап күлгөн күлкүсү болчу. Тунарып бараткан акыл-эсинде ушул күлкү гана калды... ххх “Тез жардам” бригадасынын башчысы Тилек араң жан келген кызды көргөндө нес болуп калды. Үңүлүп калды. – Ким бул? – Балерина экен, кол салуу болуптур. Кароолчу чакырыптыр. – Эсинде элеби? – Жок, эсин жоготуп коюптур. Буту сыныптыр, мээси чайкалыптыр. Дагы... – Акмактар! Айбандар!- деп бакырып жиберди Тилек. Бул Айсулуунун аяш атасы Тилек болчу. Алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин шашылыш Анварга чалды. – Дос, тез кел бизге... – Эмне болуп кетти, тез арада жасай турган операция чыктыбы? – Жок, башка... – Тилек, үнүң жаман сенин, эмне болду? – Айсулуу... – Айсулууга эмне болуптур? – Дос, кел, келгенде айтайын, тез кел, сураныч...- деп коё салды. Андан башка нерсе айтканга акылына эч нерсе чүргөлгөн жок. “Келгенде билсин” деди. Альфияга телефон чалды. Өчүк экен. Анвар кантип ооруканага жетип барганын билбей калды. Тилекти көрө сала аптыгып кетти. – Жүрү, кабинетиме... Уккан кулагына ишене албай калды. Аз убакытта Анвардын дүйнөсү ала салып кетти. “Ким кылды муну? Эмнеге менин кызым? Кантип?” деп жатты кургаган эриндери менен. – Мээси чайкалыптыр, буту томугунан сынып кетиптир, анан... – Эмне? – Зордукталыптыр... Анвардын чакчайган көздөрү Тилектин эсинде калды. Башын чайкап ишенбей турду. Мезгил, убакыт токтоп калгандай бир абал болду. ххх Дарынын күчү менен уктап жатты кыз. Бирок эсине келип-келбей атасынын дирилдеп ыйлап жатканын билди. “Ата, ыйлабачы, мен жакшымын” деп айткысы келет, бирок тили күрмөөгө келбейт. Кайра эле айлампанын ичинде түшүп келгендей эсине бир келип, бир келбей жатты. Каргашалуу күндүн кийинки таңы атты. Альфия өзүнө келген телефон чалууларды эртең менен көрдү. Кийинки учурда уктай албай, уйкусуздуктан уйкунун дарысын дозасынан көп ичип алган эле. – Айсулуу?- деп барып кызынын бөлмөсүнө кирип жыйналып турганын көрдү. (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|