
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондук округдары боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин 12-январга карата 26 жаран билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт. Талапкер болууну көздөгөндөрдүн катарында Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Шайлообек Атазов, Ирина Карамушкина бар.
Былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо аталган эки округдан жеңүүчү аныкталган эмес. Бюллетендеги “баарына каршы” пунктуна баарынан көп добуш берилген. Тагыраагы, баарына каршы деп Биринчи Май районунда шайлоочулардын 32,92 пайызы, Свердлов районунда 37,48 пайызы добуш берген эле.
Аталган округдар боюнча кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өткөнү жатат.