
"Кумтөр” кени тышкы башкарууга өткөн 1 жылдын ичинде 14,5 тонна алтын казды. Бул тууралуу 18-январда “Кумтөрдүн” убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Министрлер кабинетине отчёт берип жатып билдирди. Ишкана 2021-жылы салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча мамлекеттик казынага 13,6 миллиард сом которгону айтылды. Алтынды сатуудан жалпы 856 миллион доллар киреше түшсө, мунун 621 миллион доллары тышкы башкаруунун учуруна туура келет. “Кумтөр” 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын казууну пландап жатканын билдирди Тенгиз Бөлтүрүк.
Эскерте кетсек, 2021-жылы жазында "Центерра" компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кетип, "Кумтөргө" сырттан башкаруу киргизилген. Ушул тапта "Центерра" менен Кыргыз бийлигинин ортосунда эл аралык соттук териштирүүлөр жүрүүдө. "Центерра" жетекчилиги менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүрдү, тараптар бир пикирге келише элек. Эки тарап тең өз шарттарын коюп жатышат.
Лунара Бекиева