Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
Кыз терс бурулду. Ички туюмунда ал деле бир нерсени сезип жүргөн. Бирок ачык моюнуна алып апасынын көңүлдөшү бар экенин ойлонгусу келген эмес. Альфия карбаластап керебеттин четине отурду. – Мен сага айтайын деп жүргөм. – Эмнеге, апа? Эмнеге мындай кылдың? – Сүйдүм, кызым. Катуу сүйдүм болгондо да... – Бир кезде атамды да катуу сүйүп, 18 жашыңда качып барып баш кошкон экенсиңер... – Биз анда... Анвар экөөбүз тең бала болчубуз. Биз чыныгы сезим эмне экенин билген эмеспиз... – Демек, ал сүйүү чыныгы сезим эмес болчу дедиңиз, ээ? Көрсө, сезимдерди да алмаштырса болот тура. А эмнеге атамдыкы алмашкан жок? Эмнеге баарын билип туруп жашап келди? – Сен үчүн... – Менби? – Биртке чоңойсун деди. Биз ажырашууну эбак эле чечкенбиз. Кыз терс карады. Жаны ооруп жатты. Ооруданбы, же азыр уккан нерседенби, билбей турду. – Сен мени азыр түшүнбөйсүң, балким, бирок кийин өзүң чоң сүйүүгө кабылганда билесиң. – Сени көргүм келбей жатат, апа. Таң атары менен кет, экинчи келбе. – Кызым... – Чечимиң бекем болсо, кайда жашаарыңды да ойлонуп койсоң керек, атам экөөбүз... – Сени мындай абалда таштап кете албайм. – А мен мындай абалда сени апа катары кабыл ала албайм. Менин апам жок! – Мдаа, мен сени чоңоюп калды, менин кызым баары бир апасына боору ооруйт деп ойлогом. Сен, көрсө, чоң апаңдын кызы боюнча калыпсың. – Мен ушул абалда жатканда палатамдын маңдайында сүйгөнү менен кучакташып турган аялды апа деп айта албайм. Айсулуу терс бурулду. Апасы шалдайып турду да, палатадан чыгып кетти. Таң атканда Анвар келип аялынын сыртта басып жүргөнүн көрдү. – Эмне болду? – Кызың мени кет деди. – Эмне-е? – Аскар келген кечээ мага, аны көрүп калыптыр. Жини келип жатат. Кыз ойлонуп терезени тиктеп турду. Сыртта ата-энесинин кебине аргасыз кулак төшөйт. Анвар жаны кашайып жатты. Аялы болсо амалкөйлүк менен Аскар мээсине киргизип койгон нерселерди айтып жатты. – Бул ишти казыштын кереги жок. Айсулуу ансыз да араң турат, сот болот, түрдүү суроолорду беришет. Биздин кызыбыз ошону көтөрө алабы? Андан көрө эч нерсе болбогондой жашоосун улантсын. – Сенин мээң ордундабы?- деди Анвар, – Эч кандай жазасыз эле ал акмактар көчөдө жүрүшөбү? – Айсулуунун мугалимдери адилеттик талап кылып телеге чыга коюшту. Элге билгизбей эле... – Туура кылышты, эмнеге менин кызым уялышы керек? Эмнеге менин кызым үнсүз кала бериши керек? Күнөөсү жок болчу менин периштемдин, ал адамдарды атүгүл тааныбайт экен. – Атыбыз элдин баарынын оозунда болот, эртеңки күнү эмне болот, бир ойлончу. Дагы алдында бүтүндөй бир өмүр бар. Турмушка чыгышы керек... Жаралары айыгып кайра жашоосун улантышы керек. Элдин баары билсе... – Эл менен ишим жок менин, эмне десе ошо дешсин. Кызым да жашоосун улантат, ал сен ойлогондой акылсыз кыз эмес, күч табат, жашап кетет. А мен акмактарды табам да, мыйзамдын күчү жетпесе өзүм жазалайм. Анан барам барчу жерине... – Мээң ордунда эмес сенин... – Бизге жардамың жок болсо кет, Альфия. Мен сени көргүм келбей жатат. – Ал менин да кызым, эмнеге кетем? Анвар аялды ушундай бир акырая карады. ххх Айсулуу дале терезени тиктеп турду. Кечээ эле кучагына күн бата тургандай бактылуу, шайыр, аалам тегиз болуп турбады беле. Бир нече сааттын ичинде баарын колунан алып коюшту. Мындан ары эмне болот, бутунан гипс чечилгенде бийлей алабы? Өзүн эң бир жакшы кесипке даярдап жүргөндө балетти таштап кетүү керек болобу? Деги эле мындан ары кандай жашайт? Суроолор көп болчу. Палатага кирип келген атасын көрүп жаштарын сүрттү. – Айсулуу? – Сен туура айтып жатасың, ата. Мен алардын жаза алышын каалайм. Эл эмне десе ошо десин. Мени бул абалга кептегендер жазасыз калбасын. Ата, бул үчүн колубуздан келгенин кылабыз. – Мен сенин жаныңдамын, кызым. Билем, кыйын болот. Бирок биз жеңебиз. Азыр сага адамдар келет, болгон окуяны сурашат. Сен баарын айтып бер, макулбу? Айсулуу башын ийкеди. Эки күндөн кийин ал үйүнө чыгып келди. Атасы дайыма жанында эле, апасы болсо бир нече күндөн кийин кийимдерин алганы келди. – Кет эле, кет деп атаңа кошулуп куудуң. Мени түшүнгөнгө аракет деле кылган жоксуң. Кетип жатам мен... – Кайда? – Азырынча батирге, бирок аз убакыттан кийин баары өзгөрөт. Биз баш кошобуз! – Ал адам сага чындап эле үйлөнөбү, апа? – Ооба. – Макул, бактылуу болгула. – Расмий ажыраштык биз. Үйдү атаңа калтырдым. Бири-бириңди жакшы карагыла,- деди Альфия жай үн менен. Кызына көп эле нерсени айтайын деген, бирок... – Эсиңдеби, чоң апам каза болгондо мен 12 жашта элем. Өмүрү көрбөгөн шаарга биринчи келдим. Кыйын болду, бирок атам мага жардам берди. Балерина болууну каалаганымды билип окуу жайга алып барган да атам болчу. А сен бизди үйдө күткөнсүң, биз бактылуу элек, апа. Силерди билбейм, бирок мен ата-энемдин жанына келгениме, ушундай сулуу апам, мээримдүү атам бар экенине бактылуу болчумун. Мунун баары качан бүттү? Эмнеге талкаланды? – Мен... Башканы сүйүп калдым. – Мдаа, ошол сүйүүң биз жоготкон нерсенин баарына барабар болсо анда кеткениң туура. – Мен ал адамсыз жашай албайм. Атаң муну эбак түшүндү, коё берди, сен эмнеге... – Макул, апа, кийин өкүнүп калбасаң болду. Альфия башын чулгуп алды. Анда бактылуу болбосом да, бактылуу болсом да мен кетем деген кашкөйлүк бар эле. Апасы кеткен күнү Айсулуу кечке ыйлады. Түнү менен ооруканада болуп, эртең менен келген атасы кызынын жүзүн көрүп чочуп кетти. – Эмне болду, кызым? – Апам кетти... – Кетсе жакшы болуптур, биз муну чечпедик беле. Сен эмне ыйладың? Башка себеп жокпу? – Сен капа болгон жоксуңбу? – Жок, кызым, бул эбактан эле чечилген нерсе болчу да. – Эмнеге мындай болду, ата? – Отурчу, кызым,- деди атасы чарчаңкы. – Жашоо биз каалагандай болбойт, кызым. Кайсы бир жеринен тайгаланасың, бир жерден бактылуу эмес экениңди сезесиң, өзүңө жаңы жол сызгың келет. Апаң экөөбүз 18 жашыбызда баш коштук, ойлосом, экөөбүз тең жаш экенбиз. – Сүйүү бүтүп калды деди апам... – Хм, ошондой дедиби? Чынын айтсам, кызым, чыныгы сезим бүтпөйт. Адамдар алсыз болуп өздөрү баш тартканда ушундай нерсени ойлоп табышат. Актануу керек болот. Мисалы, кайсы бир учурда сен мени сүйбөй калышың мүмкүнбү? – Жок, атаке. – Жакында 18 жашка чыгасың, сен да жолугасың өз адамыңа, башыңды чайкаба, кызым. Жашоо ушуну менен бүтүп калбайт. Сен бактылуу болосуң, балдарың болот. Баары жакшы болот, эркем. А апаңдын күнөөсү жок. Балким, мен ал каалагандай боло албадым. Ал каалагандай өзгөрө албадым. Менин да күнөөм бар. – Сен эмнеге мынча жакшы кишисиң, ата? Сен мени таштаба, макулбу? – Мен кызымды таштап эч кайда кетпейм. ххх Альфия чыгып кеткенден кийин батирине барды. Ичинде жаңы жашоону баштай тургандай өзгөчө бир сезим бар эле. Аракет кылып өзгөчө тамак да жасады. Жасанып да алды. Аскар экөөнүн жаңы жашоосу баштала тургандай эле. Бирок телефонун албай жатты Аскар. Маанилүү жыйын го дегени менен, сааттын жебеси жылып 12ге келип калды. Ызасы тамагына кептелип калды. Же уйкусу жок. Аскар телефонун карады, Альфия телефон чалыптыр. Санап көрсө 30 жолу... – Кутуруп кеткенби бул катын?- деп таң кала берди да кайра телефон чалды. – Алло... – Аскар...- деп эле ыйлап жиберди. – Ой, эмне болуп кетти? – Сен мага бүгүн келем дебедиң беле? – Эми ошого да ыйлаш керекпи, унутуп калыпмын. – Аскар, азыр кел, келбесең кайдан болсо да табам сени. Мен сени көрүшүм керек... “Катын жинди болуп баратабы, макул, түшүндүк, сүйүү экен, бирок Кудай урбадыбы, жаш кыздардай болуп такыр эле...” деп наалып алды Аскар. Бирок барбаса да болбойт, мындай учурда чырдын кереги жок. Эшиктен киргенде эле атырыла моюнуна асыла берди Альфия. – Мен сенсиз жашай албайм...- деп солкулдап ыйлап алган. – Келбедимби эми, болду ыйлаба,- деп күлүмсүрөмүш болду Аскар, ичинен жаны кашая жини келип жатты. – Аскардын кучагында жаткан Альфиядан Аскар эмнегедир сурап калды. – Сен татар кызымын дедиң эле, ээ, Альфия? – Ооба, чоң таятам Ысык-Көлдүн бай адамдарынан болгон экен. Кийин кулакка тартылып кетиптир. Апам татар кызы, ата жагымдан чоң энем түрк улутундагы аял экен. Чоң атам кыргыз... Кыскасы, бир топ кандардын аралашмасы бар. – Ошол үчүн кумарлуусуң, алтыным... – Аны деле билбейм, бирок ичимде бир булкуп жаткан күч вулкан сымал атылып кеткендей өзүмдү бирде секелектей, бирде баарын көргөн кары адамдай сезем. Бирок дайыма сезчүмүн менде жапайы бир кумар бар экенин, кайсы бир адам ойготсо катуу кетеримди... Сен жолуктуң, бактымабы же шорумабы, билбейм. Анвар мендеги бул нерсени эч эле байкабады. Ал турган турушу менен токтоо, так, бир сызык менен жүргөн адам. Сендей авантюрист эмес, сага жолукканы ичимдеги катылып жаткан жиндилик кошо чыгып кетти... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Gulina00
![]()
31.01.2022. 14:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ол жинди катын.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|