Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Токтобек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КӨШӨРҮП ШААРГА КЕТИП КАЛБАГАНЫМДА ЫРЧЫ ЭМЕС, ЧАБАН БОЛМОКМУН”№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
– Мен жайлоодо төрөлдүм. Төрөлгөндө эле бир тишим бар экен. Мен төрөлгөндө желеден бир карагер бээ ургаачы кулун тууптур. Кулундун желини бар экен. Чоң энем ырымдап кулунду саадырса бир аз сүт чыгыптыр. Ошону менен мени оозандырып, ушул бала менен ырыскылаш болгула деп жайлоодогу кичинекей балдарга ооз тийгизип жышаналаган экен. Ыраматылык Зияда деген чоң энем өзү сөзмөр, кат-сабаты жоюлбаса дагы улуу акындардын ырларын жатка айтчу. Үйдө улуусу агам, андан кийин төрт кыздан кийин мен төрөлдүм. Дордошум деп мени эркелетишип Ай да, Күн да болуп жүрдүм. Атам кой кайтарып чарчап келгенде карындаштарым менен концерт коюп, ырдап берчүбүз. Комузду кичинекейимден эле үйрөндүм. Чоң энем арчанынбы, карагайдынбы, комузга окшош дүмүрүн таап алыптыр. Байкуш киши ошону эринбей бычак менен жонуп отуруп комузга окшотуп жасап, ага атамдын комузунун эски кылын тагып мага берди. Ал киши көрөгөч экен. Ал комуздун кайда жоголгонун кичинекейимде билбей калдым. Азыр эстесем жүрөгүм зыркырап кетет. Эки бетим кесилген, эки тизеси жыртылып калган шым кийип алып, “кана, Дордошум” дешсе эле комузумду кылдыратып ырдап-бийлеп калган бала экенмин. Атам Нааматбек Асаналиев комуз чертчү, апам Жумабүбү Осмонова экөө тең жакшы ырдачу. 5-6 жашымдан эле атам үйдөн комуз карматып, ырдатчу. Ушулар таасир этип кийин мектепте деле адабий, музыкалык кароо-сынактарга активдүү катышып, керек болсо, жаңы чыккан ырларды жаттап мугалимдерге ырдап берчүмүн. Музыкадан сабак берген агайым ошол ырды чертип кайра жалпы окуучуларга жаттатчу. Мектепте музыка, адабият, тарых сабактарын сүйүп окудум. Атамдын чоң өрүк комузу бар болчу. Комузду Чалагыз Иманкулов деген аксакал чапкан деп айтып калышчу. Атам ошону аздектеп чертчү, мен дагы ошол комузду чертип үйрөндүм. Атам өзү 4 бир тууган болгон, эки агасы дагы комуз чертип үн салышчу. Профессионал ырчы болбосо дагы, өз чөйрөлөрүндө жакшы ырдашчу. Ал эми чабандардын жыйыны атамсыз өтчү эмес. Атам дайыма комузун көтөрө кетчү. Ата-энеме ыраазычылык билдирем. – Илгери элде ата кесибин аркалаш керек деген сөз бар болчу. Чабандын уулу чабан болот деп мектепти бүткөндө окууга тапшырарым арсар болчу. Атам деле “сен малга жакынсың, мал багасың, заман бул болсо, окууну эмне кыласың?” деп урушуп боз үйүмдү, ала турган аялымды, бир короо койду камдап коюшкан. Бирок мен мектепте окуп жүргөндө “Кыргызстан маданияты” деген гезиттин бир бурчунан “филармонияда 2 жылдык студияга окууга кабыл алабыз” деген жарыяны айрып алгам. Үйдөгүлөргө айтпай гезитте талап кылынган документтерди топтодум. Кыркында иштеп, андан алган акчаны катып койгом. Бир күнү бир досума “мени эптеп райондун борборуна жеткирип кой” деп сүйлөшүп, эртең менен эрте туруп чыгып бара жатсам атам эшиктин алдында туруптур. “Эй, каякка?” деди. Мен башымды жерге салып “ата, мен окууга тапшырып келейин” деп көзүмдү жашылдантсам, “босогону аттап кеттиң, үйдүн ичинде болгондо сыртка чыгарбайт элем, эми каякка барасың?” деди. “Филармониянын алдында 2 жылдык студия бар экен, ошол жакка тапшырып ырчы болом” десем, “тарыхка же адабиятка тапшыр, ошол жактан баланчаны тааныйм” деди. “Жок, мен ырчы болом” дедим. Болбосо ырга мени өзү шыктандырган. Чөнтөгүнөн акча алып чыгып берип “сен чоң жигит болдуң, мен сага жардам бербейм, окууга өзүң өтө алсаң окуйсуң, өтпөсөң келип мал багасың” деди. – Бишкекке келип, филармониядан телевизордон гана көрүп жүрчү белгилүү инсандарды көргөндө ого бетер шыктандым. Экзамен учурунда тың кийинген бир аксакал келди. "Асек Жумабаев жүрөт" деп эле күбүр-шыбыр болуп калды. Абитуриенттер турган жерге келип эле “мен киммин?” деди. Оозума Кудай сала бергендей эле "Асек Жумабаевсиз" десем, “сен менден окуйсуң” деп койду. Ошентип филармонияда элдик ырдоо бөлүмүндө окуп калдым. Бир жылдан кийин ал киши пенсияга чыгып кетти. 2 жылдык студияны да бүттүм. Менден эч нерсе чыккан жок. Бир күнү Элмирбек Иманалиев экөөбүз келе жатсак, Улукмырза Полотов алдыбыздан чыгып калды. Мурун “сизден окуйлу” десек “убакыт жок” деп койчу. “Ии, балдар, бүттүңөрбү окууну?” деди. Элмирбек сөзгө кыйын болчу, сүйлөшүп калды. “Токтобек, сен эмне болдуң?” деди. “Агай, мен Ат-Башыдан келген боюнча эле кетип жатам” десем, агайдын жүрөгү ооруп кетти көрүнөт. “Быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде сабак бергени жатам. Сен ошол жакка барып тапшыр, мен сага ошол жактан сабак берейин” деди. Ошентип ал жакта окуп калдым. 4-курста ырчыларга кошулуп АКШга кеттим, алгачкы концерттик гастролум АКШда болду. Бир айдай ар кайсы штаттарын кыдырдык. Келсем, окуудан четтетип коюшуптур. Консерваторияга Муратбек Бегалиевге барып айтсам эле “бул жакка которулуп кел” деди. Которулуп келип, кайра 2-курска отуруп калдым. Ошентип өнөр жолунда 10 жыл билим алдым. Бул жакты бүтүп жаткан кезде Астанадан “Шабыт” деген фестивалдан Гран-прини жеңип алдым, мени мугалим кылып алып калышты. Андан бери 15 жылдын жүзү болду, өзүмдүн шакирттерим чыга баштады. Ырчылык өнөрдүн арты менен көптөгөн эл аралык сынактарга катыштым, көптөгөн мамлекеттерге бардым. – Чоң сахнага филармонияда окуп жүргөндө “Жылкычынын ырын” ырдап чыктым. Чыккыча эле сүрдөп жатканбыз. Анча элдин алдына чыгып көрбөгөн жаным жер тиктеп комузду чертип келип эле, ырдын биринчи куплетин эстей албай койсом болобу?! Үчүнчү куплетинен баштап ырдадым. Анан экинчисин, эптеп биринчисин эстедим, ошентип аркасынан алдыны карай ырдагам. Мугалимдер “апей, сен жаман оригиналсың го, эл башынан баштаса, сен аягынан баштайсың го” дешти. – Ар бир чыгармачыл инсандын багын бир чыгарма ачып, визиттик карточкасы болуп калат. Мен үчүн обону Калмурат Рыскуловго, сөзү Акбар Рыскуловго таандык “Боогачың сенин болоюн” деген ыр акжолтой ыр болду. Атымды чыгарды, баары мени Боогачы деп таанышты. Азыркыга чейин айрым аксакалдар Боогачы дешсе, улуу инсандын аты жаңырып жатканына сүйүнүп калам. Уулдуу болгондо “ошол инсандай өнөрпоз болсун, өмүрдөн жөн өтпөй тарых бетинде калсын” деп ырымдап атын Боогачы деп койдум. Азыр комуз чертет, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуйт. Чыгармачылыгымдагы жогорку деңгээлде аткарган ырымдын бири “Көчмөндөр ыры”. Ошол ырды укканда өзүм кадимкидей эс алам. Ал ыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимни болуп жаңырса, анткени обону, сөзү, аранжировкасы бүт баары бири-бирине төп келишет. “Боогачың сенин болоюн” махабатты даңазалаган ыр болсо, “Көчмөндөр ыры” кыргыздын рухун-духун көтөрө турган ыр. – Өкүл атам Эрик Төрөбаевди баш кылып досторума “чыгармачылыкка киришип жатам” десем, “алар биз сага демөөрчү болуп берели” дешип, 3 миң доллар чогултуп беришти. Анан “Токтобек, эки сыйра костюм-шым алсаң ал, биз уруксат беребиз, калганын чыгармачылыгыңа гана жумша, жакшы ырларды жаздыр” дешти. Ошондон кийин “Боогачың сенин болоюн”, “Булактагы кездешүү” баш болгон көп ырларды жаздырдым, радиолорго бердим. Эл мени тааный баштады, эки жакка чакыра башташты. Ошол каражат жемиштүү болуп, ырлардын башаты башталып, анан бирин-бири сүйрөп кетти. Ошонун арты менен оокат кылып, үй-жайлуу, мал-жандуу болуп, чыгармачылыктан өз ордумду таап отурам. Кийин баарына ыраазычылык айттым. – Мен 30дан ашып калган кезде популярдуу болдум. Ал учурда токтолуп калган элем. Жаш, көөп турган кезим болсо, балким, атактуу болууну башкача кабыл алмакмын. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен учурда эле орто жашка кошулуп калдым, орто жаштагылар менен ырдап турайын десем эле минтип аксакалдардын этеги болуп калдым. – Кандай ыр чыгарсам, канткенде эл оозунда жүрөм деп чыгармачыл адамдар дайым изденүүдө жүрөт экен. Изденүү токтогон кезде чыгармачыл дүйнөдө сен жоксуң. Азыркы тапта Асанбек Бейшекеев деген агабыздын “Түнкү терезе” деген ырын жаңыртып иштеп чыктым. – Токтобек филармонияда Анарбек Ибраевден окуп жүргөн маалда менден келип суранып жүрчү. Ал кезде менин убактым болбой жүрдү. Алар окууну бүткөндө жолдон жолугуп калсам, “агай, мен кандай келсем, ошол бойдон айылга кетип жатам” деди. Мен “1-сентябрдан баштап Искусство институтунда сабак бергени жатам, ошол жакка кел” дедим. Сыймык Бейшекеев, Кенже Кубатова, мурунку окуучуларымдын баары аркамдан келип алышты. Токтобек келгенде орун толуп калыптыр. Кафедра башчысына кирип менден окушу керектигин айтып жатып окууга кирип, менде окуп калды. Токтобектин тилинде дефект бар болчу. Анарбек “муну Москвага жөнөтүш керек, ошол жактан операция жасатса, анан жакшы ырдап калышы мүмкүн” деп айтты. Кийин менде окуп, тили дээрлик таза болуп калды. Педагог деген үндү дагы калыптандырыш керек. “Сен эми Москвага барып операция жасатпай-этпей эле тилиң сонун болуп калды” деп тамашалагам. Казакстанда сынакка катышып, 3 жолу лауреат болду. Эми мени менен чогуу консерваторияда сабак берип жатат. “Устаттан шакирт өтүптүр” деген кеп бар эмеспи, азыр өзүнүн окуучулары бар, абдан туура жолдо бара жатат. Токтобек менен сыймыктанам деп айтсам болот. – Токтобек экөөбүз филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда чогуу окуп, жакын болуп калдык. Эки бети кызыл, кең далылуу, арык чырай, тебетейин башынан түшүрбөгөн, шалман бала болчу. Эч тарт ынчу эмес, биздин команданын тың чыкмасы деп тамашалап койчубуз. Элмирбек Иманалиев, Элмира Кайып кызы, Мунарбек Чобиев, Кенже Кубатовалар болуп чогуу окуганбыз. Токтобектин үнү бийик, жакшы ырдачу, ошол кезде эле элдик ырларга жакын болчу. Союз тарагандан кийин бир күнү ач, бир күнү ток укмуш эле күндөр өткөн. “Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт” деген бар го. Ошол кезде бөлкө нан, сууну хан тамак деп койчубуз, чогулуп бактын түбүнө отуруп алып жечүбүз. Ынтымактуу, бири-бирибизге карамдуу элек. Кийин Искусство институтунда окуп жүргөндө Токтобек кээде тойлорго ырдап чыгып калчу. Ал жактан баштык салып берчү, аны күтөбүз, алып келгенин чогуу жейбиз. Ошондо эле Токтобек “ким элек, эми ким болдук?” деп калчу. Азыр дагы “ким элек, эми ким болдук?” деп күлүп калабыз. – Токтобек кичинекей кезинен эле кызыгып комуздун кулагын тиштеп калчу. Кийинчерээк атамдан комуз талашып калды. Чоң энем жыгачтан комуз жасап берип, атам үйгө конок келсе эл алдында ырдатып, анын ырчы болушуна чоң түрткү берди. Ата-энебиздин каршылыгына карабай көшөрүп жатып окууга тапшырды, өтпөй калса экен деп жатышса тырышып өтүп кетти. Эркинин бекем экенине таң калам, Союз тарап ачка-ток жүргөн мезгилде “кой, айылга барып кой багайын” деп баарын таштап кетип калса болмок да. Ал кыйналганына деле кайыл болду. Беттегенин бербей тырмышып жүрүп ырчы болду. Эми жаман эмес, эмгегинин үзүрүн көрүп жатат, элдин уулу болду, көптөгөн ийгиликке жетти. Азыр баарыбыз Током менен сыймыктанабыз. Динара Акимова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Jaka1978
![]()
01.02.2022. 10:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өркүнүң өссүн
nur85
![]()
01.02.2022. 15:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун кубулжуган үндүү таланттуу ырчы
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|