КОЖОЙКЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ!
№1001 11-17-февраль, 2022-ж.
Идиш жууган губканы микротолкундуу мешке салып, 2 мүнөт эң жогорку градуста ысытыңыз. Жыйынтыгында губкадагы 99 пайыз микроб-бактериялар “өлөт”.
- Электр мешинде эт азыктарын бышырууда эт күйүп кетпесин жана ширелүү болсун десеңиз, чакан идишке суу куюп табадагы эттин ортосуна коюп коюңуз.
- Көмөч казандагы ысыган май чачырап тегеректи булгап жана колду күйгүзбөсүн десеңиз, казандагы майга бир аз туз себелеп коюңуз.
- Ачыткыга камыр жууруп баштаганда сууга бышкан картошканы майда сүргүчтөн өткөрүп камырга кошуп жиберсеңиз, камырыңыз жумшак болуп, оңой көтөрүлөт.
- Нан жасоо үчүн жуурулган камырга түтүк түрүндөгү макарондон 4-5 даана сайып койсоңуз, камыр эрте көтөрүлөт.
- Чайнек кебер болуп тажаттыбы? Аны тазалаш үчүн теңме-тең өлчөмдө суу менен уксусту аралаштырып, чайнекке куюп, бир түн коюп коюңуз. Эртең менен чайнекти жууган жеңил болуп калат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0