Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жаныш Кулмамбетов, Кыргыз Эл жазуучусу: “БАЛА КЕЗИМДЕ АТАМДЫН ҮСТҮНӨН АРЫЗ ЖАЗГЫМ КЕЛЧҮ”№1003 25-февраль-3-март, 2022-ж.
– Саламатчылык! Азыркы учурда бир топ иш менен алекмин. Кыргыз театрынын, кыргыз элинин тарыхы боюнча фильмге сценарий жазып жатам, пьеса жазуудамын, театр адамдары тууралуу фильм тартууга камданып турам. Андан тышкары 3 окуу жайда сабак берем. – Булардын эң жакыны драматургия. Анткени бала кезден пьеса жазам. Бүгүнкү күндө элге тартууланган 70тен ашык пьесам бар. Булардын арасында Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын театрларына коюлгандары бар. Кээ бирлерин каякта коюлганын укпай деле каласың. Негизинен, өзүм каалаган нерсени жазам. Бирөөнүн буйругу менен жазбайм. Бүгүнкү күндө жазылган бойдон 15 чакты пьесам, 10 чакты сценарийим жатат, театрларга жибере элекмин. Мен буга анчалык деле кызыкпайм. Жаздымбы, демек, ал бүттү, балким, ал китеп болуп чыгар, же сайттарга жарыяланар. Пьесаларымдын баарын бир китеп кылып чыгарайын дегем, баары биригип 6-7 том китеп болсо керек. – Жамал Сейдакматова эже келип, “Казаттын “Мунабиясы” боюнча экөөлөп пьеса жазып бербейсиңерби, Казатка айтсам, жазсын, мен кошумчалайын деп жатат” деди. Повесть мага жакчу, макул болдум. Казат Акматов экөөбүз жолугуп, сүйлөшүп, ошол пьеса жазылды. “Тунгуч” театрынын алгачкы спектаклдеринин бири “Мунабия” болду. – Аны эл айтышы керек. Мен үчүн баары бирдей. Биздин бүгүнкү киноиндустрия башталган кезде Рустам Аташов “Министрдин кызынын махабаты” деген фильм тарткан. Ошонун аркасынан эле “Кандуу сүйүү” деген фильм тарткам, эмнегедир ошол тасма элдин эсинде калганын көп байкайм. Андан башка деле 20дан ашуун кино тарттым, бирок ушул фильмди эстешет. – Негизи жаш муун, менимче, өтө таланттуу. Алар кыргыздын бардык жашоо турмушун, көрүнүштөрүн кино кылып тартып жатышат. Атүгүл киноанекдот деген да пайда болду. Бул дегеним, кыргыздын куудулдары көрсөтүп жүргөн тамашалардын баарын киного чыгарып жатабыз. Бул кыргыздын өзүнүн уникалдуу багыты деп койсок болот. Бирок элге алынган, көпчүлүккө жаккан режиссёрлор бар. Алардын ичинен Руслан Акунду айтсак болот, анын тасмалары эл үчүн тартылган жана сапаты жакшы. – Ал убакта Тянь-Шань району болчу, азыркы Нарын районунда өткөн. Мен малчынын баласымын. Чоң атам, чоң атамдын атасы оокаттуу, бай адамдар болушкан, Союз учурунда бай адамдардын баарын бай-манаптар деп катуу куугунтукка алышкан. Чоң атам Кулмамбет 19 жыл куугунтукта жүргөн. “Сен бай-манаптын баласысың” деп атамды мектепке окутпай коюшкан. Чоң атам качып жүрүп да үй-бүлөсүн баккан экен. Анан чоң атам атамды аргасыз малчылыкка аралаштырганга мажбур болот. Бирок чын-чынына келгенде кыргыздын байы деле, кедейи деле чогуу эле мал багып келишкен. Анткени кыргыздар уруулук түзүлүштө жашашкан, а уруучулукта эч ким бай же кедейсиң деп кодулап же мактабайт. Анткени урууда баарынын укугу бирдей болот. Ошон үчүн малга, тоого жакын болуп өскөм, тоолуктардын, малчылыктын шартын жакшы билем. 17 жашка чыкканда окуйм деп кетип, ошо менен шаардан кол үзбөй отуруп калдык. – Менин окуучу кездеги көз карашым менен студент кездеги көз карашымдын асман менен жердей айырмасы бар. Анткени биз советтик идеологиянын, коммунисттик партиянын таасири астында чоңойдук да. Мен бала кезде дайыма өзүмдүн атамдын үстүнөн арыз жазам деп ойлочумун. “Туура эмес кылып жатат, эмне үчүн колхоздун коюн союп жейт, мен анын үстүнөн арыз жазышым керек” дечүмүн. Бул Павлик Морозовдун синдрому деп аталат. Колхоздун коюнун арасында менчик кою бар да, а мага баары эле колхоздукундай туюлчу. Кийин студент болуп, көз карашым өзгөрдү. Коммунисттик партиянын, большевиктердин жүргүзгөн саясатынын адамгерчиликсиз экенин мен Ташкентте окуп жүргөн мезгилде түшүндүм. Ошондо бизге Ленинграддан Ракутов деген мугалим келген. Ошол киши мага аябай таасир берген. Лекция учурунда Лениндин кандай канкор, заалим экенин, большевиктер партиясынын канчалаган адамдардын башына чоң трагедия алып келгенин бизге коркпой-үркпөй айтып берчү. Ал ошонун запкысын тартты. Бир күнү эле ал мугалим жок болуп кетти. Кийин мен аны психиатриялык оорукананын жанынан өтүп баратып көрүп калдым. Барып учурашсам “вот, видишь куда я попал?” деди. Мага эскертейин деп ойлосо керек. Ошол мезгилден тартып менин көз карашым катуу өзгөрдү. Өзүмдүн атам Осмон да партиянын катарына өткөн. Анан ал кишиден “Сиз кантип партиянын катарына өтүп алдыңыз? Сиздин атаңыз ушинтип куугунтукталган, атаңыздын билимдүү инисин сүргүнгө айдап жок кылышкан, өзүңүз ушулардын айынан окубай калгансыз” десем, “тияктан ошондой көрсөтмө келип жаткандыктан өттүм” деген. Мен, мисалы, эч качан өтпөйт болчумун. – Советтик мезгилде искусство менен адабият дагы комунисттик идеологияга гана кызмат кылган. Ошонун ичинде социалисттик реализм деген түшүнүк киргизилген, анын критерийлерине туура келбеген бир жазуучу бар, ал – Чыңгыз Айтматов. Кыргыздын нукура жашоо турмушун, салт-санаасын, турмуш тиричилигин, философиясын беш колундай билген. Өзүнүн художниктик мүмкүнчүлүгү боюнча өтө күчтүү дагы бир жазуучубуз бар, ал – Төлөгөн Касымбеков. Ушул эки инсанды нукура кыргыздын жашоосун советтик идеологияга аралаштырбай иштеген жазуучулар деп айта алам. – Келинчегим Назгүл Калмамбетова журналист, ал дагы мурда китеп жазчу. Кочкордун кызы, “бирибиз бугубуз, бирибиз сарыбагышпыз, биз душмандардын балдарыбызбыз” деп тамашалап калам. Эми тарыхта ошондой да. Балдарым искусствого жакын. Бирок улуу баламдан башкасы кызыгуулары болсо да башка жолду тандашты. 2 уулум, 5 кызым бар. – Шайгүл Алсейитова эже биринчи жубайыңыз болгонун билебиз. Эженин сиңдиси Чолпон Алсейитова бизге берген маегинде “Жаныш Кулмамбетовдун таалимин көбүрөөк алдык, ал киши биздин кандай кесипке шыктуу экенибизди билчү жана багыт берчү” деген эле?.. – Ооба, ошондой болушу мүмкүн. Ал үй-бүлө өтө таланттуу. Атасы комуз черткен мыкты киши болгон, бирок артисттерден көңүлү калган адам, ошого эч кимисин искусствого жолоткусу келчү эмес. Мен ал кишиге карабай баарын искусствого аралаштырганга аракет кылдым, анткени алардын көөдөнүндө ошондой каалоо турчу. Эми күйөө балага кайната унчуга албайт да... – Албетте, сыймыктанам. Бир жолу менин бир чыгармам “Жастар” театрында коюла турган болуп, чакырышты. Уулум да бармак экен, чогуу учуп бардык. Экөөбүздү тосуп алышты, учак Астанага конгондо уулум продюсерине “это мой папа, он писатель” деп сыймыктануу менен тааныштырып жатат. Тескерисинче, “менин уулум популярдуу ырчы” деп мен мактанышым керек эле да. Мени тоскону келген театрдын жетекчисинин орун басары да Марселди көрүп, “бул сизге ким?” деп сурады. “Уулум” десем таң калганы эсимде. Гулийпа Маметосмон кызы "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|