
Кыргызстанда жеке менчик 17 медициналык окуу жай болсо, анын 12син жабуу пландалууда. Бул тууралуу 24-февралда парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Аталган 12 окуу жай
“талапка жооп бербейт” деген негизде жабылат.
– 17 жеке медициналык окуу жайда Пакистандан келген студенттер окуп келишкен. Алардын сапаты төмөн болгондуктан, 12син жаап жатабыз. Калган бешөөнү текшеребиз. Экинчиден, колдон келишинче керектүү жабдыктар өлкөгө киргизилүүдө. Кыргыз-Түрк достук ооруканасы ачылды. Ал жерде дүйнөдө жасалып жаткан операциялар жасалууда. Баасы дагы арзан. Буюрса, бөйрөктү алмаштыруу боюнча бир жылда 300 операция жасоону пландап жатабыз. Лазердик аппараттарды алганбыз, жакын арада 3 адисти окутуу үчүн Орусияга жөнөтөбүз. Алар келген соң шишикти лазер менен алып салуу операцияларын жасап баштайбыз,- деди министр.
Жогорку Кеңеш 24-февралда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети тууралуу мыйзам долбоорун карады.
Лунара Бекиева