
"Улуттук энергетикалык холдинг” Токтогул суу сактагычында суу азайып кеткендигин айтып калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Мекеменин билдирүүсүндө, 22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 400 миллион метр кубга чейин түшүп кеткени, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 500 миллион метр кубга аз экени айтылат.
– Электр энергиясын керектөөнүн андан ары өсүшү Токтогул суу сактагычында суунун азайышына жана керектөөчүлөрдүн өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг калкты дагы бир жолу энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр энергиясын керектөөгө кам көрүүгө чакырат,- деп билдирди мекеме.
Айта кетсек, Кыргызстанга кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшү үчүн Токтогул суу сактагычынан 6-8 миллиард куб метр суу керектелет. Аталган суу сактагычта суунун деңгээли 6 миллиард метр кубга түшүп кетсе Токтогул ГЭСи иштен чыгарын энергетиктер эскертип келишет.
Лунара Бекиева