
2-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинадагы аракетин айыптап жана Орусия армиясын тез арада Украинадан чыгарып кетүүнү талап кылып
"Украинага каршы агрессия" резолюциясын кабыл алды. Резолюцияга 141 өлкө "макул", 5 өлкө "каршы" деп добуш берди. "Каршы" деп добуш бергендер: Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Сирия жана Эритрея. 35 мамлекет добуш берүүдөн карманды, алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Кытай, Индия, Ирак, Иран, Монголия жана башкалар бар. 11 өлкө добуш берген жок, алар: Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венесуэла жана башкалар. Башкы ассамблея Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тез арада саясий диалог, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.
Лунара Бекиева