Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АР БИР ЫРЫМДА ЖАН ДҮЙНӨМДҮН БИР БӨЛҮГҮ БАР”№1004 4-10-март, 2022-ж.
– Ыраматылык атам комуз чертчү, апам мандолинде ойночу. 1950-60-жылдары кыргызда мандолин чертүү аябай мода болчу. Экөө тең жакшы ырдачу. Ата-энем студент болгондуктан иним экөөбүз Ысык-Көлдүн Кожояр деген айылында таенемдин колунда чоңойдук. Таенем аябай колу билги уз киши болчу, темир комузда ойночу. Кичинемден эле баян тартканды үйрөндүм. Ошол кезде радиодон залкар ырчылар Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Үсөн Сыдыков, Бейшеке Жандаров, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушеванын ырларын аябай жакшы көрүп укчубуз. Ошолордун ырларынан таасирлендим. Кийин Балыкчы шаарына көчүп келдик. Таенем кимде баян, аккордеон, гармошка болсо дагы “кызым ойнойт эле” деп сурап келип берчү. Аны кармалап аябай сүйүнчүмүн. Таенем инимди көтөрүп алып конокко кетет, мен үйдү шыпырып баштайм. Бирок улам кичине жерин шыпырып эле баягы сурап келген аспапты кармап ойноп жатып, таенем келгенде араң үйдү жыйнап бүтчүмүн. Мектепте сабак ортосундагы тыныгууда “пионер бөлмөсүнө” бара берчүмүн. Себеби ал жакта баян бар эле. Балдар эшикте ызылдап ойноп жүрсө, мага баян тартуу кызык болчу. Өнөр жолуна мен баян, аккордеон аркылуу кирдим. Мектепти Балыкчыда окуп баштап, анан Ак-Талаада уланттым. Ата-энем мени, баянымды салып алып Нарынга Жумамүдүн Шералиевдин үйүнө алып барышты. Ал киши мени ырдатып көрдү. “Кызыңарды окуткула, таланттуу экен” деп батасын берип, бизди коноктоп узатты. Кийин байланышты үзбөй катташып турдук. Чыгармачылык жолума Жумамүдүн Шералиевдин дагы батасы тийди. – 8-классты бүткөн жылы Искусство институтунан элдик обондорду жыйнаганы мугалим, студенттер келип, биздин үйүбүздүн маңдайындагы мейманканага жайгашып калышты. Алар менен таанышып, аларга меймандостугубузду көрсөттүк, ырдап бердим. Алар “кызыңар таланттуу экен, музыкалык окуу жайга окуткула” деп атамды ынандырышты. Ага чейин атам мени медициналык окуу жайга өткөрөм деп жүргөн. Атам эсепчи болчу, сентябрда Фрунзеге отчёт тапшырууга бара турган болуп калды. “Кызымды дагы алып барып көрсөтүп келейин” деп калды. Фрунзе дегенде менин көзүм төрт. Мени ээрчитип, баянымды кошо көтөрүп алды. Келип композиторлор үйүнө барып Мукаш Абдраевге жолуктук. Ал атама “кызыңды билем, көргөм” деди. Мурун ырдап телевизорго чыгып калчумун да. Бизди Мураталы Күрөңкеев атындагы училищеге жөнөттү. Директору Амангелди Керимбаев экен, кирсек, ал дагы мени тааныды. “Сынак алгыла” деп бир орус мугалимди чакырды. Мен баян менен “Кичинекей ак куулардын бийи” дегенди ойноп, өзүмдүн ырларымдан ырдап бердим. Ошол кезде эле мен онго жакын обонду баянга салып өзүм чыгарып алгам. Ошону менен окууга алынып, училищенин даярдоо курсун жалаң “5ке” бүтүрдүм. Музыкалык окуу жайга жаңы келген жылдары Карамолдо Орозов атындагы оркестрде ырдап калдым. Ал кезде Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева декретке чыгып кетишиптир. Мени оркестрге алабыз дегенде окуусу калып калат деп директорубуз болбой койгон. А менин эл алдына чыгып ырдагым келип жатат да, 3-4 концертине катышып бергем. – 1-курста окуп баштаганда жолдошум Атайбек (ред.: Бөдөшов, Кыргыз Эл артисти) менен тааныштым. Ал мурун окуп жаткан жеринен аскерге кеткен экен. Ал кайра келгенде биз менен курсташ болуп калды. Экөөбүз 2-курсту бүткөндө, мен 18, Атайбек 23 жашында баш коштук. Ал Жалал-Абаддан, мен Нарындан болгонум үчүн ата-энелерибиз аябай каршы болушканына карабай баш коштук. 3-курсту бүткөндө уулдуу болдук, аны чоң ата-чоң энеси багышты. 4-курсту бүтүп жатканда композитор Алтынбек Жаныбековдун ийримине катыштык. Анан ал “Атай, Каныкей, силер баянды, аккордеонду ансыз да мыкты ойнойсуңар. Эми Искусство институтунун композиция бөлүмүнө тапшыргыла” деди. Ошентип ал жакка тапшырып, кайрадан эки жыл даярдоо курсунда окудук. Бул учурда кызым төрөлдү. 7 жыл дегенде искусство институтун бүтүрдүм. Окуу жайда жалпы 12 жыл билим алдым. Бирок бул музыка окуп бүтүп коё турган илим эмес. Спортчу сыяктуу күн сайын машыгып, күн сайын изденип турушуң керек. Менин азыр дагы биле элегим көп. Жаш аялмет болгонума карабай окууну таштабай бүтүргөнүм, ошол эле учурда ырларды жаздырганым өжөрлүгүмдүн аркасы менен болду. Анын үстүнө ата-энебиз дагы бизге жакшы каралашты. Чыгармачылыгыма жолдошумдун кошкон салымы өтө чоң. Эч качан “үйдү, баланы кара” деген жок. Бизде деле тартыш, ага-буга жетпеген учурлар болду. Бирок биз бири-бирибизди туура түшүндүк, колдодук. 2 уул, 1 кызды өстүрдүк. Учурда 2 неберебиз бар. Кичүү уулубуз кубандырып биздин жолубузду жолдоду. Азыр Асанкан Жумакматов атындагы жана шаардык оркестрде иштейт. – Мени элдин калың катмарына сиңирген ыр Аксуубай Атабаевдин “Кыргыз жери” деген ыры болду. Ал өзү музыкалык окуу жайга келип, баарыбызды ырдатып көрүп, мени тандап алды. Ошол ырды жаздырдым, радиодо “Кутмандуу болсун күнүңөр” деген берүүдөн тынбай уктурулуп баштады. Анан Эсенбек Мааданбековдун “Таң чолпону”, Атайбек экөөбүздүн ырларыбыз, айтор, ырларды биринин артынан бирин жаздырып жаттым. Баары жаңы ырдын бет ачары делип радиодон тынбай уктурулуп жатты. Асанкан Жумакматов, Эсенгул Жумабаев, Төлөгөн Томотоевдин оркестрлеринде иштеп, ырдап көп ийгиликтерге жеттик. Коммунисттик партиянын 1-катчысы Турдакун Усубалиев бизге 3 бөлмөлүү үй берген. 1970-жылдары обону Сардарбек Жумалиевге, сөзү Турар Кожомбердиевге таандык “Жаңы жылды тосолу” ырын ырдап калдым. Сардарбек агай аялы экөө үйүбүзгө чейин издеп келип ырдаткан. Андан бери канча жыл болду, бүгүнкү күнгө чейин угулуп келе жатпайбы. Андан тышкары Атайбектин “Эңсөө”, “Кызгалдак”, “Кыргыз тоосу”, өзүм автор болгон “Акыркы коңгуроо”, “Ак куулар сени сагынар”, “Жаштыгыма” деген ырлар менин атактуулугума жол салды. Кийин “Жаз”, “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Сен менин түшүмсүң”, “Бала жыты” деген ырларым элдин өзгөчө көңүлүн бурду. Бул ырларды улам кийинки муун жаңылап ырдашса сүйүнүп калабыз. Мен атактуулук эмне экенин ушул убакка чейин билбей элемин. Атактуу болуп өзгөрүп кеткен жокмун. Ата-энем жөнөкөй кишилер эле. Апам, таенем да “көппө, кызым, эч качан мен кыйынмын деп бой көтөрбө, мактанган жаман нерсе” дечү. Элдин көзүндөгү адам болгондон кийин жоопкерчиликти дайыма сезиш керек. Элдин алдында уят болбоюн, обондорум окшош болбосо экен деп обонду чыгарар алдында аябай электен өткөрөм. Бирок кээде өзүңө жаккан обон эмес, жактырбай жүргөн ырың элге сиңип кетет. – 1980-1988-жылга чейин КТРКда радионун хорунда иштедим. Анан Атайбек “концерт менен элди кыдыралы” деп калды. Ошону менен Кыргызстанды түрө кыдырдык. 1988-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алдым. Бир топ жыл жалаң гастроль, концерт менен иштедик. 2010-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга келип иштеп калдым. 12 жылдан бери эстрада бөлүмүндө сабак берем, бөлүм башчымын. Андан бери колумдан бир топ студент чыкты. Кичине бир нерсе кылып коюп эле асмандап калгандар көп да. Окуучуларыма “таланттуу болуш бир, эң негизгиси, жакшы адам болуш керек. Жакшы адам болуш – эң кыйын нерсе, жан дүйнөң бай, ичиңде жылуу сезим болсо сен эч качан жаман жолго барбайсың” деп калам. Ырды сезим менен ырдасаң угуучуңа жетет. Муздак мамиле менен ырдап койбой, жан дүйнөңдү беришиң керек. Ар бир ырдалган ырымда мээрим, жан дүйнөмдүн бир бөлүгү бар. Кулакка кирип жүрөктү алган ыр ушинтип жаралат. Эл артисти наамын 2008-жылы беришти. Мен наам алайын деп эч качан жутунган жокмун. Элмурза Сатыбалдиев Гүлнур Сатылгановага телефон чалып “эженин документтерин Маданият министрлигине алып барып бер” дептир. Гүлнур келди “эже, кечирип коюңуз, сизден мурда наамды мен алып алдым” деди. “Ой, сен татыктуусуң” деп ыраазы болдум. Анан документтеримди алып кетти. Элмурзаны деле мен таанычу эмесмин. Ал мени ырчы катары таанычу экен. Болбосо өзүм документ тапшырбай жүрө бермекмин. Азыр обондорум бир топ эле болуп калды. Атайбек экөөбүз “Күн балдары”, өзүм “Коңур күздөгү кусалык” деген ыр жыйнагымды чыгардым. Эми дагы бала бакчадагы балдар үчүн “Атам, апам жана мен” деген китебибиз чыгуу алдында турат. Биз көбүнчө поэзия менен иштейбиз да. Акындын ырынын бир эле сабы көкүрөгүңө от жандыра алса, анда ошону менен изденебиз. Атайбек мага “обонду аз жазып жатасың” деп калат. Ал өзү күн-түн дебей иштейт да. Үйдөгү пианинонун үстү толтура акындардын китеби. Ошол жерде эле отурат. – Окуу жайга келгенден берки Каныкейдин чыгармачылыгы менин көз алдымда болду. Ага чейин дагы өзүнүн ырлары бар экен, 11-12 жашында баян менен ырдаптыр. Чыгармачылыктагы аялзатын жолдошу колдобосо болбойт да. Ансыз да үйдү кармаган аял, түйшүктүн баары аялга түшүп калат. Эркектер жөн эле чыйкылдай беребиз. Экөөбүз чогуу жүргөнгө айрымдар обондорубузду окшоштура беришет. Бирок мыкты түшүнгөндөр окшошпосун билишет. Эжең ар бир ырга тыкыр карады. Ырларынын көбү элдик ырга айланып кетпедиби. Каныкейдин үнүнүн уникалдуулугу – ал ырдаган ырлар элге тез жетет. Өзүмдүн обондорумдан деле көп жолу байкадым. Башка бирөө ырдаса жакшы чыкпай калат, ошол эле ырды Каныкей ырдаса эле элге жагып калат. Убакыттын өтүшү менен үндүн элге жагымдуулугу, жугумдуулугу билинет экен. Каныкейге “үнүңдүн бир магиясы бар го” деп күлүп калам. Мурунку жөнөкөй магнитофондордон да анын үнү тунук угулчу. Радиодо Ваникин деген үн режиссёр бар болчу. Ал “эки эле ырчыны бааладым. Бири – Болот Миңжылкиев, бири – Каныкей. Себеби микрофонду коюп коёсуң, үнү туптунук түшөт, эч бир жерин оңдобойсуң” деген. Менин нааразы болгонум, ушунча жыл эмгектенсе дагы Каныкейдин чыгармачылыгын баалабай коюшту. Эч убакта Каныкей деп башынан эч ким сылаган жок. Тескерисинче, сыйлык бербей бут тоскон учурлар болду. Алган наамдарын деле кокустуктан алды. Эмгек сиңирген менен Эл артисти наамынын ортосу 20 жыл болуп жатпайбы. Ал эми ошол эле учурда айрымдардын көкүрөгү медалга толду. – Каныкей эже менен 80-жылдардын аягынан тартып чыгармачылыкта тыгыз иштешип, дуэт ырдап калдык. Экөөбүздүн ортобузда 3 жаш айырмачылык бар. Бала кезден Каныкей эженин угарманы болдум, радиодон ырларын көп берчү. Ал киши окуучу кезинде эле ырдап жүрдү да. Эженин үнүн аябай жактырчумун, жакындан таанышсам деп жүрчүмүн. Кудай буюруп, Атай байкенин чыгармачылык кечесине ырда деп мени чакырып калышты. “Кудай берсе”, “Коштошкондо” деген ырларын ырдадым. Анан Каныкей эже экөөбүз “Сен да мендей”, “Сен менин түшүмсүң”, “Ырдалып бүтпөйт махабат” жана башка көптөгөн дуэттерди жаздырдык. Ошону менен бүгүнкү күнгө чейин катыштабыз. Акыркы жылдары ооруп калып бир аз чыгармачылыгым тыныгууга учурап калбадыбы. Эми Кудайга шүгүр, жакшымын. Буюрса, алдыда дагы дуэт аткаруу пландарыбыз бар. – 1980-жылдары “Кубулжу менин ырларым” аттуу берүүдөн таанышып калганбыз, андан кийин концерттерде жолугуп жүрүп жакшы мамиле түзүлүп калды. Ага чейин мектепте окуп жүргөндө Каныкейдин ырларын 1 сомдук пластинкага жаздырып алып угуп жүрчүбүз. Ал мектеп курагында эле ырдап жүрдү да. Кийин сахналаш болуп калдык. 1988-жылдары Каныкей, Атай акелер концерттик топ түзүп, мени дагы кошуп алышты. Ошону менен чогуу иштеп, бир туугандай болуп жүрүп, үй-бүлөлүк дагы катышта болуп калдык. Каныкей аябай адамгерчиликтүү, оор басырыктуу, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылып, бир калыптагы мүнөзү менен жүрөт. Аябай ишеничтүү, кыйналып турган учурда ага жөлөнүп-таянсаң болот. Кандай учур болбосун кол сунуп, тикесинен-тик туруп берет. Башыбыз бириксе чүпөрөк-сапырак тууралуу сүйлөшпөйбүз. Эски обондорду карап, ыр тандайбыз. Атай байке экөөнүн тең ырлары бийик диапазондуу, мазмундуу, аларды жеңил-желпи кишилер ырдай албайт. Булар түгөнбөгөн казына. Азыркы заманда мындай адамдарды табуу кыйын. Динара Акимова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|