
Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна Жогорку Кеңеш макулдук берген жок.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештен макулдук сураган. 10-февралда парламент бул маселе боюнча курамына 7 депутат кирген депутаттык комиссия түзгөн. ДепутатАйбек Осмонов төрагалык кылган аталган комиссия башкы прокурордун сунушун четке какты. Комиссиянын чечимин парламент да колдоду. Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартуу чечимин парламент 9-мартта жабык эшик артында кабыл алды. Айта кетсек, депутат Мадумаров буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында бир нече жолу суракка чакырылган.
Лунара Бекиева