
31-мартка карата Кыргызстанда доллардын курсу 83 сомго түштү. Мындай төмөндөөнүн азык-түлүктүн баасына таасир этпегени эл арасында нааразычылык жаратты. Мисалы, өткөн апталарда доллар кескин кымбаттап, 1 доллардын баасы 106 сомго чейин чыкканда эл аралык соода-сатык доллар менен эсептелет деп азык-түлүктүн баалары да кескин көтөрүлгөн. Доллардын курсу баштапкы калыбына чейин түштү, бирок азык-түлүктүн баасы кымбат боюнча калууда. Жарандар буга тийиштүү органдардын чара көрүүсүн талап кылышууда.
Бул маселени 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков да көтөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул жагдайга карата тапшырмалар берилди дейт.
– Доллардын баасы түшүп жатканына байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды бердик. Кумшекердин баасы 68 сом болуп жатса, 60 сомго түшүрттүк. Өсүмдүк майы боюнча импорттоочулар доллар менен иштейт экен. Алар менен сүйлөштүк. Түштүк аймакта май чыгаруучу завод ишке киргизилди. Ал жакта 5 литр май 700 сомдон сатылат, 1 ай ичинде Кантта май чыгарган заводу иштеп баштайт. Ундун баасы бир калыпта кармалып жатат,- деди Төрөбаев.
Лунара Бекиева