БИР БҮРКҮМ. 7-АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА 12 ЖЫЛ...
№1009 8-14-апрель, 2022-ж.
Бишкекте 2021-жылы оң рулдуу унаалардын айынан 15 адам каза болгону маалымдалды.
- Билим берүү жана илим министрлиги: “Эми мамлекеттик бала бакча, мектеп жана колледж жетекчилери сынак аркылуу тандалат”.
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2 кызматкери баңгизат менен кармалды.
- Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
- Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта балдарга берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдун суммасын көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
- Нурил Алымбаев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды.
- Башкы прокуратура: Баткен мэриясы 5 гектардан ашык жер тилкесин жеке тараптарга мыйзамсыз берип жибергени аныкталды.
- Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн 4 акча алмаштыруучу жайга Улуттук банк 55 миң сомдон айып салды.
- Лейлектин Чурбек айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилди.
- ИИМ: Каржы пирамидасы адамдарды алдоо аркылуу өнүгүүдө.
- 7-Апрель окуясына быйыл 12 жыл болду, президент Садыр Жапаров "Ата бейитке" барып маркумдарды эскерди.
- Бишкектин четиндеги Биримдик-Кут конушунун тургуну 2 жашар небересин автоунаасы менен сүзүп кетип, бала ооруканада каза болду.
- Кыргызстанда 4, 5, 6, 7-апрель күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
- Март айында Орусиядан Кыргызстанга 15 адамдын сөөгү жеткирилгени маалымдалды.
- “Алдамчылык” беренеси боюнча “Ихсан” кооперативине кылмыш иши ачылганы белгилүү болду.
- Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, ишке киришти.
- Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2021-жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты.
- Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети 15 миллиард 22 миллион 500 миң сом болуп бекитилди.
- Евросоюз Кыргызстандын билим берүү системин колдоого 32 миллион евро суммасында грант берет.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0