Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1011 22-28-апрель, 2022-ж.
Альфиянын көз алдына Анвар менен акыркы жолу жолукканы тартылды. Ушул окуяны такыр эле эстегиси келчү эмес. Бул жолу да эстегенден качты. – Кызым, атаң менен акыркы жолу сен тууралуу сүйлөштүк. Атаң сенин күчтүү болушуңду каалачу. Күчтүү боло алдыңбы? 5 жылдан бери өзүңдү капаска камагандан башка эч нерсе кылган жоксуң. Мен дагы атаң сыяктуу эле сенин мамиле күтүп, турмушка чыгып, балалуу болушуңду каалайм. А сен эмне кылып жатасың? – Ал нерсе сиз же башка каалаганы үчүн болуп кала турган нерсе эмес да. Мен мамиле түзмөк тургай, эркектер жаныма жакын келсе качам. – Өмүр бою жалгыз жашайсыңбы? – Ох, апа, мен сиз менен такыр бул тууралуу сүйлөшкүм жок. – Жашсың, сулуусуң, акылдуусуң, өзүңдү тирүүлөй көмүп жатасың. Атаң да муну кааламак эмес. Айсулуу үн катпады. Ичинде эмне болуп жатканын кимдир бирөө билсе, жолун таппай калганын, кимдир бирөөнүн жардамысыз бул караңгылыктан чыга албай жатканын түшүнсө деп ойлоп турду. Акыркы учурда Эркин тууралуу көп ойлончу болду. Анын тарбиялуулугу, өзүнө болгон аяр мамилеси, кыздардын кыялы болгон келбети көңүлүн бурдура баштаган. Бирок муну өзү да али түшүнө элек. Кылт этип эсине түшөт да турат. Телефон аркылуу сүйлөшүп турушат. Ал-акыбалын сурайт, күнү кандай өткөнүн сурайт. Андан ашыкка такыр өтпөйт. Ушул нерсеси менен Айсулуунун көңүлүн бура алды окшойт. Кечке маал да телефонуна СМС келди. – Салам! – Салам. – Бошсуңбу? – Ооба. – Сейилдеп келсек кандай болот? – ... – Алыс эмес, сенин үйүңдүн жанында эле... Кызык, бул жигит дагы анын алыс жакка чыккандан коркконун билип койгондой сүйлөдү, куду жан дүйнөсүн окуп алгандай. Макул болду. Эркин кызды көрөрү менен күлүмсүрөп алды. Анын жылмайганы ушунчалык жылуу болчу. Мындай жылуулук кимде бар эле башка? Эсине келбеди. Жанаша басып бара жатышты, Эркин кыздын ийиндери дирт этип кеткенин байкады да, үстүндөгү күрмөсүн чечип ийинине жапты. – Жок, кереги жок. – Үшүбө сен. Скамейкага отурушту. – Сен ушул жактарда жашайсыңбы?- деди Айсулуу. – Жок, жаңы конуштардын биринде жашайбыз. – Кимдер менен жашайсың? – Апам экөөбүз, карындаштарым келип-кетип турушат. – Атаңчы? – Атам... Атам бизден башка жашоосу менен жашайт. – Көп болдубу? – Хм, кандай десем, мен билгенден ал өзүнүн жашоосу менен жашайт. Биздин жашообузда атам болбоду деле окшойт. – Кандайча? – Кийин айтып берейин, азыр эмес. Кайра үнсүз отуруп калышты. – А сенчи?- деди Эркин акырын гана. – Эмне мен? – Сен кимдер менен жашайсың? – Жалгыз. Атам 5 жыл мурун каза болуп калган. Апам... Ал киши сенин атаңдай эле менин жашоомдо жок киши. Азыр да өзүнчө жашайт. Мени атакем чоңойтту. – Бизде окшоштуктар көп окшойт анда. Мисалы, мени чоң ата-чоң энем чоңойткон, өз ата-энемдин колуна кийин келдим. Нарындан Бишкекке келгенимде ажайып бир сонун жашоо күтүп турат деп ойлогом. Көрсө, айылдагы чоң атамдар менен жашаган күндөр эң бактылуу күндөрүм экен. Мен муну кийин байкадым. Айсулуунун көздөрү бакырая Эркинди тиктеп калды. Анын көз карашынан Эркиндин жүрөгү түрсүлдөп кетти. Азыр кыз бардык сырын билип алка-жакадан алчудай сезилип кетти. “Мен баарын билем, сен эмнеге мага артист болуп жатасың? Менин тагдырымды талкалаган сен жана атаң эмеспи” деп жиберчүдөй сезилди. Тайсалдаса да кыздын сыйкырлуу көздөрүнөн көздөрүн тартып кете албады. – Билесиңби, мени да апам 2 айлыгымда оорулуу чоң энеме таштап, шаарга кетип калыптыр. Эмизбептир дагы мени. Мен чоң энем менен жашадым. 12 жашымда чоң энем кайтыш болуп калды, сендей болуп “өз ата-энем менен жашайм” деп сүйүнүп келдим шаарга. Бирок апам дагы деле мага апа боло албады. Атакем сүйүнүп жүрдү. Балетке берди, окууларыма жардам берди. Атам менин досум, бир тууганым, сырдашым болчу. Ага баарын айта алчумун. Жашоомду эч качан ансыз элестетип көргөн эмесмин. Бирок ал мени таштап кетти, жалгыз калдым...- кыздын көздөрүнө жаш толуп баратты. Ийини дирилдеп ыйлап жаткан кыздын абалына боору ооруп кетти Эркиндин. Ага жакыныраак жылды, Айсулуу ыйлап жатып Эркиндин ийинине башын коюп алганын байкабай калды. Эки жаралуу жүрөк... Мындан ары бири-бирин дарылайбы же андан терең жаралайбы, али белгисиз эле... Болгону тагдыр деген табышмактуу нерсенин жетегинде кетип бара жатышты бул экөө... ххх Аскар аялы менен ажырашты. Мүлкүнүн жарымынан көбү аялынын, балдарынын колунда калды. Сүйүндү чын эле оңой жоо көрүптүр. Ал оңой эмес экенин кийин байкады. Андан да кызыгы, убакыттын өтүшү менен мурунку аялын кадимкидей жоктоп баштады. Кандай болсо да аны кабыл ала турган бир аял бар экени акылынын бир бурчунда жашачу. Үйүм бар, үй-бүлөм бар деген бир бейпилдик бар болчу. Аны кийин байкады. Ызасы ташып жүрдү. Иштейин десе иши жүрүшпөй, мурунку аброю кеткендей сезилди. Эң жаман жери – өзүнүн көз алдында өзүнүн баркы кетти. Ушундай абалда баягы Алмаз досу эсине түштү. Телефон чалып, аны менен жолукмай болду. Баягы темир-тезек жыттанган чакан устаканада эки дос отурушту. – Ии, эргул, айт эми арманыңды... – Айтканда эмне, баарын билесиң да ансыз деле. – Аяшты бекер колуңдан чыгардың. Андай сага түтө турган аял табылышы кыйын. Балдар чоңойгондо туура эмес иш кылдың. – Хе, хе, күнөөнүн баары менде деп ойлойсуңбу? Ошо сенин аяшыңчы, анын жылан экенин бир билсең. Жылдар бою жылан менен төшөктө жатканымды эч билбептирмин. – Ии? – Эч нерсем калган жок менин. Ага ишенип тапкан-ташынганымдын баарын ага каттатып койгом. Ал акырын балдарына каттатып жүрүп отуруптур. Ажырашканда мени 5 тыйынсыз калтырды. Азыр мына бул турган машинем менен бир батирден башка эч нерсем жок. Ишенсең ишен, ишенбесең өзүң бил. Анан аны жылан дебегенде эмне дейм, ыя? Айтсаң, калыс болчу. Өмүр бою мен иштейин, алар жыргалын көрсүн! – Аскар, сен дүнүйөнү ким үчүн жыйнадың эле? – Философиялык сурооңду токтотчу, досум. – Жок, чындап ким үчүн кара жаныңды карч урдуң? Балдарың үчүн да, туурабы? Мына, баары балдарыңда калыптыр, башка бир адамда калбаптыр го. Эмнесине күйүгүп жатасың мынча? – Макул, бирок ошо балдар келечегин мен куруп бергенимди билбей мени бир чоочун адамдай көрүп жатышпайбы. Ошол туурабы? Мен атасымын го... – Ата – жаратып койгону үчүн эле ата эмес. Мен билгенден, сен гүлдөн гүлгө конгон аарыдай болуп жашадың. Максатың – көп акча табуу, анан түрдүү аялдардын даамын татуу эле. Алардын атасы да, апасы да... – Эк, мен сенин оюңча, аябай жаман адаммынбы? – Жок, көп ката кетирдиң окшойт, досум. Эми да кеч эмес, балким, эми ойлоносуң. – Ойлонуп бүттүм мен, мени эми көрүшөт. Маралга үйлөнөм! Бир жуманын ичинде тоюм болот, баса, тойго сени да чакырып жатам. Гүлүм экөөң тең келгиле, ээ? – Эми Маралы кайдан чыкты мунун? – Эх, Марал деген маралдай бир керилген кыз. Келбетин бир көрсөң, периште тим эле. Мага уул төрөп берет. Мына ошол уулум менин жакшылыгымды билген бала болот. Сүйүнгө да, балдарына да көрсөтөм! Көрөсүң. Жалдырап келишет мага! Аскардын көкүрөгүндө ызасы күчөп жатты. Акылына башка эч нерсе чүргөлбөдү. Суйкайган Маралга үйлөнүп алса эле баарынан өч алчудай сезилди. Кийинки кезде ичимдикке да жакын болуп бара жатты. “Токто, Аскар, сен жаңылыш жолго түшүп бара жатасың” деген жан болбоду. Тез эле Маралдын колун сурап, дүркүрөгөн тойду уюштуруп сала турган болду. Тойго бир күн калганда эмнегедир Сүйүнгө келди. Ал алып кете турган кийимдеринин баарын жыйнап койгон экен, кайдыгер колун жаңсады. – Алып кет, өзүң келбей, бирөөнү жиберсең деле болмок экен. – Өзүм келгим келди... – Мени сагыныппы? – Сени сагынып... Сүйүн бырс күлдү. Аскар көп жылдардан бери биринчи жолу мурунку аялынын жүзүнө тигилди. Бырыш баскан жүзүн, чарчаңкы көз карашын байкады. Бул аялды сүйбөдү, өмүр бою бул аялдан таба албаган сүйүүнү башкалардан издеди. Бирок азыр жүрөгүнө жакын, ысык болуп турганы эмнеси? “Жоголгон бычактын сабы алтын дечү беле?” деп ойлоп алды ичинен жини кашая. – Кет эми, тиктешип отура бермек белек? – Биз эмнеге бул абалга жеттик, ия, Сүйүн?- деди Аскар капыстан. Сүйүн кашын серпе таң кала тиктеди. Анын да жообу жок көрүнөт, ийинин куушурду. – Эртең тоюм болот, мен күткөн күн. Бирок эмнеге мен бактылуу эмесмин? – Мунун баары өзүңө бериле турган суроолор. Менде жообу жок, Аскар. Бир айтарым, сак бол, алданып калба. – Хе, сен мени ушунча алдап кеткенден кийин башкага алдана турган нерсем калдыбы? Эми мени бирөө алдап кетет деп коркуштун өзү күлкүлүү. Сүйүн Аскарды карап туруп жеңил дем алды. Жүрөгүнөн коё берди бул адамды. Аскар ансайын кеткиси келбей отура берди... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|