Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1013 6-12-май, 2022-ж. (Башы өткөн сандарда) Жакындашуунун аркасы Эркин үчүн тозоктун оту болчу. Бирок өрттөнгүсү келди, токтоно албады. Өзүнөн-өзү ырларды жазчу болду. Ичине батпай жаткан ойлорду, жүрөгүн жарып чыга тургандай кумарды, сүйүүнү ноутбугуна жазчу болду. “Жаным” деген ат койду ал күндөлүгүнө... – Жаным, ушундай сүйүү башыма келет деп эч ойлобоптурмун. Менин аркамдан чуркаган эчен кыздар болду. Ашык болушту. Сүрөтүмдү чаптап алып тиктеп жаткандарын айтышчу. Түшүнө киргенимди жазышчу. Бирок мен алардын эч бирин сүйүү деп эсептечү эмесмин. Күлкүм келчү, кээсин ачык эле шылдыңдачумун. Өз башыма келгенге чейин түшүнбөдүм. Мен азыр мурун келесоолук деп эсептеген бардык нерсени жасаганга даярмын. Сага арнап бир нерселерди чиймелеп отурганымды бирөө көрсө таң калат болуш керек. Мен таң калбайм. Анткени мен жиндидей сүйдүм сени... Тээ алыстан карап сүйгөндүн өзүнчө азабы, керемети болот экен. Ал эми жакындап келгенде... Сөз менен жеткире албайм, аны сезиш керек. Эх, жакындап келгенде жүрөгүмдө сел жүрүп жаткандай сезилет. Бирөөнү ушунча сүйөм деп ойлогон эмесмин. Мындай сүйүү мүмкүн эмес деп ойлогом. Эртең менен таң атпай бакчадан гүл терип барып эшигиңе илип кете тургандай сүйө алат экем, көрсө. Романтика жана мен... Айкалышпаган нерсе... Бирок азыр романтикмин. Жүзүң күлсүн деп клоун болгонго да даярмын. А сенин жүзүң кээде гана күлөт. Ага да мен күнөөлүүмүн! Кызык, сулуу экениңди билбей туруп сулуу турушуң кандай сонун?! Жылмайган сага кандай жарашарын билбей туруп, жылмайганыңчы... Ичим эзилип кетет. Эч кандай эсепсиз, мени болгонумдай кабыл алганың андан да керемет. Бир да жолу “ата-энең ким, канча айлык аласың, үйлөнөлү, мени кантип багасың?” дегендей суроону көзүңдөн көргөн жокмун. Башка кыздардын мээсинде дайым жанып турган суроо сенде жок. Сен дүнүйөнү тебелеп жүрүп өскөндөй токсуң. Аялдык ач көздүк жок. Акча менен эч кандай маселең жок. Болгонуна кайылсың. Анткени сени ушундай көл адам тарбиялаптыр. Атаң тарбиялаптыр сени. А менин атам мени эч тарбиялаган жок. Бардыгын даяр кылды, бирок мээрим берген жок. Рухумду ачка калтырды. Эч нерсени талдай бербегениң кандай сонун?! Бир аз эле казып баштасаң... Аны ойлогондон коркконумдан каным муздап кетет. Ушундай боюнча кал, жаным. Сулуу жүз эле эмес, сулуу рухуң менен кал. Ар бир кыймылыңды тиктеп отургандын өзү ырахат. Кечээ ыйладың. Атаңды эстеп кеттиң, ыйлаган бир адамга ушунча жарашарын билген эмесмин. Токтоткон жокмун, эмне деп айтмакмын? Жөн гана тиктеп отурдум. Бир аздан соң жылмайдың. Жылмайганыңды жамгыр төгүп жиберип күн чайыттай ачылып кеткенине окшоттум. Дароо жылындым нуруңа. Колдоруңду кармадым. Ипичке, назик! Ошол колдоруң менен чачымды сыладың. Ыйлоого менин кезегим келди. Бирок чымырканып көзүмдөн жаш чыгарган жокмун. Жүрөгүм ыйлап жатты. Мындай сүйүү менен мени эч ким чачымдан сылаган эмес. Апам дагы. Ушунчалык мээрим бар... Биздин балдарыбыз болуп калса кандай бактылуу болушат. Сендей апасы бар... Бул ойлор ушунчалык коркунучтуу дагы, таттуу дагы. Сени сүйөм, жаным! Эркин ушинтип жазчу. Ал Айсулууга арналган жазуусун ар түрдүү тилде жазат. Кокус апасы окуп калбасын деген ойдо англис, кээде түрк тилинде жазчу. Кыргызча да жазар эле. Жазып алып кайракайра өзү окучу. Айсулууга жашыруун кат жазуу анын хоббисине айланды. Бул нерсени ал эч качан окубайт дечи... Ошентсе да... Апасы санаалуу. Жок дегенде атасы билсе, балким, туңгуюктан жол таап чыгат беле деп ойлоп коёт. Кандай дегени менен Аскар акылдуу адам. Аны Сүйүн билчү. Баласына айтты эле чок баскандай секирип кетти. – Атама угузба. Ал кандай адам экенин билесиң. Айсулууга бир залал берет. Өзү үчүн эч кимди аябайт ал, билесиз. – Атаң да, балам. Жамандыкка кыйбайт сени. – Анын кандай ата экенин сиз экөөбүз жакшы билебиз. Өзүнүн ар-намысы үчүн киши өлтүргөнүн да билебиз. – Антип айтпа, балам. – Кантип айтайын? Ал болбосо сиз, мен, Айсулуу ушунча азап чегет белек? – Мен кандай кыларымды билбей калдым. – Мен билем. Айсулуунун колун сурадым. Ал бүгүн жообун берет. Сүйүндүн көзү чакчайып кетти. Уулуна жалынды, жалбарды, бир аз ойлонушун суранды. Эркин аны уга турган абалда эмес болчу. ххх Башка бир үйдө кыз менен эненин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты. – Үч айдан бери эле тааныган адамга сен кантип турмушка чыгасың? Баш-аягы жок бул кандай колуңду сурап жатат? – Эмнеге баш-аягы жок? – Кимдин баласы, кандай үй-бүлөдөн чыгыптыр, билели. – Мен үчүн маанилүү эмес, апа, мен кыйын жердин кызы болсом териштирсем болот эле. – Ата-энеси менен жолукпай кантип турмушка чыгасың? Тоюң да болбойбу? – Менин билгеним мага жетет деди Эркин. Мага да жетет. Тууган-уругуна, ата-энесине баш оорутпайм. Тойго такыр эле баш оорутпайм. – Жок дегенде фамилиясын айтчы, Инстаграмдан издеп көрөйүн. – Апа, баракчасында үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе жок. Бекер убара болбо. Биз сүйлөштүк, ата-энебизди аралаштырбай эле расмий никеге турган күнү чет өлкөгө кетебиз. Анын ал жакта жумушу сүйлөшүлгөн, ошол жакта жашайбыз, калганын дагы көрөбүз. – Сен соо эмессиң! - деди Альфия кызынын албырып турган жүзүнө шектүү тиктеп. – Сенин башыңды айлантып алган окшойт. Сен мындай эмес элең, жети өлчөп бир кескен токтоо, акылдуу кызым кайда? Жок дегенде анын кесиби эмне экенин билесиңби? Балким, бир аферист болуп жүрбөсүн? – Ал менден “үй-бүлөм тууралуу эч нерсе сураба” деди. Мен да андан өтмүшүмдү сурабашын өтүндүм. Макул болду. Билесиз, менин да жашыра турган көп нерсем бар. – Эгерде сени сүйсө, сенин башыңдан өткөн нерсе сенин күнөөң эмес экенин билиши керек да, Айсулуу. Сен эмнеге аны жашырышың керек?- деди апасы айласы кете. – Мен анын идеалындагы адам болгум келет. Кирдетким келбейт аны. Ал мени аяп карашын каалабайм. Апа, мен биринчи жолу бирөөнү сүйдүм. Жөн эле сүйгөн жокмун, жан дүйнөм менен байланып сүйдүм. Мени коё бер, эч нерсе сураба. Бактылуу болушумду кааласаң эч нерсе кылба, иликтебе, сураба. Жайыма кой. – Мен кантип иликтебейм? Сен менин жалгыз кызымсың. Менин сенден башка кимим бар? – Кызың экенимди кеч эстедиң да, апа. Альфия бетке чапкандай боло түштү. Дайыма ушинтет. Көзүндө, сөзүндө, мамилесинде ушул таарыныч турат. “Сен мага жакшы эне болгон эмессиң” деген ачыктан ачык күнөөлөө бар кызда. Өңү бозоро түштү. Муну Айсулуу да сезип калды. Бирок апасынын жанына барып кечирим сурап же кучактай албады. Экөөнүн ортосунда билинбеген дубал дайым турчу. Экөө тең бул дубалды жарып өтө алышчу эмес. – Атам болсо мени түшүнмөк...- деди кызы акырын гана. Кечирим сураганы ушул болду окшойт. Альфия эч нерсе дей албай сумкасын алып чыгып кетти. Машинесине барып тынч ала албады. Ким бул Эркин? Кантип тез арада кызынын башын айлантып алды? Эмнеге эч кимге жарыя кылбай, ата-энесине да кабар кылбай шашылыш үйлөнгөнү жатат? Машинесин четке тартып, ошол күнү тиги жигитти көрмөй болду. Кечке жуук кепкасын көзүнө түшүрө кийген жигит үйүнүн жанында пайда болгонун көрдү. Эркин ушул экенин алтынчы туюму менен сезди. Жүзүн эч эле көрө албай жатты. Бир кезде Айсулуу чыгып келе жатканда кепкасын өйдө көтөрө берип күлүмсүрөп калды. Даана көрдү жүзүн! Альфиянын жүрөгү токтоп кала жаздады. Жазбай тааныды. Аскардын уулу! Көргөн, эсинде. Ал атасынын көчүрмөсү болчу. Дал атасындай келишимдүү, жүзү сулуу! Ал тургай көздөрү да ошого окшоп жарк этет тура. Кимдир бирөө бомба таштап жибергендей болду. ххх – Кайда баралы?- деди күлүңдөгөн Эркин. – Тоого. – Кеттик. Айсулуу алдыртан Эркинди карап бара жатты. Апасы айткандай эч кандай аферисттин образын көрө албады. Эмне десе, кандай айтса жүрөктөн айтып жатканын сезчү. Мынчалык көпкө маска тагынуу мүмкүнбү? Ата-энеси тууралуу сурагысы келди. Бирок алар тууралуу сурабайм деп сөз бербеди беле? Айсулуунун башкача карап жатканын байкады окшойт, Эркин кылчая карап жылмайып койду. Ушунчалык жылмайганы жагымдуу адам болобу, Айсулуунун жүрөгү тыпырап кетти. Биринчи жолу кызганыч таарып өттү жүрөгүн. Башкалар ушу жылмаюуну көрбөсө деп тилеп жибергенин байкады. – Мен макулмун!- деп жиберди. – Эмнеге макулсуң? – Үйлөнөлү! Шашканынан Эркин тормозду шак тээп алды. Машина тез токтоду эле, экөө тең силкине түштү. Коркуп кетти кыз. – Чын элеби? -деди Эркин. – Мен макулмун. Баары сен айткандай болсун. – Жаным! Ушундай эзилип айтты жигит. Жыргап жолун улашты. Алар бул күнү аябай бактылуу эле. Деле өмүрлөрүндө бирөөгө төгүлүп-чачылып сырын айтпаган кыз Эркинге бардык нерсесин айтып жатты. Бир гана каргашалуу түн тууралуу үндөбөдү. Мындан Эркин да коркуп турган, ичинен “ошол нерсени айтса мен эмне кылам?” деп коркунучтан жанын жеп жатты. Айсулуу айта албады. Таптаза сүйүүсүн булгагысы келбеди. “Чет өлкөгө кетип калабыз, жашоону башынан баштайбыз, баары жакшы болот. Мен да бактылуу болом” деп ойлоп турду. Бакыт көзүнөн чууруп, ай аалам ага ажайып сезилди. Аалам кооз, жүрөгүндө бакыт, жүзү толо күлкү эле экөөнүн... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|