Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)№1015 20-26-май, 2022-ж.
Карлыгачты чачтан алган Маратка Байыш жетип барды. Карылуу неме Маратты силкип ыргытты. Карлыгач Байыштын аркасына корунду. Марат кетенчиктеп барып туруп калды. Кайрадан Байышка атырыла бир тийди, бет талаштыра муштап жиберди, экинчи ирет колу келе жатканда Байыш билектен кармап колун кайрып, арка талаштыра тээп жиберди. Карлыгачка жулунуп жаткан Марат эми болгон ачуусун Байыштан чыгарууга өттү. Экөө балжа-булжа мушташып жатышты. Байышты жыгып алып бет талаштыра муштап жаткан Мараттын алдына келип тура калды Карлыгач. – Токтот! Эмне өлтүрөсүңбү, токтот?!- Мараттын колуна чапкенедей жармашып калды. – Сабасаң мени саба, тийбе ага! – Канчык, сен менин колумдан айлан!- жерди бир муштап шалдайып отуруп калды. Бул анын өмүрүндөгү эң ызалуу күнү болду. Он жылга чукул түтүн булатып бирге жашаган жубайы минтип көзүнө чөп салып отурат. Ошончо жыл бирге жүрүп, бир төшөктө жаткан жубайы бүгүн аны эмес, башка бирөөнү коруп отурат. Өз көзү менен көрбөсө эмне?! Издеп кафеге келбесе эмне?! Мынча күйбөйт эле го! – Сен ушуну кылат белең? Эмнеге, эмнеге? Иштейм дейсиң. Тапкан жумушуң ушул беле? Иштей турган жерди тапкан экенсиң да. – Марат, мен Байышты сүйөм. Мен ажырашууга арыз бергем. – Эмне?! Энеңди гана урайын! Күйдүрөсүң го, эки балаң ачка отурат, сүйүүнү эмне кыласың? – Бак сен, эмнеге ачка отургузасың? Эмне балдарды бетке кармап мени токтотом деп жатасыңбы? Балдардын өз ырыскысы бар дечү эмес белең, балдар өз күнүн көрөт. Мен эми Байышсыз жашай албайм. Мени жөн гана коё бер. – Сен айнып калган турбайсыңбы, түкүрдүм сенин бетиңе!- Карлыгачтын бетине түкүрүп туруп көчөгө чыгып кетти. Деңгиреп көчө бойлой бара жатты. Эшикте көнөктөп төгүп жаткан жамгырды дагы байкаган жок. Бир топ басты. Ичи өрттөнүп күйүп баратты. Караңгы көчөдө жаркырап жарыгы күйүп турган дүкөндү көздөй бет алды. Бир бөтөлкө арак алды да, эшикке чыгып бөтөлкөсү менен кулкулдатып жутуп жатты. Ачуусун ошол басып, дүйнөсүн ошол тегиз кылчудай сезилди. ххх Апасын күтүп зарыгып турган балдар эми акыйып атасын күтүп отуруп калышты. Кичүү уулу ыйлап баштаганда кошуна аял Карлыгачка да, Маратка дагы бир нече ирет телефон чалды. Бирок экөө тең алган жок. Акыры таттуулардан берип жатып араң сооротту. “Келип калар” деп күбүрөнгөн аял өзүнүн балдарын уктатып, идиш-аягын жууп бүтүп балдар отурган бөлмөгө келди. Экөө бири-бирине сүйөнгөн бойдон телефонду кармап отурган жеринде уктап калышыптыр. “Ай, байкуштарым, ай, силерди эмне мынча кыйнашты?” деп сүйлөнгөн аял балдарды жаткырып үстүн жаап койду. – Саат бирден өтүп кетиптир. Булар балдарын унутуп калган го. Карлыгач деле акылдуу келин эле, балдарын эмнеге таштап кетти экен?- жолдошуна сүйлөндү. – Өздөрүнүн бир маселеси бар го, эмне кыласың аларды? – Эмне кылат элем? Карачы, балдар кыйналып жатпайбы. Кийимдери кирдеп жүдөп бүтүптүр, курсактары да ач. – Жашоодо эмнелер гана болбойт, андан көрө жарашып калышса экен,- деди киши оор үшкүрүнө. ххх Жаткандан бери Тимурдун көзү ирмелбеди. Толуп турган ай көтөрүлгөн сайын бөлмө уламдан улам жарык боло берди. Тимур айдын жарыгында мемиреп уктап жаткан Айсараны суктана карап отурду. Бүгүнкү коркуп алая караган көздөрүн элестетти. Сүйүп аярлап жүргөн Айсарасына биринчи жолу кыйкырды. “Коркутуп албадымбы?” деп коёт. “Ыңгай түзүп берем деп жатып чын эле капаска камап жаткан жокмунбу?” Тимур ар ойдун башын чалып өзүнчө бушайман. ххх Марат мастыгы менен жарым түндө кайнежесинин үйүнө барды. Мас неменин акылына уят-сыйыт деген нерсе келет беле, каалганы болгон күчү менен ургулай берди. Бир кезде бажасы эшикти ачты. – Эй, сага эмне болду жети түндө? Тынччылыкпы? – Жезде, мен өлдүм. Мени Карлыгач өлтүрдү. – Эмне деп жатасың? Бас үйгө кирчи,- колтуктай кармап үйгө алып кирип кетти. Эшиктин катуу такылдаганынан кайнежеси да эбак төшөктөн туруп калыптыр. – Буга эмне болгон, өлөрчө ичкен го,- жаман көрө карап койду. – Эже, мен өлдүм. Баары бүттү. Карлыгач мени тирүүлөй өлтүрдү. – Эмне деп эле жатасың? Эмне дегениң билинбейт. Карлыгач каякта?- деди кайнежеси жакын басып келип. – Кетти, бизди таштап кетти. Балдар калды. Сүйөм дейт, эже, сүйөм дебедиби?- ый аралаш мас неме кыска-кыска бир нерселерди божурай берди. – Бул минтип келчү эмес эле, бир нерсе болгон го,- деди жездеси. – Сүйдү дейт, кетти дейт. Эмне дегени билинбейт. Түшүндүрүп бир нерсе айтсачы. Карлыгачка чалайынчы,- аял телефонун алганы аркы бөлмөгө кирип кетти. Марат диванга сүйөнгөн бойдон уктай кетти. Бажасы башына жаздык коюп жаткырып койду. Эжеси Карлыгачка бир нече ирет чалды, өчүк болуп жатты. – Болду эми, эс ал. Өчүк болсо өчүк да. Эмне болсо да эртең менен көрөрбүз. Санааркап калган аял уктай албай койду. Эмне кыларын билбейт, улам-улам Карлыгачка телефон чалып коёт. Ар кандай ойлор келип жатты. Таң сүрөрү менен күйөөсүн ойготту. – Санаам тынчыбай жатат. Турчу, машинаңды айда. Карлыгачтын үйүнө барып келели,- деп күйөөсүн ойготуп алды. Алар кыбыр-күбүр болгондо Марат дагы ойгонду. Башы деңгиреп кайда экенин аңдай албай бир топко жатты. Аңгыча бажасы келип калды. – Эй, атаңдын оозун урайын, соолуктуңбу? Жети түндө келип жүрөктүн үшүн алдың го. – Салам алейкум. Кечиресиз, жезде, билбей калыптырмын. Эч нерсе билбейм, бул жакка кантип келгеним эсимде жок. – Тынччылыкпы, эмне болду? Эмне акыл-эсиңди жоготкончо ичтиң? Сенин мындай ичкениңди биринчи көрүшүм. – Тынччылык болбой калсын. Биз курудук,- башын мыкчыды. Аңгыча кайнежеси да жетип келди. – Карлыгач кайда? Эмне уруштуңарбы? – Карлыгач жок. Сүйүп калган имиш бирөөнү. – Ок, кокуй, эмне дейт? Каяктагы сүйүү? Эмнени айтып жатасың? Сен соолугуп сүйлөп жатасыңбы? – Жаш бала экен. Сөз укчудай түрү жок. Эже, сиздин сөзүңүздү укчу эле, айтып көрүңүзчү. Ага да, мага да эмес, балдарга кыйын болуп кетти. "Апам качан келет?" деп күндө ыйлап жатышат. Ажырашууга арыз бердим дейт,- Марат оор үшкүрүнүп алды. – Күндө дейби, кокуй? Ал эмне үйдө жашабай элеби? Баш чайкап койду Марат. – Балдар ыйлады го, мен барайын,- балдарды эми эстегендей Марат ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү. Кайнежеси талкан сугунган немедей нес болуп унчукпай отуруп калды. Качан гана Марат үйдөн чыгып кеткенде артынан жөнөдү. – Ай, түнү бою чалып байланыша албай койдум. Кайдан табам аны? – Жумушунан,- Марат Карлыгач иштеген кафенин дарегин айтып дарбазадан чыгып кетти... – Карлыгач мындай жолго барбайт эле, бул эмнени айтып жатат?- эжесинин ишенгиси жок. – Бара көрөрсүң, кийин, мен сени жолдон таштай кетейин,- деди күйөөсү. Эжеси кафеге кире бериштен эле бир жигиттин жакасын түзөп жаткан Карлыгачты көрдү. Аттап-буттап алар турган жерге жетип барды... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|