Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1018 10-16-июнь, 2022-ж.
Эркин көзүн ачып аялына жылмайып тиктеди. Айсулуу бул жылмаюуга туруштук бере албай шалдырап турду. Сонун жылмаят бул бала, куду ичине күндү батырып алгандай жылуу жылмаят. – Ачка болдуңбу, мен сага эртең мененки тамакты даярдайын. Азыр турам,- деди Эркин. – Чогуу даярдайлы. Экөө эртең мененки тамакты чогуу даярдашты. Бирок мурункудай эмес эле. Эмне деп сүйлөшсө да сөздөрү супсак, ортосунда билинбеген бир дубал өсүп чыккандай батынбай жатышты. – Мени апам чакырып жатат, ооруп калыптыр,- деди Айсулуу. – Кандайча? Жакшы эле эмес беле? – Кечээ айтты. Мен кетишим керек. – Коё тур, мен жумуштан суранайын, чогуу кетебиз. – Мен кайра тез эле келем, убара болбо. – Боюңда барда учакта учууга болбойт дешкен врачтар, эсиңдеби? – Азыр ичимдеги балага 6 ай болду, мен сурадым, кечээ врачта болдум. Эч нерсе болбойт деди. – Айсулуу? – ... – Эмне болду сага? – Бир аз жалгыз калгым келип жатат. Жубайлардын ортосунда кризис деген нерсе бар экен го. Мен бир аз жалгыз калайын. Билесиң, мен баары бир сенсиз жашай албайм. – Мен сени жоготуп алам деп корком. Эркин бул сөздү ичинен айттыбы же сыртынан айттыбы, түшүнбөй калды. Азыр кетирбей коё албайт, токтото албайт. Анткени Айсулуунун темирдей мүнөзү бар, бир чыгарган чечиминен кайтпайт. Бирок Эркиндин көздөрү жалдырап турду. “Кетпе, кандай болгон күндө да мени таштаба” деп жатты көздөрү, Айсулуу көзүн ала качты. – Макул, бүгүн албай тур билетти. Мен иштеримди бүтүрө калайын. Чогуу кетебиз. Айсулуу башын ийкегендей болду. Эркин жумушуна кетти. Жалгыз калган Айсулуу үйдү айланта карады. Кандай гана бактылуу болушкан эле бул үйдө... Элестер биринин аркасынан бири... Эркин бул үйгө көтөрүп кирген Айсулууну... – Вау, сонун үй го. Бул эми биздин үйбү? – Ооба, сен кааласаң сатып да алабыз. – Бирок биз саякаттайбыз деп чечтик го. – Албетте, саякаттайбыз. Аялынын алкымынан, көздөрүнөн өпкүлөдү. Айсулуу да ага ыктай берди. Ушундай жалындап сүйүштү бири-бирин, мындай бүтөт деп Айсулуунун үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ушул элестер көз алдына келди. Туруп чемоданын жыйнай баштады. Нике шакегин алып чыгып тумбочкага койду. Кыя албай кайра колуна салды. “Балким, мунун баары калптыр” деген үмүт болуп жатты. Кат жазайын деди, ага да эмне деп жазарын билген жок. Жүрөгү үзүлүп кетчүдөй болуп жатса да эшикти көздөй кадам таштады... Кайсы жерде башталса, окуя ошол жерден бүткөнү оң. Демек, мекенинен... ххх Эркин жумушта отурган. Бир маалда Айсулуунун гинеколог врачы телефон чалып калды. – Саламатсызбы? – Эркин, саламатсыз, баары жакшыбы, Айсулуу оюнан кайттыбы? – Кайсы оюнан?.. – Сизге айткан жок беле? – Эмнени? – Эгерде өзү айтпаса менин айтканым туура эмес болуп калат го... – Балким, унутуп калгандыр, бала жакшы элеби? Сиз айта бериңиз мага... – Түйүлдүк жакшы. Эч бир маселе жок. Айсулуу кечээ келип мага баланы боюнан алдырам деди. – Эмне-е? – Мен убакыт өтүп кеткенин, баланы бул убакта алдырса болбой турганын айттым. – Кандайча?- деди Эркин киркиреген үн менен. – Абалы оор болчу. Баланы каалабай жатканын айтты. Балалуу болуу туура эмес чечим болгонун айтты. Ыйлады. Мен дагы ага ойлонушу керектигин айттым. Эркиндин колунан телефон түшүп кетти. Шалдырап отуруп калды. Демек, билген экен баарын! Бүттү баары. Мушкердин колунан соккунун аркасынан сокку жегендей далдырады да калды. Канча отурганын билбейт, бир маалда өзүнө келип үйүнө жөнөдү. Жолугушканда эмне айтам, кантип көзүнө карайм деп ойлонду. Эшик ачык калыптыр. Жүрөгү шуу дей түштү. – Айсулуу! Жок, бош экен бөлмөлөр. Кеткенин жүрөгү менен сезди. Кийим салган шкафтарды ачты, кийимдери жок экен. Кетиптир, демек... Бакырып-бакырып алды. Бөлмөдөгү буюмдар да аны шылдыңдап жаткандай сезилди. Куду ушулардан өч алчудай колуна эмне тийсе талкалап кирди. Чарчаганда токтоду. Талкаланган буюм-тайымдын ортосунда отуруп буркурап ыйлап жиберди. Дал ушул бөлмөдөй талкаланды, алардын жашоосу, кыялдары... ххх Айсулуу апасына жазган эле, аэропорттон тосуп алды. Ал кызы жөн келбегенин жүзүнөн карап эле билди. – Апа, кандайсыз?- деди кызы суз жылмайып. – Жакшы, Эркин келген жокпу? Ал сени жалгыз жибербейт эле... – Келет жакында. Бир иши чыгып калды. – Тынч элеби?- деди апасы үйрүлүп түшүп. Айсулуу эрдин кесе тиштеди. Азыр ушул жерден ыйлап ийчүдөй болуп барып араң токтоду. Башын чулгуй берди. – Баары жакшы, апа... Ушул учурда ага телефон чалуу келди. Бул Эрик болчу. – Сени көрдүм. Атаң менен болгон окуянын аягына жетем деп келсең, менден гана маалымат ала аласың. Ал дагы бекер эмес. Чоң акча турат! Сени менен учакта чогуу келдим, мени байкаган жоксуң. – Эмне-е? – Чүш, сенин эмнеге келгениңди билем. Далилдердин баары менде. Сен туура жолдосуң. Үйүңдү билем, өзүм кабарлашам. Телефон өчтү. Колдору калтыраган Айсулуу эки жагын карады. Эч ким көзүнө чалдыккан жок. – Эмне болду? Ким телефон чалды сага? – Мындай эле, жүрүңүз, такси кайсы жакта?.. Айсулуу апасы менен таксиге түшүп кетти. ххх Аскар жашоосундагы экинчи тозогун жашап жатты. Кант диабети менен ооруп калганына көп болгон. Өзү оору менен алышып, бир жагынан жаш аялы Маралдын жоруктары жанын күйгүзүп, дагы бир жагынан компаниясы банкрот болуп айласын таппай калган. Элден да алыстап, өзүн көлдөн ыргытылган балыктай сезип жатты. Дарысын издеп эч таппай койду. – Марал! Үн каткан адам болгон жок. – Марал дейм! Жооп жок. Уктоочу бөлмөнү ачып Марал бирөө менен шыңкылдап күлө сүйлөшүп жатканын көрдү. Ачуусу башына урду. – Эй, токтотчу алдагы телефонду. Күнү-түнү ушуну менен кыйшаңдап отурасың. Башка ишиң барбы? – Тысс!- деди да Марал телефондогу адамы менен шашпай сүйлөшүп бүттү. – Ии?- деди сулуу каштарын серпе Аскарды жек көрө карап. – Дарыларымды койгон жеримден таппай жатам. – Мен кайдан билем, өзүң коёсуң го дайыма. – Таппай жатам мен! Ордунан турган Марал басып барып текчелерди караштырып жатып бир кутуну таап келди. Ал бош чыкты. – Алып койсоң болобу? – Кызык, эмнеге мен алышым керек? – Сенин бул үйдө функцияң кандай өзү? – Не читай мне мораль!- эшикти бетине тарс эте жапмакчы болуп бара жаткан жаш аялынын колунан кармай калды. – Дагы? – Тажаттың, чын, ооруп жатсаң ал үчүн врачтар бар. Аскар күйүп кетти. Бир апта мурун эле ооруканага жатып чыккан. “Эми кайра жат” дегенин кара. Деги буга ким Аскар? – Мен сага киммин? – Уф, тажаттың. – Мен сени тажатсам жол ачык. Эч кимди кармаган жокмун. Марал эч нерсени укпагандай башын чулгуй каалгып кирип кетти. Бул ушундай, эч нерсе менен муну өзгөртө албайсың, жамбашын чайпап, кашын серпип басып кетет. Бир нерсени айтып түшүндүрүү да мүмкүн эмес. Мыйыгынан жылмаят да турат. Бул Марал! Аскар өзөгү өрттөнө үшкүрдү. Аягы ушундай эле беле? Жыргады, ойноду, күлдү. Баласын бала деген жок, аялын аял деп кадырлаган жок. Азыр ага баары чоочун. Өзү да аларга чоочун. Дүйнө жүзүндө ага ыйбоо карай турган адам жок. Дарысы түгөнүп калса да, ал тургай өзү өлүп калса да баары бир. Жашап жатабы, өлүп жатабы эч кимдин иши жок. Сөгүнүп алды. Бирок ошол эле учурда “мен бул жашоону өзүм жасап алган жокмунбу?” деген ой келген жок. Бардыгы көмүрдөй кара, өзү эле апакайдай сезилди. Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кимге барат? Сүйүнгө баргысы келди. Бирок бара албады. Досу Алмазга бармай болду. Бир болсо ошол эски досу көңүлүн көтөрөт. Дагы эле баягы өзгөрбөгөн Алмаз досу. Баягы эле устаканасында иштеп жатат. Болгону кичинекей небереси там-туң баса бир нерселерди кылып жүрөт. – Эй, сен да токол алып балалуу боло калдыңбы?- деди таң калган Аскар. – Кудай аткыр, оюң жаман сенин!- деди күлгөн Алмаз. – Бул неберем. Улуу балам үйлөнгөндө келбей койдуң эле го, ошонун баласы. Так мени тартыптыр, оюнчуктун ордуна ушул жерге келип темир менен ойнойт. Сыймыктана кичине баланы колунан ала алкымынан жыттап алды. Досунун колундагы кичине баланы карап жүрөгү сыздай түштү Аскардын. Анын да небереси болмок, ал да небересин колуна алып ушинтип жыттамак. Бирок жыттай албайт болчу, анткени анын таятасын... Ойлордон качкысы келгендей башын чулгуп алды. Асманды карады, көздөрүнө келген жашты ушинтип токтотту. Алмаздын анын кайгысы менен эмне иши бар? Колундагы неберени кучактап мээримин төгүп жатты. Бир кезде Аскарды тиктеп калды. – Эргул, сен мага жөн келчү эмес элең, эмне болду? – Кандайча? – Аябай жакшы болуп турганда же аябай жаман болуп турганда эле мени издейсиң сен. Хе-хе, билбейт дейсиңби? Аскар айласыз күлүп башын чайкады... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|