
Кыргызстанда эми мугалимге сыйлабастык мамиле кылгандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары
Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана
Улан Бакасов “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.
Мыйзам долбооруна ылайык, окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) – педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү жана башка) кылса 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат.
Укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат.