Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КИЧИНЕКЕЙ КЕЗИНДЕ АТАК-ДАҢККА ЭЭ БОЛГОНДОР

№243 29-июнь-5-июль, 2007-ж.


Актёрдук кесипке ээ болуу үчүн бир канча атактууларыбыз билим алып, нечен жыл тажрыйба топтогондон кийин гана киного тартылуу укугуна ээ болушкан болсо, кээ бирлери ымыркай кезинен эле шоу-бизнеске аралашып келишет. Алардын арасында ичинен оргуп чыккан чыныгы талантынын күчү менен келгендери да, ата-энесинин колдоо­су менен келгендери да бар. Анда “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санында кичинекей кезинен эле атак-даңкка ээ болгон киноактёрлор тууралуу сөз кылмакчыбыз...

ЛИНДСЕЙ ЛОХАН
Жаш актриса жана белгилүү ырчы Линдсей Лохан 1986-жылы 2-июлда Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Линдсейдин кичинекей чагынан эле атактуу болууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Анткени, атасы Майкл Лохан бир нече макарон чыгаруучу ишканаларды жетектеп, Голливуддагы кээ бир долбоорлорго демөөрчү болуп келген. Ата-энесинин колдоосу менен таланттуу кыз үч жашынан баштап рекламалык роликтерге тартыла баштайт. Сары чачтуу, бетин майда сепкил баскан Линдсей ошол кездеги талабы эң жогору жарнама аткаруучулардын бири болууга жетишкен. Бешиктен бели чыга элек экенине карабастан 60 рекламалык роликке тартылып, телерадио берүүлөргө да чакырыла баштайт. 10 жаш курагында кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап, “Другой мир” сериалына тартылган. Мындан көп узабай эле 1998-жылы атагын алыска тараткан “Ловушка для родителей” комедиясында өзү жалгыз эле эгиз кыздардын ролун аткаруу менен “Жаш актриса”, “Жаш жылдыз” номинацияларына ээ болгон. Балалыгы башкалардан өзгөчөлөнгөн Линдсей аткаруучулукка биротоло берилип кетпестен мектепте да жакшы окуган. Ар тараптуу таланттардын ээси болуп, 2002-жылы ырчылык менен да алектенүүгө жетишкен. Азыркы тапка чейин Линдсей 21 гана жашта экенине карабастан 20дай кинотасмаларга тартылып, 2 альбомун чыгарганга жетишти.

АЛЕКСАНДР ГОЛОВИН
Александр Головин 1989-жылы 13-январда Чехияда төрөлгөн. Атактуу актёр болуу Сашанын балалыгындагы кыялы эле. Баарыбыз балалыкта сүйүп көргөн “Ералаш” киножурналында жөнөкөй бала Санёктун катышкандыгы тууралуу билебиз. Бул тасмага “Ералаштын” дагы бир каарманы Аня Цуканованын жардамы менен келип, актёрлук кесипке алгачкы кадамын таштаган. Тамашалуу киножурналга тартылуучулардын баары эле жаш балдар болгондуктан, шериктерин өздөрүнө тандатып коюшчу. Ошондо Аня Сашаны тандаган экен. Ал кезде Саша болгону 9 жашта болсо да, режиссёрлордун купулуна толгон роль жарата алган. Бул тасмалар атактуулукка жетелеген жол болуп, аты эл оозуна алына баштайт. Мындан көп узабай эле 10 жаш курагында “Бледнолицый лжец” фильмине тартылган. Андан тышкары “Сволочи”, “Кадеты”, “Повелитель луж” фильмдеринде баш каармандардын ролун аткарат. Бир нече рекламалык роликтерде, сериалдарда да чеберчилик менен ойноп, атактуулуктун желегин желбиретип келет. Андан тышкары Саша “Норд-Ост” мюзиклында дагы ойногон. Учурда актёрдук кесиптин артынан түшүп, дагы да болсо тажрыйба топтоп келет, “Кадетство” сериалындагы Максим Макаровдун образын чагылдырып, жаш кыздардын жүрөгүн жаралап, жылдызы жанып турган убак.

МЭРИ КЕЙТ жана ЭШЛИ ОЛСЕНДЕР
Эгиз кыздар Мэри Кейт менен Эшли 1986-жылы 13-июнда Лос-Анжелес шаарында төрөлүшкөн. Кийинки жылы эле 9 айлык эгиз кыздарды биринчи жолу “Полный дом” сериалындагы Мишель Теннердин ролуна экөөнү алмак-салмак тартышкан болчу. Ушундай жол менен шоу-бизнеске аралаша баштаган Мэри Кейт менен Эшли кийинки өткөн 21 жыл аралыгында бир канча кинолорго чеберчилик менен тартылуунун артынан атак-даңкка жетип отурушат. 1991-жылы атасы Дэйв Олсен кыздардын эски менеджерин ишинен айдап, анын ордуна Роберт Торнду кызматка алган. Торн жаңы компания ачып, Эшли менен Мэри бул компаниянын жетекчилери болуп калышкан. Ошентип, Голливуд тарыхында эң жаш продюсерлер деген атка конуп, атактары алыска тарайт. Ушул эле жылы “Продаётся братик”, “Я самая симпатичная” компакт-дисктери жарыкка чыккан. Мэри жана Эшли Олсендер катышкан “Прячься, бабушка, мы уже едем” фильмин кээ бир каналдардан жаңы жыл түнү да көрсөтүп калышат. Таланты ар тараптуу Мэри Кейт менен Эшлинин “Приключения МК-А” компакт-дискинен тышкары китеби да бар. Кино жаатындагы 20 жылдык эмгеги бир топ бийиктиктерди багындырууга өбөлгө болду. Андан тышкары модалуу кийимдердин дизайнын чыгаруу менен да алектенип келишет. Учурда эгиздер чыгармачылык менен кызуу иштешип, ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы менен Калифорния штатында турушат.

ДМИТРИЙ ИОСИФОВ
1965-жылы 22-октябрда жарык дүйнөгө келген. Күтүүсүздөн эле киного келип калганын Дмитрий мындайча баяндаган: “Муз үстүндө бийлөө мектебинде жүргөнүмдө мени балдардын арасынан тандап алып эле Арлекинонун ролуна бекитип коюшкан. “Ичим ооруп жатат” деп качканыма карабай кайра апкелип, Буратинонун ролун беришти. Кечке эле узун сабиз сыяктуу мурунду мага ченеп көрүп, кайра чечип эле жатышкан. Көрсө, киного тартылып жатыптырмын”. Алгач тартылуудан баш тартып качып жүргөн болсо, мындан кийин анын жашоосу өзгөрүлүп, кинодон башканын баары кызыксыз болуп туюла баштайт жана “Красная шапочка”, “Капитан Сорви-Голова” тасмаларына да тартылган. Учурда үч баланын атасы Москва шаарында турат. Бир кезде “Приключения Буратино” фильминен тушоосу кесилген актёр азыркыга чейин бул кесипти аркалап келет. Тартылган кинолорун санабаганда, режиссёрлук да жагы бар. Мисалы, “Убойная сила” сериалынын, “Последний герой”, “Двенадцать негритят” теледолбоорлоруна режиссёрлук кылган.

МАКОЛЕЙ КАЛКИН
Маколей Калкин тууралуу билбегендер аз болсо керек, анткени, жалпы эле кино тарыхында аты кала тургандай эле актёр десек жаңылбайбыз. Маколей 1980-жылы 26-августта Нью-Йорк шаарында туулган. Шоу-бизнеске 4 жаш курагында эле аралаша баштаптыр. Ал эми 8 жашында биринчи жолу киного тартылат. Кастингге катышкан 200 баланын арасынан эң татыктуу экенин далилдеп, 90-жылдардын башында бардык киносүйүүчүлөрдүн жандүйнөсүнөн орун алган “Один дома” фильмине тартылат. Бул болсо кино жаратуучуларга 285 миллион долларлык киреше алып келсе, Маколейге 5 миллион доллар жана атак-даңк тартуулады. Көп узабай 1992-жылы “Один дома-2” жарыкка чыккан. Мындан кийин дагы бир канча кинолордо роль жаратканы менен көпчүлүктүн эсинде кичинекей болуп туруп үйүнө уурулукка келген адамдарды тузакка түшүргөн акылдуу бала Кэвин катары кала берди. Бирок, жеке жашоосунда таттуу турмуш кечип жатат деп айтууга да ооз барбайт. Анткени, ата-энеси ажырашып, психикалык жактан оорулуу апасы анын колунда калат. Маколей 17 жашында үйлөнүп, эки жылдан кийин кайра ажырашып кеткен. Ал аз келгенсип, оорулуу апасы үйүн өрттөп жиберип, бир кабатта жашаган кошуналарын да оор жоготууларга алып келген. Ушундай турмуштун соккуларынан кийин Мактын карьерасы 6 жылдык үзгүлтүккө учурайт. Кийин кайра экран бетине “Клубная магия” фильми менен кайтып келген. Мында белгилүү дүйнөлүк түнкү клубдар промоутери Майкл Элигдин ролун жараткан. Ушул киного тартылгандан кийин “Калкин түнкү клубдарга көп барып, наркомандар менен мамилелеш боло баштаган” деген сөздөр да тараган.

ДРЮ БЕРРИМОР
Дагы бир кичинекей чагынан эле аты алыска тараган жаш актриса Дрю Берримор 1975-жылы 22-февралда Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында атасы мас абалында үйбүлөсүнө кол салып, алардын арасында Дрю дагы мындай кордукту көрүп чоңоёт.
Дрюнун кинокарьерасы ымыркай кезинде эле башталган. 9 айлык наристе кезинде рекламалык роликке тартылган болсо, 2 жашында алгачкы жолу “Неожиданная любовь” киносуна катышат. Беш жылдан кийин ийгилик коштоп, Спилбергдин “Инопланетянин” фильмине тартылуу менен атагы алыска тарайт. Ушундан кийин “Американын чыныгы супер жылдызы” деген атка конгон. Популярдуулуктун кесепети тийдиби, айтор, Дрю ар кандай кечелерге баруу менен бирге спирт ичимдиктерин колдоно баштаган. Мунун айынан карьера жолунан четтеп, керек болсо үстүндө үйү жок калганга чейин барат. Айласыздан батирге чыгып, акысын төлөө үчүн аягында даараткана тазалоочу болуп да иштеген экен. Мындай турмуштан тажагандыктан, 1989-жылы өзүнүн жанын кыюуга да аракет кылган. Бактыга жараша, бул ою ишке ашпай, жаңыча турмуш баштоого түрткү берет. Бул окуядан кийин Берримор: “Мен кайрадан жашоого келдим, бул күн менин экинчи туулган күнүм”,- дейт бул тууралуу. Андан бери 20дан ашык кинодо ойноп, кайрадан өз жолуна түштү. 1994-жылы турмушка чыгып, 2 айдан кийин эле ажырашып кеткен эле.

КАРЛА ДИАЗ
Карла Каролина Морейро Диаз 1991-жылы 18-ноябрда Бразилиянын Сан-Пауло шаарында төрөлгөн. Азыр Карла 16 жашта. Ал эми бир ай ичинде тапкан акчасы 5 миң доллар экен. Бирок, өзү мынчалык чоң суммадагы акча таап жатканынан кабары да жок дешет. Учурда Карланын чыгармачылык эсебинде 92 рекламалык ролик, 6 сериал жана 2 көркөм фильми бар. Каролина рекламаларга эки жарым жашынан баштап эле тартыла баштаган. Көп узабай эле “Нас было шестеро” теленовелласына катышат. Ал эми 5 жашында сериалдарга тартылып, Аргентинанын эпопеясы “Девушкиде” өзгөчө роль жаратып, популярдуулукту багындырат. 2000-жылы көпчүлүккө белгилүү “Семейные узы” сериалына катышкан. Анын талантын байкаган актриса Джованно Антонелли “Клон” көп сериялуу фильмине катышуу сунушун киргизген. Ал эми бул кинодогу Жадинин кызы Хадижаны кимдер тааныбайт?! Учурда болгону 16 жашта экенине карабастан жаш актриса үйбүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып да келет.

НАТАЛИ ПОРТМАН
Натали Портман 1981-жылы 9-июнда Иерусалимде төрөлгөн. Балалыгында бийге кызыгып, ийримдерге катышып жүрчү. Бирок, кийинчерээк актриса болууга бел байлайт. 1994-жылы Наталинин катышуусунда биринчи дебют фильми “Леон” жарыкка чыккан. “Леон” актрисага кең келечектүү карьера тартуулады. Мындан кийин эле анын катышуусунда Робертс Де Ниро жана Аль Пачинолор менен биргеликте “Схватка” фильминде, “Красивые девушки”, “Марс атакует”, “Все говорят, что я люблю тебя” кинолору арты-артынан чыга баштаган. Учурда дагы карьерасын көтөрүүгө күчтүү аракет кылып келет жана өзүнүн айтуусунда, бүт өмүрүн актёрлук кесипке арнап, болгон күчүн киного жумшамакчы.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: