Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)№1022 8-14-июль, 2022-ж.
Сот залынан чыкканда Тимур Нурзаттын жанына келди. Тимур эмнегедир сөзү буулуп сүйлөй албай койду. Экөө үн-сөзсүз бир топко турушту. – Мен эми тынчыңды албайм, кетип жатам,- деди Нурзат мукактана. Үнү дирилдеп чыкты. – Кайда?- Тимур тайсалдап Нурзаттын көздөрүнө карады. – Уулумдун жанына,- көзүнөн жаштар сызылды аялдын. – Ыйлаба, баары жакшы болот. Ишенчи, сени дагы жан дүйнөңө жага турган жашоо күтүп жатат,- Тимур Нурзаттын жашын сүрттү. – Мен барайын, сага чын жүрөктөн бактылуу жашоо каалайм,- деди аял. Тимур Нурзатты кучактап коштошту. Аял жолдун аркы бетине өткөндө кылчайып аркасын бир карады. Жүзүндөгү жашын сүртүп, бир жылмайып койду. Нурзат “Тимур менден кутулганына сүйүнүп аркасын карабай кетсе керек” деп ойлогон. Бирок Тимурдун анын жанына келгени, жакшы сөзүн айтып, көз жашын сүрткөнү жүрөгүн жылытты. Унаада бирде ыйлап, бирде сооронуп бара жаткан аял “болду, Нурзат, жаш кызча бырылдап ыйлаганыңды токтот. Өзүң үчүн жаша, убактыңды өзүңө бөл. Эми сен эркинсиң, эркин” деп үнүн чыгара сүйлөндү. ххх – Айсара, Айсара...- деп кыйкыра кучак толо гүл көтөргөн Тимур үйгө кирип келди. Үнүндө кандайдыр бир кубанычтын белгиси байкалат. – Тынччылыкпы?- уйкулуу көзү менен Айсара оозгу үйгө чыга калды. – Бүттү, баары бүттү. Эми экөөбүздүн жашообуз башталат, экөөбүздүн,- деп колундагы гүлүн берип, маңдайынан өптү да, тизелей отура калып шакекти сунуп кыздын колун сурады. Уйку-соонунун ортосунда турган Айсара таң калгандай Тимурду карап калды. Аялы көпкө сүйрөсө керек, жөн эле ажыраша калмак беле деп ойлогон. Тимурду ишенбегендей карады. – Эмне болду? Мына ажыраштык,- кагазды ачып көрсөтө салды. – Биз менин мыйзамдуу түрдө ажырашуумду күтүп жатпадык беле? Жок дегени турасыңбы? Жок дей көрбө...- чый-пыйы чыгып кетти Тимурдун. Айсара унчукпай колун сунду, көзүнөн жаш айланып кетти эмнегедир. Тимур шакекти салып, кызды көтөрүп тегерете берди. Качан гана башы айланганда токтотту да, бекем кучактады. – Сен меникисиң. Биз сөзсүз бактылуу болобуз,- Тимурдун жүрөгү сүйүүгө толуп турду. ххх Нурзат Тимурду унутам, өткөнгө кайрылбайм, өзүмдү гана ойлойм дегени менен, оюнан чыгарып сала албай койду. Курбулары менен жолуксам алаксыймбы деп ойлоду, бирок аларга жолугушууну жан дүйнөсү каалабай турат. Үйдө да отургусу жок. Акыры кийинип, боёнуп көчөгө чыкты. Бул сапар унаасын айдаган жок, жөө басмай болду. Айлана-тегерекке көз чаптырып шашпай баскан аял китеп саткан жерге көз токтотту. Буга чейин китеп саткан дүкөнгө эч маани берчү эмес. “Жашоону жаңы барактан башта” деген китеп көзүнө урунду, дароо сатып алды. Акчанын кайтарымын кайрып берейин деп боорундагы сумкасын чукулап жаткан баланы күтүп отурган жок. – Ал сага кала берсин,- жылмайып жолун улап кетти. – Жок, эже, мен ала албайм, мынча акчаны алгыдай эч нерсе кылып берген жокмун го сизге,- бала артынан жетип барды. – Мен сага белек кылып берип жатам, беймарал ала бер,- аял баланы башынан сылап кетип калды. Бала акчаны бир карап, аялды бир карап ага ушунчалык ыраазы болду. Ооруп жаткан атасынын дарысына кайдан акча табам деп баш катырып турган өспүрүмдүн көзүнө Нурзат Кудай жөнөткөн периштедей эле көрүндү. Нурзат жол боюндагы кофейняга кирип төрдөгү столдон орун алып, китеп окуп отурду. Бир учурда жанына бейтааныш мырза басып келди. – Жаныңызга отурсам болобу? – Башка орун калбай калыптырбы?- Нурзат китептен көзүн албай туруп жактырбагандай үн катты. – Ачууланбаңыз, сиз менен бир аз сүйлөшкүм келди. – Эмнени сүйлөшөбүз, айтыңыз,- Нурзат китепти жаап, кишини карап отуруп калды. Нурзат жактырбай турганы менен, экөө таанышып, бат эле тил табышып кетишти. – Колуңуздагы китеп жактыбы? – Чынын айсам, атына кызыгып эле сатып алдым, азырынча түшүнбөй эле окуп жатам. – Эмнеге дал ушул китепти тандадыңыз,- деген кишинин суроосун Нурзат жоопсуз калтырган жок. Төгүлүп жашоосунда болуп жаткандарды саймедиреп отурду. – Аа, ошондой деңизчи, жан дүйнөңүздүн тынч эмес экени жүзүңүздөн байкалып турат. – Эми жолдошумду, баарын унутуп өзүм үчүн жашайын деп чечтим,- деген Нурзат телефонуна үңүлдү. Жүзү дароо өзгөрө түштү. “Бир күн чыдай алган жоксуңбу?” деген сөзү жанындагы кишиге дагы угулду. – Эмне дедиңиз? – Бүгүн эле ажыраштык го. Күйөөм, тиги жаш сүйгөнүнүн колун сураптыр. – Азыр эле баарын унутуп, өзүм үчүн жашайм деп жатпадыңыз беле... Демек, сиз ал адамды коё бере албай жатасыз. Сиз аны коё беришиңиз керек. Жек көрүү, таарыныч менен сиз өзүңүз үчүн эч качан жашай албайсыз,- деди. – Мени жалгыз калтырасызбы, жалгыз калгым келип жатат. – Болуптур, сизди жалгыз калтырайын. Бирок жаман нерселерди ойлонбоңуз, бул күндөрдүн баары артта калат. Колуңуздагы китептин автору менмин. Сиз мага келиңиз, эски жараатыңызды айыктырабыз. Баарын жаңы барактан баштайбыз,- киши визиттик карточкасын сунду. – Кош болуңуз,- деп сыртка чыгып кетти. Психолог Эрмек Таиров деген визиттик карточканы карап отуруп калды Нурзат. ххх “Чын эле экөөлөп иштеп, кредитти төгүп бүтүрүп алсак, анан ал жактан дагы кафе ачсак, эмнеге болбосун? Бул жактагы, ал жактагы ишим жолуна түшүп кетсе жаманбы, жакшы идея экен”. Карлыгачтын Орусияга кетүү тууралуу айтканын көп ойлонгон Байыш акыры анын айтканына көндү. Экөө кеңешип кафелерин башкартууга ишеничтүү киши издеп, документтерин дайындап, кетүүгө камылга көрө башташты. Байыш кафенин көптөн бери бүтпөгөн иштерин бүтүрүп керели-кечке колу бошобой жүрдү. Бул учурда Карлыгач эки баласын бир көрүп кетүү тууралуу ойлонуп жатты. Эптеп бир мүмкүнчүлүк таап көрүп кетсем деп кимге байланышууну билбей турду. Мараттан, кайненесинен өтүнүп көрөйүн деп аларга чалып көрдү. Чоочун номер болгону үчүн экөө тең чалуусун алды. Бирок "мен, Карлыгач" дегенде калган сөзүн укпастан өчүрүп салышты. Алардан майнап чыкпасын билген келин акыры айылдагы алысыраак тууган бир абысынына чалды. Мурун экөөнүн мамилеси жакшы болчу, ага барган сайын белек-бечкек алып барчу. Анткен менен азыр экөө мурдагыдай шатыра-шатман учураша алган жок. “Эптеп балдарымды бир көрсөтүңүзчү” деп суранды эле, анысы көнбөй койду. – Кой, Карлыгач, саатыңды чыкылдатпа. Бул жакты айыл деп коёт, сенин келип-кеткениңди эч ким көрбөй калмак беле? Эртең Марат менен жеңем менин теримди тескери сыйрыбайбы. – Жеңе, акча деле берейин, Москвага кетип жаттым эле, бир көрүп кетейин дегем. Жарым эле саатка үйүңүзгө ойноткону болсо да сурап чыгыңызчы. Үйүңүзгө чейин такси менен барам, эч кимге көрүнбөйм. – Акчаң өзүңө буюрсун, ортомчу боло албайм. Карыган жеңем бооруна басып багып жатат балдарды. Менин сага жашырып жолукканымды укса зар какшабайбы. Марат үйүмдү үч көтөрүп кетер. Азыр алардын сага балдарды көрсөтө турган түрү жок. Көнүп калганда алардын дагы оюн бузуп, бир көрүнүп кетип калганда аларды ыйлатып кейиткенден башка эмне кылат элең? Болору болуптур эми, жакшысы, ошол жашооңду тынч жашай бер. Балдардын өз ырыскысы бар, чоңоёт. Чоңойсо өздөрү сени таап барар... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|