Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1023 18-21-июль, 2022-ж.
Айсулуу таштанды төккөнгө чыккан. Үйдүн бурчунда жашынып турган Эркин аны көргөндө куду биринчи жолу көргөндөй жүрөгү булкуп кетти. Боюнда бар неме аяр басып келе жатат. Колундагы таштандыны ыргытып, эки колун бөйрөгүнө таянып туруп калды. Асманды узакка тиктеди негедир. Эркин аны аябай сагынган экен, чыдай албай так каршысынан чыкты. Алгач селт этип алды да боюн жыйрый кетенчиктей берди. – Айсулуу, качпа, баары бир сүйлөшөбүз. – Сөзүбүз бүттү! – Жок, менин айта турган көп сөзүм бар. Жок дегенде ичиңдеги балага кийин чындыкты айтышың үчүн мени угушуң керек. Сен да, мен да ата-энелерибиздин курмандыгыбыз. Биздин балабыз экөөбүздүн курмандык болбосун. Суранам, мени бир эле жолу ук. Андан кийинки жүзүмдү карабай койсоң макулмун. Айсулууну ушул сөз токтотуп калды. Эшиктин туткасын кармаган боюнча токтоду да, бери бурулду. Каргашалуу окуяны билген күндөн тартып “мен Эркиндин жүзүнө кантип карайм?” деп ойлогон эле. Карады, эмнегедир өзү күткөн жек көрүү жүрөгүнөн чыкпай койду. Анын ордуна тереңден бир аёо сызылып чыкты. Мына, алдында турат! Ушунун келесоолугунан өзү зордукталды, атасы каза болду, ал аз келгенсип өзү муну баш отун жоготуп сүйүп калды. Жек көргөн душманы болушу керек эле да бул. Эмнеге жек көрбөй жатат анда? Ушул учурда өзүнө-өзү таарына түштү. “Эмне деген алсыз адаммын? Бетине түкүр, экинчи жүзүн карабай басып кет. А сен турасың, жалдырап...” Карама-каршы сезимдерге алы жетпей калды. Ушунун баары көзүнөн жаш болуп агып жатты. – Кел, отуралы. Алгач таанышып жүргөндө отурчу скамейкага келишти. Отурушту. Эркин эмнеден баштаарын билбей башын кашып туруп калды. – Айт, эмне айтайын дедиң эле? – Мен сени сүйөм! Айсулуу ордунан туруп жөнөмөкчү болгондо Эркин кармап алды. – Тийбе мага! – Макул, оозумдан чыгып кетти. Минтип айтканга да акым жок экенин билем. Мени кечирбейсиң, аны да билем. – Ток этер жерин айт. Сен кантип бул нерсенин баарын пландадың? Эркин үшкүрүп алды. Ойлонуп туруп кепти баштады. – Менин атам менен сенин апаңдын мамилеси болгон экен, муну билдиң болуш керек. Кандай болгонун билбейм, бир күнү атам социалдык тармактардан сенин сүрөтүңдү карап жатып уктап калган экен. Айсулуу окшуп жибере жаздады. Эркин аны байкаган жок, өз алдынча сүйлөй берди. – Апам аны көрүп калып сени анын... Кыскасы, атам экөөңдүн мамилеңер бар экен деп ойлоптур. Апам жинди болуп кете жаздады. Ошол күнү мага көрсөттү сенин сүрөтүңдү. Ал сүрөт азыр да көз алдымда... Өзүмдү токтото албай калдым. Атамдын кылыгы белгилүү эле, бирок өзүнүн кыздарындай кыз менен мамиле түзгөнүнө жаным кашайды. Эх, Айсулуу, сен билбейсиң, мен өмүр бою апамдын көз жашы менен чоңойдум. Билдирип да, билдирбей да атамдын катын жандуулугунан азап чекти. Ошол учурда жиндилигим кармап кетти. Сенден апам үчүн өч алам деп чечтим. Балдарга телефон чалып, сени коркутуп коюу керектигин айттым. Менин оюмда караңгыда кармап алып жөн эле коркутуп коюу болчу. Бирок иш андай болбой калды. Эрик... Кыскасы, анын сага кылганын билгенде өзүмдү эң акмак адам катары сездим. Сен уят кандай кыйнаарын билбейсиң. Кайда барсам сенин көздөрүң ээрчип алды. Сен тууралуу билгенден тартып, сенин күнөөсүз экениңди билгенден тартып азап чектим. Анан... Бара-бара ал сезим сени аяган эле сезим эмес экенин, сени чын жүрөгүмдөн сүйүп калганымды байкадым. Сүйдүм сени! Көп кыздар артымдан ээрчиген, көбү ашык болгон, бирок мен эч кимге ашык боло элек болчумун. Биринчи жолу жүрөк кабынан чыгып кетчүдөй сого турганын билдим. Биринчи жолу бир адам эң кымбат, маанилүү боло аларын билдим. Барган сайын жинди боло баштадым. Өзүмдөн коркуп Америкага кетип калдым. Сүйбөй калдымбы сени? Жок! Ого бетер унута албадым. Унутуш үчүн башка кыздар менен мамиле курдум, болбой койду. Кайра келдим. Сени менен таанышып сүйлөшүп калганда баш тарта албасымды билдим. Эч кимге билгизбей үйлөнүп сени алып кетем деп ойлодум. Билбей калат дедим. Мунун баарын сени алдап эле үйлөнүп алыш үчүн кылган жокмун. Мен сени сүйдүм! Мага жеңил болду деп ойлойсуңбу? Жок! Ар күнү коркуп жашадым. Сени кучактап жатып да жоготуп алуудан коркуп жашадым. Ар күнү ушул акыркы кечтей эт-жүрөгүм титиреп жатты. Акыры баары бир билдиң. Жашообуз ала салды. Сени үйдөн таппай калгандагы абалымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Айсулуу бул нерсени укпаса деле Эркин түздөн-түз күнөөлүү деп ойлогон эмес эле. Бирок бул эмнени өзгөртөт? Бүттү да баары, эч нерсени кайра оңдой албайсың. Жашоону кайра жашай албайсың. Эркинди миң жолу күнөөлөсөң да аны сүйбөй коё албайсың. Эч качан жашоосунда болбогондой чийип жашап кетсе кана?! Эркин аны тиктеп турду. Бир нерсени күтүп жаткандай сезилди. Айсулуу үн катпай ордунан турду. – Эч нерсе дебейсиңби? – Эмне дейин? – Билбейм, бир нерсе де, уруш, кыйкыр, ур, каалаганыңды кыл. Бирок унчукпай койбо. – Бала төрөлгөндө кабар берем. Алып кет кааласаң. Каалабасаң, төрөт үйүнө таштайм. – Эмне-ее? – Менин атамды өлтүргөн адамдын тукумун бага албайм. Мен атамдын тиги дүйнөдө жүзүн карай албайм. Окуяны уккандан берки чечимим ушул. Кааласаң да, каалабасаң да ушул. Башка жүз көрүшпөйлү, мага келбе. – Айсулуу! Айсулуу кетип калды. Аркасынан жалдырап кала берди. Айсулуу ээн үйдө эмне кыларын билбей жатып капысынан аяш апасы Калия эсине түшө калды. Ага телефон чалды, эмнегедир башынан өткөн окуяны айтып бергенге бирөө керек болду окшойт. – Айсулуу, кандайсың? – Калия эже, кандайсыз, мен... – Сен Москвадасыңбы? – Жок, үйдөмүн. – Мага телефон чалчу эмес элең. Бир нерсе болдубу? – Көп нерсе болду, Калия эже, жолугуп сүйлөшө алабызбы? – Айсулуу, мен Бишкектемин, азыр бош убактым бар, билесиң да Ошко кайра учушум керек. Азыр жолуга алабызбы? – Макул. Бул аял эмнегедир өз апасынан да жакын сезилип турду ушул тапта. Түшүнсө ушул аял түшүнөт абалын... Айсулуунун боюнда бар экенин көргөндө Калия таң кала түштү. Бул аялдын бир нерсени тез эле билип коё турган касиети бар эле. Бир ооз сөз айтпай эле анын абалын түшүнүп койду. Айсулуу ага жашоосундагы болгон нерсенин баарын айтып берди. Бала тууралуу чечимин да айтты. Аял секирип кетти. – Сен чындап акылыңды жоготуп коюпсуң. Сени алып кетем. Бул жерде жалгыз депрессиядан өлүп калышың мүмкүн. – Кайда?- деди Калияны таң кала тиктеген Айсулуу. – Ошко алып кетем. Ал жакта мыкты дарыгер бар, эч нерсе дебе, каршылык көрсөтпө, болгону мени ук. Азыр такси менен барып экөөбүз кийимдериңди алабыз. Анан апаңа бир ооз айтып кой мени менен кетип жатканыңды. Мени айтсаң кабатыр болбойт. – Калия эже, чын эле Ошко кетип калайынбы? – Ойлонбо, ойлонуп жатып жинди болоюн деп калыпсың, эми сен үчүн мен ойлоном. Чечкиндүү аял болчу Калия, дароо эле Айсулуунун үйүнө барып кийимдерин алды да, Ош шаарына учуп кетишти. ххх – Жолуктуңбу? – Ооба, баарын айттым. – Эмне деди? – Эч нерсе деген жок. Бала төрөлгөндө кабар берем, алып кет деди. Болбосо төрөт үйүнө таштайм деди. Сүйүн баласынын оозун тиктеп калды. – Сен эмне дедиң? – Макул дейм да. – Ооба, балам, алып кел. Мен өзүм, сен экөөбүз эле сонун кылып багып алабыз,- деп карбаластап кетти. – Мен ансыз кантип жашайм, апа? Сүйүн уулун кучактай берди. Жүрөгү өрттөнүп жатканын сезди. Эне-уул кучакташып бир топко отурушту. – Атаңа бардыңбы? – Ооба, “мен жазамды алам, адвокаттарды кыйнай бербе” деди. – Өмүрүндө биринчи жолу туура иш кылыптыр. – Компаниясын сенин наамыңа өткөрүп берет экен, мындан ары сен үй кожойкеси эмес, компаниянын ээсисиң. – Ооба, уктум. Менин да колумдан бир нерсе келе турганын канча жыл өткөндөн кийин болсо да моюнуна алыптыр атаң. – Апа, эмнеге жашоо мынчалык татаал? Же биз татаалдаштырып алдыкпы? Атам менен сен мурун эле ушундай тил табышсаңар мунун баары болбойт эле да. – Атаң эсине келиши үчүн, балким, ушул окуянын баары болушу керек болчу. Уулум, пенделер жашоонун баркын, ак менен караны билбейт экенбиз. Жашоонун даамын чыгарып жашай албай тоголоно берет турбайбызбы. Мен атаңдын окуясынан ушуну байкадым. Канча жылым аны оңдойм деп кетти, бирок ал Кудай каалаган күнү оңоло турганын билбей жан талаша бериптирмин. Андан көрө силерге жакшы апа болбойт белем. Силерди да мээримге суусатып чоңойттум. Адам колунда бар нерсени баалай бербейт экен. Атаңдын аркасынан чуркай бербей колумдагы үч балама көңүл буруп өксүк кылбай чоңойтсом болмок. – Мен сенин көз жашың менен чоңойдум. Балким, ошол нерсе да таасир берип мен бул акылсыздыкка бардым окшойт. Эмнеси болсо да эми баары бүттү! Айсулуу мага кайрылбайт. Менин айымдан өз баласынан баш тартканы жатат. Бул кандай чоң жаза мен үчүн билесизби? – Билем, балам, андан көрө билбей койсом жакшы болмок. Бирок бизди өлтүрбөгөн нерсенин баары күчтүү кылат дешет. Баары өтөт, жайына келет, кээде унутулат дагы. – Хм, мен Айсулууну унутушум мүмкүнбү, билбейм... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|