Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1024 22-28-июль, 2022-ж.
– Эркин, бул абалдан экөөбүздү иш гана куткарат. Компаниянын иши менен алек бололу. Адам максат койгондо гана жүрөгүндөгү ооруну унутуп калат. – Макул, сиз айткандай болсун. Баса, атам мына бул китептерди сурады. Даярдап койсоңуз, алып барып берейин. Эртең жолукканы барам. – Макул... ххх Учак асманга көтөрүлүп бара жатты. Айсулуу эмнегедир жүрөгүндө бир шоола пайда болгондой сезди өзүн. Куду караңгылыкта жүрүп эми гана бир аз шоола көргөн адамдай эле абалы. Сулуу жүзүнүн нуру өчүп турган кызды карап Калия улутунуп алды. “Эх, Анвар, ушул кызың үчүн көп курмандыкка бардың эле, кандай кылсаң да кызыңды бактылуу кылуу колуңдан келбеди. Бирок сени эч күнөөлөй албайм. Мен башынан эле өз азабымды өзүм көтөрөм деп чечкем. Сүйүү – кээ бирөөнө чексиз бакыт болсо, мендейлерге жүк болот тура. Мен кызыңа жардам бергенге милдеттүүмүн. Эң оор абалымда сен гана мени колдодуң эле”. Ош шаарына Айсулуунун биринчи келиши эле. Эмнегедир эли бактылуу сезилди, жылмайып күлүп тосуп алган адамдар көп, шаардын абасында да бейпилдик бардай сезилди. Таксиге түшүп алып Калиянын үйүнө барышты. Чакан, уядай жайлуу үй экен. Короосунда гүлдөр толо. Короодон майыптар коляскасында отурган 15-16 жаштагы баланы көргөндө селт дей түштү. – Калия эже, бул ким? – Менин уулум,- деди Калия. Балага барып бир нерселерди сүйлөгөндөй болду. Ал дагы апасына бир нерсе деп жаткандай, бирок түшүнүксүз булдуруктады. Айсулуу эмне дээрин билбей босогодо туруп калды. Бала ага кылчая карап күлгөндөй сезилди. Калия уулун далысынан таптап бир нерсе деп жоошутуп, анан бери бурулду. – Жүрү, үйгө кирип жайланыш. Чарчап келдиң, же биринчи чайканып аласыңбы? Мындай камкордукту Айсулуу чоң энесинен гана көргөн эле. Ага тыпыйган бөлмө бөлүп берди, бардык ыңгайын карап күйпөлөктөп жатты. Келгенине эки-үч күн болсо да Калия уулу тууралуу үн каткан жок. Уулунун аты Анвар экенин укканда Айсулуу таң кала түштү. Үчүнчү күнү кечинде Калия Айсулуунун бөлмөсүнө кирди. – Айсулуу, уктай элексиңби? – Жок, кириңиз. – Кандайсың, бир аз өзүңө келип калдың окшойт, ээ? Ичтейиң ачылып, бетиңе кызыл жүгүрүп калды. – Ооба, өзүмдөн-өзүм жинди болуп, уктай албай кыйналып жаткам. Сиз куйган уколдордун да таасири окшойт. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Сиздикинен бир аз алаксып, жүрөгүм ордуна келгенсип калды. Сизге рахмат! – Эч нерсе эмес, кызым. Калия ойго чөгүп калды. Бир маанилүү нерсени айткысы келгендей, бирок баштай албай жаткандай. – Бир нерсе болдубу? – Айсулуу, ата-энеңе байланышкан бир сырды айтышым керек болуп турат. Мен муну эч бир адамга айткан эмесмин. Атаңдан башка эч ким билбейт. Бирок каза болоруна жакын мага телефон чалып, “Айсулууга бардык чындыкты айт, ал сенин оозуңдан уксун” деген. Каза болгондон бери 7 жыл өттү, мен дагы деле сага ооз ачып бир нерсе дей албай келе жатам. Ошко чакырганымдын себеби да ушул. – Ата-энемдин аркасында ушунча сыр бар экен дейсиз, жашоомдо ал сырларды ачып бүтө алчудай эмесмин,- деди ызалуу күлгөн Айсулуу. – Сизди угуп жатам... – Кайсы жерден баштасам... – Эң башынан баштаңыз. – Туура, эң башынан айтып берүүм керек. Анвар экөөбүз ал сенин апаңа жолукканга чейин кыз-жигит элек. Экөөбүз баш кошууга да даярданып жүргөнбүз. Альфия менен Анвар мен аркылуу таанышышкан, шорума көрүнүп аларды тааныштырган элем. Курбум менен жигитимдин ортосунда сүйүү пайда болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен экөө бири-бирине ашык экенин билдим. – Өх, Калия эже, бул жашоодо бирине-бири туруктуу адамдар жокпу? Эмнеге эле ушундай чиеленишкен тагдырлар болуп калат? Калия Айсулуунун сөзүн укпагандай алды жакты тиктеп сүйлөй берди. – Мен Анварды катуу сүйүптүрмүн. Андан кийин жашоомдо эч бир эркек болбой тургандай байланып калыптырмын. Мындай оорулуу сүйүүнүн эч кимге кереги жок. Курбум жигитимди тартып кетти, мындай караганда баналдуу көрүнүш! Бирок мен үчүн тагдырымдын оор сыноосу болду. Анвар ачык, калп айта албаган, жүрөгү назик адам болчу. Мени канчалык аяса дагы Альфиядан баш тарта албады. Андан эмне тапты, мага ушуга чейин табышмак. Муздай муздак, сулуулугунан башка эч нерсеси жок аялды мынча эмне жинди болуп сүйдү, ал жагы табышмак. Балким, мен көрө албаган, Анвар гана көргөн жакшы бир сапаты болсо керек. Кыскасы, Анвар мага ачыгын айтты, “мен аны сүйүп калдым, кечир” деди. Анвар экөөбүз биздин курстагы алдыңкы студенттерден элек, мыкты врач болгонго даярданып жүргөнбүз. Мен окуумду эптеп бүтүп Ош шаарына келе бердим, ординатурамды Ошко котортуп алдым. Жашоомду карьерама арнадым, көп кишилерди айыктырдым, үй алдым, баары элдикиндей болду. Бирок Анвар деген жарам айыкпай койду. Колумду сурап, көзүмдү караган жигиттер деле болду, бирок мен эмнегедир эч бирин жашоомо алганга баатырлык кыла албадым. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деген мен болдум. Ортодон жылдар өттү, сен төрөлдүң, Анвар менен Альфия бактылуу жашап жатышканын кулагым чалып жүрдү. Жарам айыкпаса да карттанып калганда, жашоо кайра мени сенин атаң менен жолуктурду. Оор жол кырсыгына кабылып Ош шаарындагы мен башкарган реанимация бөлүмүнө түшүп калган экен. Өз колум менен операция жасадым, баары ийгиликтүү болду, Анвар мага аябай рахматын айтты. “Мага экинчи өмүр бердиң” деп ыраазы болду. Ошол убакта биздин ортобузда мамиле башталып кетти, ал борборго үй-бүлөсүнө кеткен убакта менин бир айлык боюмда бар экенин билдим. Бир четинен кубаныч эле, экинчи четинен жалгыз бой, турмушка чыкпаган аял үчүн өлүм менен бирдей эле уят болчу. Мен баарына чыдадым. Эч кимге баланын атасын айткан жокмун. Уулум төрөлдү, тилекке каршы, тубаса майып деген диагноз коюшту. Айла жок, атаңа уулубуз тууралуу айтканга аргасыз болдум. Ал дагы колунан келген нерсенин баарын жасады, чет өлкөгө жиберди, тапкан-ташыганынын баарын уулунун айыгып кетүүсү үчүн жумшады. Альфия бул нерсени билбейт болчу, бирок өмүр бою Анварды жетиштүү акча таппайсың деп күнөөлөп келди. Байкушум эмне кылсын, жан талаша иштеп биз үчүн да канатын каккылап жүрдү. Атаң адамгерчиликтүү болчу, “баланын атасы менмин” деп деле айтмакчы болду. Бирок дайыма мен токтотуп келдим. Жарым жан балама дагы да болсо сөз тийбесин, эл оозунда болбосун дедим. Атын Анвар койдум, фамилиясын өзүмдүкүн жаздырдым. Өх, мен эмнелерден гана өткөн жокмун, Айсулуу, ата-энем, урук-тууганымдын баары бет карашпай кетти. Бул жашоодо атаңдан башка эч бир адам мени колдогон жок. Кийин Альфия менен Аскардын окуясын уктум. Атаң анда дымын чыгарбады. Ичтен сызып жүрө берди, кийин сенин окуяң болду. Атаң оор кабыл алды. Анткени сени аябай жакшы көрөр эле. Бизге эки-үч күнгө келгенде сени сагынбаш үчүн кийимиңди ала келип жыттап жүрчү. “Кызымдын жыты жанымда” деп дайыма бардачогуна салып койчу. Уулун деле жакшы көрдү, бирок сен ал үчүн өзгөчө элең. Каза болорун билдиби, сенин бир тууган иниң бар экенин “жетишпей калсам сен айт” деп айтып жүрдү. Калия дагы далай нерселерди айтты. Айсулуу жашоонун татаалдыгына таң берип отуруп укту. Демек, майыптар арабасындагы бала анын бир тууган боору экен да. Демек, анын атасы деле периштедей таза эмес тура. Апасында эле күнөө деп ойлоп жүрсө, эң чоң жаңылыштыкты атасы кетирген экен да. Бирок муну жаңылыштык деп айтууга болобу? – Кызык, менин бир тууганым бар... Бул башкача сезим экен. – Ооба, Анвар сенин бир тууганың. Ал дагы эжеси экениңди билет. Сүрөттөрүңдү көрсөтүп айтып жүрчүмүн. Сен биз менен бир аз жашасаң аны жакшы билип каласың, сүйлөгөнүн да түшүнөсүң. Ал так атасындай кең пейил бала. Айсулуу жашоосундагы дагы бир сырга кандай карай турганын билбей дендароо. Бирок күндөн-күнгө инисин жакшы көрүп бара жатты. Жакшылап караса атасына аябай окшош экен. Калия жумушка кеткенде аны карап, тамак берип, экөө абдан жакын болуп кетишти. Бир күнү Калия сөз баштап калды. – Айсулуу, сага биздин шаар жагып калды, балким, бул жакта каласың? – Билбейм, эже, азыр келечегим тууралуу ойлонгум келбейт. – Сени бир жакшы адам менен тааныштырайын. Кыргызча айтканда, табып же психолог деп койсоң деле болот. Кыскасы, ал тоо арасында жашайт. Мен такыр жашоодон үмүтүн үзгөн бейтаптарымды ошого жөнөтөм. Мен ага уулумду дарылатам деп жүрүп жолугуп калган элем. Чыгыш медицинасынын адиси. Мен сени ошого алып барайын. – Менин эч нерсем оорубайт да, Калия эже. – Жан дүйнөң ооруп жатат, айыкпасаң бул өмүр бою жара катары калып калат. Менин тагдырымды кайталаба, сен Эркинди аябай сүйөсүң! – Коюңузчу? – Сүйөсүң, андан башка жашооңдо эч ким болбой турганы да белгилүү. Сен атаңдын кызысың, ал дагы жалгыз апаңды сүйдү. Ошонун курмандыгы болуп кете берди. – Бирок сизден бала жаратты, ошол да сүйүү болдубу эми?.. – Ал менин сүйүүмдүн айынан болду. Мен өкүнбөйм буга, абдан ыраазымын. – Сиз менен сүйүү тууралуу сүйлөшкөн да кызык экен. Негизи кызыктуу адамсыз. Кызык, атам сиз менен жашаса кандай болмок? – Хи-хи-хи, аны билбейм, сурайлы десек кеч калдык,- деди Калия күлүп... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|