
Өлкөдө кылмыштуулук 47 пайызга, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук 29 пайызга азайды. Бул тууралуу ички иштер министри
Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйында билдирди. Министр 2021-жылдын 6 айында 43159 кылмыш катталса, быйылкы жылдын 6 айында 22634 кылмыш катталганын же 20525 кылмышка аз экенин айтат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктардын азайганы тууралуу буларды белгиледи:
– Дайыма коомчулуктун көңүл борборунда болуп келген үй-бүлөлүк зомбулуктарды азайтууга карата иш-аракеттер көрүлүп, натыйжада бул багыттагы кылмыштарды 29 пайызга азайтууга жетиштик,- деди министр.
Ниязбеков уурулук, бейбаштык өңдүү кылмыштарды болтурбоо жана уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу үчүн өлкө боюнча 2141 видеокамера орнотулуп ишке киргенин кошумчалады.