
18-июлда президент
Садыр Жапаров өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал окуу жайлар: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Билим берүү жана илим министри
Алмазбек Бейшеналиев 5 окуу жайга өзгөчө макам берүү билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, окуу жайларды дүйнөлүк рейтингге чыгарууга шарт түзөт дейт.
– Мындай аракет менен Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларды 5 жылдыкта дүйнө рейтингинде көрөбүз деген үмүттөбүз,- деди министр.
Ошондой эле бир катар жогорку окуу жайлар бириктирилет. Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖдор бириккенде студенттер менен окутуучулардын саны кыскарбай турганын, алардын укуктары тебеленбесин кошумчалады. Административдик кызматкерлердин саны азайып, бөлүмдөр бириктирилет.