
Коронавирустун “омикрон” штаммынын “кентавр” деген көрүнүшү жайылууда. Москвада илдеттин бул түрү менен ооруган алгачкы 5 учур катталганын 19-июлда орусиялык дарыгерлер айтып чыгышты. “Кентавр” биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын май айында Индияда аныкталганы айтылат маалыматта. Учурда АКШда, Германия, Улуу Британия жана башка Европа өлкөлөрүндө да кездешүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оорунун “кентавр” түрү учурда изилденип жатканын билдирет. Азырынча “тынчсыздануу жаратуучу вариант” категориясына кошо элек.
Буга чейинки түрлөрүнө караганда көбүрөөк жугуштуу жана коронавируска каршы антителаларга туруктуу деп айтылып жатат. Жайылуусу тез болгону менен, “кентаврда” оорунун белгилери мурдагы варианттарга караганда жеңил болору байкалууда дешет адистер.