Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)№1026 5-11-август, 2022-ж.
Түрмөдө отуруп, өмүрдүн чагылгандай тездигин байкады Аскар. Ал эми өзү өмүр бою жашачудай жашаптыр. Дегеле өлбөчүдөй сезчү экен өзүн. Көп учурда ойго чөмүлүп үн катпай бир чекитти тиктеп отурчу болду. Ден соолугу темир тор артында күндөн-күнгө кетилип бара жатты. Ал муну билчү. “Убактым келгиче кечирим сурай турган адамдарымдан сурап калайын, кимдин көңүлүн оорутсам ошолорго жакшы мамиле жасап калайын” деп жан талашып жатты. Түрмөгө аялы Сүйүндү чакыртып алды. Сүйүн анын кебетесинен эле ооруп калганын билди. Адатынча үстүнө үйрүлүп түшө калды. – Мынча эмне сапсары болуп, дарыларыңды ичип жатасыңбы? Сени ооруканага которуш керек. Эркинге айтайын. Аскар башын чайкап “отур” дегендей жаңсады. Сүйүн отуруп калды. – Жакшыбы баары, кыздар, неберелер кандай, Эркин эмне кылып жатат? – Жакшы, баары эле жакшы. Карыздардан кутулуп жатабыз акырындап, компанияны бутуна тургузабыз деп иштеп жатабыз Эркин экөөбүз. – Хм, жакшы. Силерге ишенгем. Өзүң кандай? – Жакшы. Сүйүн буга эмне болгон дегендей таң кала берди. Көздөрү бир башкача муңдуу. – Сени эмнеге чакырды дебейсиңби? – Ии? – Акыркы жолу көргүм келди сени... – Эмнеге акыркы? Кайдагыны айтпачы... – Ден соолугум жакшы эмес, Сүйүн. Бир күндө эки жолу жүрөгүм кармады. Мен да түбөлүк жайыма кетет окшойм. – Койчу, ай... – Өлбөгөн адам барбы, баарыбыз өлөбүз, өлүмүмдөн трагедия жасагым келбей эле турат. Бирок мен тирүүмдө талкалап бырын-чырын чыгарган тагдырлардын ээсинен кечирим сурагым келип жатат. Мени кечир, Сүйүн. Эң көп сенин алдыңда күнөөлүүмүн. Айланып келип карасам мени сенден артык сүйгөн адам болбоптур. Бирок мага аз болчу. Мен өзүм да билбей, канаттарым күйүп кеткиче бир нерсени эле издеп жүрө бериптирмин. Сага жакшы күйөө, балдарга жакшы ата боло албадым. Баары мен үчүн болду. Көөп кеткенде көзүмө эч нерсе көрүнбөй калбадыбы, бирок ушуга да шүгүр. Эркин мени кечирди. Кыздар да убагы келгенде мени кечирет болуш керек. Эң негизгиси, сен мени кечир, Сүйүн. Ушунчалык суранам, мени кечирип кой. Сенин кечиргениңди сезип туруп кетсем, анда менин арманым болбойт. Аскар ыйлап жиберди. Көздөрү менен жалынып, жалбарып турду. Эгерде Сүйүн кечирсе эле тиги дүйнөдө тынч уктай тургандай сезилди. Сүйүн эмне дээрин билбей калды. Көздөрүнөн өзүнөн-өзү жаш агып жатты, ушунча жылдан бери таарынычы ошол жаштар менен агып кеткендей болду. Экөө тең ыйлап жатышты. Эмнеге ыйлап жатышканын деле билишкен жок. Бир өмүрдө чогуу жашап, бала өстүрүп, акыркы аялдамада гана бирин-бири түшүнүп, бирин-бири аяп, бирине-бири жаны ачып ыйлап жатышты көрүнөт. Сүйүн бир топто өзүн колго алды. – Аскар, мен сени кечирдим! Чын дилимден кечирдим. Ойлосом, мен сени эбак эле кечирген экем. Бирок аны өзүм да билбептирмин. Азыр так билдим. Сен өтө жаман адам эмес болчусуң. Жакшы жактарың бар эле, бирок өзүң айткандай, эмне издеп жатканыңды билбей эле бул жашоодон чабалактап жашадың. Эч бир нерседен ырахат ала албай койдуң, сенин шоруң ушунда болчу. А мен? Мен бактылуу жашадым. Жарым-жартылай... Сага караганда бактылуураак болчумун, анткени балдарымдын кантип чоңойгонун байкадым, өстүрдүм, ар мүнөт жандарында болдум. Билген кишиге бул чоң бакыт. Кечирдим сени. – Рахмат! – Бирок сен өзүңдү колго ал, дагы жакшы күндөр болот. Балким, жакын арада чыгарып алабыз. – Сүйүн, Алмаз бешик алып келдиби? – Ооба, тим эле татынакай бешик экен, Эркин аябай сүйүндү. – Небереме белегим...- деп сүйүнүп алды Аскар. Кетер убак болгондо аялынын маңдайынан узакка өптү. Колунан өптү. Ал чыгып кеткиче бир топко узата тиктеп турду. Ушундан бир күн өткөн соң Аскар түрмөдө жүрөгү кармап каза болгонун билишти. Врачтар эч кандай жардам бере албай калышыптыр. Түн ичинде үзүлүп кеткен экен. Эркин үчүн бул дагы бир тагдырдын соккусу болду. Акыркы убакта атасы менен жакын болуп, андан кеңеш сурап, жашоосунда ата деген нерсенин бар экенине каниет алып жүргөн эле. Эми таап, баркын билип баштаганда кетип калды. – Анча бошобо, балам. Атаңдын жакын досу мен турам,- деди Алмаз азада. Ал дагы Аскарга аябай ичи күйүп турган эле. Азага көп адам келди. Кайсы бир учурда көп адамга жардам берген экен. Ошолордун көбү келип ыраазычылык билдирип жатышты. “Атаң жакшы адам болчу” дешти көптөр. Балким, адам каза болгондо мындай сөздөр айтыла бериши мүмкүндүр. Эмнеси болсо да Эркинге бул сөздөр жарасына жардам берип жатты. Бир аз убакыт өтүп элдин арты азайып калганда Эркин апасынан кеңеш сурады. – Апа, мен Айсулууну издешим керек. Мындан аркы иштердин баарын өзүңүз билип чече бериңиз. Мен баары бир аны дагы бир жолу таап кечиришин суранышым керек. – Кайдан издейсиң? – Ош шаарында деп уктум. Ар бир үйдү тинтип чыксам да мен аны табышым керек. – Кечирет деп ойлойсуңбу? – Кечирбесе да жанында болом. Ага көрүнбөй алыстан карап жүрсөм да анын жанында болушум керек. – Макул, балам, эмнени туура деп ойлосоң ошондой кыл. Сен бактылуу болсоң мен дагы бактылуу болом,- деди апасы. Ошентип Эркин өз тагдырын издегенге жолго чыкты. ххх Айсулуу Табылды табыптын жанында жүрүп жашоосу түп тамырынан өзгөрдү. Бардык коркуусу, ызасы, таарынычы тарай баштады. Жашоо мурункудай кир, ыплас, караңгы көрүнбөй калды. Болуп өткөн окуялар баштала элек убакта атасынын кандай мээримдүү, жароокер кызы болсо ошол Айсулууга айланып баштады. Көздөрү нурга толо баштады. Муну Калия эжеси да байкады. – Жеңилдедиңби? – Ооба, сиз болбосоңуз эмне кылмакмын мен? Табылды агай экөөңүздөргө кандай рахмат айтсам да жарашат. – Бизге рахмат айтып эмне кыласың, сен өз жолуңду ачык көрө алсаң эле болду. Мындан ары эмне кылайын деп жатасың? – Анвар менен сиздин жаныңызда калам, иштейм, уулумду багам. – Ия? Уулумду? – Ооба, эже, мен уулумду таштабайм деп чечтим. Мен жашоого болгон ызамдан улам өз баламдан да өч алчудай ызырынган экенмин. Азыр анын баары жоголду. Табылды агай айткандай, мага акылмандык келди. Эми гана өзүмдүн такыр туура эмес ой жүгүртүп жатканымды байкадым. Эми гана энелигим ойгонду. – Азаматсың, мен сенден ушуну эле күткөм өзү. Сен Анвардын кызысың! Ал ааламды жүрөгүнө батыра алчудай мээримдүү адам эле. – Мен баарын кечирдим, Калия эже. Апамды, Эркинди, өзүмдү, болгон окуяга күнөөлүү болгон адамдарды. Демек, ушундай болушу керек болчу. Тагдырыбызга жазылган нерседен биз эч кайда качып кутула албайбыз. Бирок жашаш керек, жашоону улантыш керек. – Ак менен кара...- деп койду ары жакта буларды угуп турган Табылды. – Ал эмне демек? – Жашоодо ар бирибизде ак жана кара түс бар. Жашоонун өзү ушундан турат. Бирок маселе ким кайсы түстү тандайт, ошондо. Сенин ичиңдеги караны актык жеңди. Айыгышкан күрөш болду жан дүйнөңдө, бирок актык жеңди. Мына, кара түс өзүнөн-өзү жолуңдан жоголду. Мындан ары сен ак жолдо жашайсың. Сен ак жолду тандашың үчүн чоң эмгек кылдың. Акыры жеңдиң. – Ак жана кара...- деди Айсулуу ойлуу. – Мен уулумдун атын таптым! – Ии, ким коёсуң? – Акбото. – Ушундай да ат болмок беле?- деди Калия күлүп. – Мага акты тандашыма жардам берди уулум, анан да сезип турам, анын көздөрү ботонукундай таза болот. Жан дүйнөсү таятасыныкындай таза болот. Ошол үчүн ушундай ат тандадым. – Акботобуз өмүрлүү болсун!- деди Табылды табып... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|