Бир бүркүм. ТАМАКТАН МАССАЛЫК УУЛАНЫШТЫ...
№1026 5-11-август, 2022-ж.
1-августтан тарта Кара-Кечеден көмүр ташыла баштады. Баасы кендин өзүндө 1 тоннасы 1450 сом болуп жатканы айтылды.
- Ошто коомдук унаалардын кыймылын жарандар онлайн көзөмөлдөй алышат, бул үчүн спутниктик систем ишке кирди.
- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга быйыл сентябрда Ташкентте ШКУнун саммитинде кол коюлары маалымдалды.
- Кыргыздын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов кызматынан бошотулду.
- “2022-жылдын 6 айында республикалык бюджетти толтуруу планы 98,3 пайызга аткарылды”,- деп билдирди Каржы министрлиги.
- Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
- 31-июлда Кадамжай районунда тамак-ашка массалык уулануу болду, жабыркагандардын саны 120дан ашты.
- “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы ТИМден президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөрү айтылды.
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Азамат Муканов дайындалды.
- Бишкекте №1 СИЗОдон киши колдуу каза тапкан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.
- Улуттук статистика комитети: Мунай азыктарын импорттоо 2022-жылдын 7 айында 20 пайызга өстү.
- Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Жогорку Сот кримтөбөл Улан Токтосуновдун ишин кайра кароо өтүнүчүнөн баш тартканы белгилүү болду.
- 3-августта Ысык-Көлдө кичи автобус катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапса, 23 адам жараат алды.
- Ысык-Көлдө 4 жаран эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кеткени 4-августта кабарланды.
- 4-августта Орусиядан Ошко учкан учак техникалык себептерден улам Бишкекке конууга аргасыз болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0