
Өзбекстандын
Ильяс Рашидов аттуу жараны Оштун бийлигине кайрылып, шаардагы такси айдоочуларын тартипке чакырууну өтүндү. Кайрылуу 2-август күнү интернеттеги социалдык тармактардын бирине жарыяланды. Анда
Рашидов Орусиядан Ош аэропортуна учуп келген өзбекстандыктарды таксиде иштегендер унаасына мажбурлап салып, 6 чакырым жерге – тагыраагы, аэропорттон “Достук” чек ара бекетине жеткиргени үчүн ар бир кардардан 500 сомдон алып жатат деп даттанды.
Ал Ош аба майданы аркылуу Орусияга барып-келүү Өзбекстандан учууга караганда арзан экенин, ошол себептүү аталган өлкөдөн Ошко жарандар көп келерин белгиледи.
Ош облустук милициясы “Ош” аэропортундагы жана “Достук” бекетиндеги таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.