БИР БҮРКҮМ. 1 ЖЫЛГА ЖЕТЧҮ ИНСУЛИН БАР...
№1027 12-18-август, 2022-ж.
-

8-августта АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды.
-
Өлкө башчы Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышат.
-
Жапарбек Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды.
-
Социалдык фонд: 2022-жылдын 7 айында өлкөдө 40 960 адам пенсияга чыкты.
-
Орусияда Кыргыздын 2 жараны канализацияга агып кетип каза тапты.
-
Жалал-Абадда мамлекеттик нотариустун кызматкери 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
-
Санариптик өнүктүрүү министрлиги: Уюлдук операторлорго өлкөдө 5G технологиясын сыноого уруксат берилди.
-
Кыргызстанга 1 жылга жетерлик инсулин алып келингени жарыяланды.
-
Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноп кетүүгө шектелип 2 адам кармалганы 8-августта маалымдалды.
-
8-августта катуу шамал болуп Чүйдө 17 үйдүн чатырын учуруп кеткенин ӨКМдан кабарлашты.
-
Төө-Ашуудагы унаалардын кыймылы үчүн киргизилген убактылуу чектөөлөр алынганы маалымдалды.
-
Быйыл 9-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөрү белгилүү болду.
-
Убагында президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеген Эрнис Толтоев Ош облусунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
-
Өлкөгө кумшекерди жеңилдетилген тариф менен ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын соңуна чейин узартылганы айтылды.
-
25-26-августта Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөрү маалымдалды.
-
Кадамжайда кичи ажылыкка жөнөтөм деп жарандарды алдап акча жыйноого шектелип 1 аял кармалды.
-
11-августта Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0