
2022-жылдын июль айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 224 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Мунун ичинен 4 миллиард 190 миллион доллары тышкы карыз. 1 миллиард 166 миллион доллары ички карыз. Мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 58,19 пайызын түзүүдө. Карыздын 1 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.
Айта кетсек, 2022-жылдын апрель айында мамлекеттик карыз 5 миллиард 92 миллион долларды түзгөн эле.
Лунара Бекиева