БИР БҮРКҮМ. 8810 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ...
№1032 16-22-сентябрь, 2022-ж.
-

Сокулук райондук аскер комиссариатынын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалганы кабарланды.
-
Өлкөдө бир аптада 17758 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 1007 автоунаа айып аянтчасына токтотулду.
-
Улуттук гвардиянын 2 жоокери “зордуктоо” кылмышына шектелип камакка алынганы маалымдалды.
-
Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Өлкөдө 2022-жылдын 8 айында мас абалында унаа айдаган 8810 айдоочу кармалганы расмий маалымдалды.
-
Кыргызстанда быйыл жазында негизделген эл аралык “Эл үмүтү” стипендиясын 5 абитуриент алганы айтылды.
-
Ысык-Ата районунда сабалган аял ооруканада каза тапты, кылмышка шектелип анын күйөөсү кармалды.
-
Талантбек Бекташов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.
-
“Мыйзамсыз баюуга” шектелип кармалган ишкер Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому жана курал-жарактары мамлекетке алынды.
-
Башкы прокуратура: Учурда Орусиянын абактарында 968 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
-
Айгүл Абдраева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.
-
Чаткал районунда алтынды мыйзамсыз сатууга шектелип айыл өкмөт кызматкерлери кармалганы кабарланды.
-
ИИМ: Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын иши жакында сотко өтөт.
-
Өлкөдө зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлмөкчү.
-
Айгүл Наватова “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0