Бир бүркүм. Кыргыз 7 миллионго жетти...
№1037 21-27-октябрь, 2022-ж.
-

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келери күтүлүүдө.
-
Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда эттин, кумшекердин жана өсүмдүк майынын баасы арзандады.
-
Азыркы тапта Украинада 50 кыргызстандык жаран бар экени маалымдалды.
-
Кыргызстанда 7-миллионунчу жаран жарыкка келгени расмий жарыяланды.
-
Өлкөдө жыл башынан бери 117 адам адвокаттык лицензия алганы айтылды, республика боюнча мындай лицензия 4700 адамда бар.
-
Бишкекте 18-октябрда киши өлтүрүүгө шектелип 7 адам кармалды, анын бешөөсү кыздар.
-
Өзгөндө мектеп окуучулары мушташып, 1 окуучу каза тапты.
-
Депутат Марлен Маматалиев Кыргыз жеринде Яндекс таксини жаап, ордуна ата мекендик такси кызматын ачууну сунуштады.
-
19-октябрда Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Акылбек Жапаров: “Калкты көмүр менен камсыздоодо көйгөй жок”.
-
Өлкөдө жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилери расмий маалымдалды.
-
Иркутск-Бишкек багыты боюнча кошумча авиакаттамдар ачылды.
-
Ошто 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип 4 жигит кармалды.
-
“Дары-дармекти мыйзамсыз каттаган” деп шектелип Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери кармалышты.
-
Жалал-Абад шаарында убактылуу иштеп келген унаа токтотуучу жайлар жоюлду.
-
Бишкек ЖЭБине быйыл 400 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча казакстандык компаниялардын бири менен келишим түзүлгөнү белгилүү болду.
-
20-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 689 миллион метр куб суу бар.
-
Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: