Бишкекти коомдук унаалар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга 1,5 миң автобус керек. Бул тууралуу 3-ноябрда Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Нурбек Сагынбек уулу билдирди.
– 1,5 миңдей автобус керек, азыркы учурда тийиштүү иштер жасалып жатат. Бул багытка 1 миллиард сом бөлүнгөн. Декабрда 120 автобус келет,- деди ал.
Маалыматка таянсак, учурда Бишкекте күн сайын 90го жакын автобус, 130 троллейбус жана 1600 кичи автобус линияга чыгат.