БИР БҮРКҮМ. КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ...
№1040 11-17-ноябрь, 2022-ж.
-
.jpg)
8-ноябрда Бишкекке Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу иш сапары менен келип, өлкө жетекчилиги менен жолугушту.
-
Авариялык кырдаалдан улам жылуулук берүү токтотулганына байланыштуу Бишкекте 2 мектеп онлайн режимде иштөөгө өттү.
-
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков 6-ноябрда Кабулда Ооганстандын өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
-
Бишкекте коммерциялык эмес кооперативдердин бирин жетектеген аял алдамчылыкка шектелип кармалды.
-
Ош шаардык милициясы: “Ошто Кытай жараны айлыгын бербегени үчүн өз жетекчисин өлтүрдү”.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору”.
-
15-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн 2023-жылкы республикалык бюджетин талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтөт.
-
Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бирине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атасынын ысымы ыйгарылды.
-
Ош шаарында кышкысын жолго чачууга 112 тонна туз даярдалганы айтылды.
-
Төрага Нурлан Шакиев Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткендин айылдарын кыдырып чыкты.
-
Сузакта жергиликтүү тургунду тоноого шектелгендердин бири Бишкектен кармалганы 9-ноябрда маалымдалды.
-
Бишкек шаардык соту массалык түрдө кармалган жарандык активисттердин бир тобуна карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
-
Өлкөдө жылына профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу боюнча 8 миңдей факт катталары айтылды.
-
Экономика министрлиги: 2022-жылдын январь-август айларында Кыргыз-Орусиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 2 миллиард доллардан ашты.
-
2022-жылдын 9 айында аймактык милиция бөлүмдөрү 6929 кылмыштын бетин ачканы кабарланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: