Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Президент Садыр Жапаров шаарды иш менен камсыздоочу ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Майлуу-Суу шаарынын абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койгону кабарланды.
Министрлер кабинетине 1 айлык мөөнөттө республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бийлик органдарына, атайын эсептери жана фонддорунун каражаттары бар уюмдарга жана башка мамлекеттин катышы бар органдарга товарларды Майлуу-Суу лампа заводунан түздөн-түз сатып алуу талаптарын коюу тапшырмасы берилди.
Уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү 50 пайыз же андан ашкан мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго товарларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алуу сунушталат.
Айта кетсек, Майлуу-Суу лампа заводу өлкө эгемендик алгандан кийин талкаланбай, таланып-тонолбой сакталган саналуу заводдордун бири.