БИР БҮРКҮМ. КАЛКТЫН САНЫ 8 МИЛЛИАРДГА ЖЕТТИ...
№1041 18-24-ноябрь, 2022-ж.
-
“Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды.
-
Экстремизмге шектелип мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалганы 14-ноябрда маалымдалды.
-
Мурдагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды.
-
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 26-ноябрда башталары айтылды.
-
Бишкек шаардык соту 16-ноябрда жарандык активист Орозайым Нарматованы камакта калтырды.
-
ИИМ: Күзөт кызматкерлеринин маянасын көтөрүү маселеси жакында чечилет.
-
Жер шарында калктын саны 8 миллиардга жеткенин БУУ жарыялады.
-
Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү.
-
Каржы министрлиги: Өлкөдө айлык маяналар салык кирешелеринин эсебинен гана көбөйтүлүүдө.
-
ИИМ: Социалдык түйүндөрдө чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү тараткандар жазага тартыларын эскертебиз.
-
Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Лейлек районунда көмүрдү Өзбекстанга транспорт менен ташууга уруксат берилди.
-
Кубанычбек Айтакунов Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.
-
Марат Орозбаев “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
-
Жогорку Кеңеште 17-ноябрда Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган айрым мүчөлөрү ант беришти.
-
“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт” ишканасынын бөлүм башчысы пара алууга шектелип кармалды.
-
Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга президент кол койду.
-
Парламенттин 2 депутаты Кыргызстанда ТикТок тиркемесин жабууну сунуштап чыгышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: