БИР БҮРКҮМ. УЛУТТУК БАНКТА 24,8 ТОННА АЛТЫН БАР...
№1043 2-8-декабрь, 2022-ж.
“Түндүк электр”: Электр энергиясына карызы бар 4300дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт.
- Өлкөдө фармацевтикалык компанияларды жана дары-дармектер боюнча департаменттин ишин УКМК текшерип жатканы айтылды.
- Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
- Москвада банктан чыгып келе жаткан Кыргыз жаранынын 70 миң долларын каракчылар тоноп кетишти.
- Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалды.
- Таласта баңгизат кылмышына шектелип кармалган жарандын үйүнөн 10 килограммдан ашык марихуана табылды.
- Учурда Улуттук банкта 24,8 тонна алтын запасы бар экени айтылды.
- Омар Султанов Кыргыздын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.
- Депутат Чыңгыз Айдарбеков бир нече күнгө кабарсыз кеткени боюнча “чет өлкөдөмүн, жакында барам” деп кайрылуу жасады.
- Акылбек Жапаров 29-ноябрда Японияга иш сапары менен барды.
- Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
- Парламенттин айрым депутаттары “Бишкек менен Оштун мэрлерин эл түз шайлашы керек” деп жатышат.
- 2022-жылдын 9 айында Бишкек ШИИББинин 17 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды.
- Аскер прокуратурасы “бюджетке зыян келтирди” деп Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кылмыш ишин козгогону айтылды.
- УКМК: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 3 мүчөсү Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштеп жүргөн".
- ӨКМ: Бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
- Бишкек жана Ош шаарларынын борбордук аянттарына Жаңы жылдык балаты орнотула баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: