БИР БҮРКҮМ. БЛОГЕР ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...
№1045 16-22-декабрь, 2022-ж.
-

Осмон Качкынбаев “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Өлкөгө күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандар аныкталып, камакка алынганы кабарланды, арасында салык кызматкери бар.
-
Улуттук статистика комитети: Жыл башынан бери өлкөдө азык-түлүктүн баасы 13,5 пайызга өстү.
-
Кыргызстандан 30 тонна минералдык жер семирткичти мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылгандар кармалышты.
-
Жалал-Абад облусунда жергиликтүү чиновниктен 30 миң сом пара талап кылган блогер кармалды.
-
Өлкөдө кышкы туристтик мезгил 17-декабрда расмий ачылары айтылды.
-
Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды.
-
Бишкекте жыл башынан бери 28 адам экстремизмге шектелип кармалганы маалымдалды.
-
Бишкек мэриясы 2023-жылдын башында таштандыны кайра иштетүүчү 2 ишкананын бири менен келишим түзүүнү пландоодо.
-
Ош шаарына 50 электробус сатып алынары күтүлүүдө.
-
Жалал-Абадда жалган ишкерЛик жүргүзүүгө шектүү жарандар кармалганын УКМК кабарлады.
-
Кыргызстан менен Руанданын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөнү расмий маалымдалды.
-
Сокулукта 5,5 гектар жер тилкеси жасалма документтердин негизинде көзү өтүп кеткен жарандарга катталган учур аныкталды.
-
13-декабрга карата Баткендин тургундарынын 20 миллион сом насыясы жоюлганы айтылды.
-
Парламент депутаттары катализатору жок автоунааларды айдап жүргөндөргө айып салууну сунушташты.
-
Токтогул суу сактагычында суунун агып чыгышы агып кирген суудан 6 эсе көп болууда.
- Сүлүктү мэриясынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: