Архив
Популярдуу макалалар

БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТКА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ...

№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.


  • Канат Жумагазиев Нарын ОИИБинин, Жеңиш Абитов Жалал-Абад ОИИБинин, Жеңиш Жоробеков Ош ОИИБинин, Орунбай Кочкоров Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • Маалыматтык база жаңыланып жатканы үчүн “балага сүйүнчү” жөлөкпулун берүү убактылуу токтотулганы айтылды.
  • Кыргыз-Өзбек чек арасын демаркациялоого даярдык башталды, 27-декабрда Ошто өлкөлөрдүн жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Орусиянын ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу башталды.
  • Депутаттар “мал уурдагандарды 10 жылга эркинен ажыратыш керек” деп демилге көтөрүштү.
  • Сузакта кыздар окуган медреседен өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди.
  • УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге издөө жарыялады.
  • Өлкөдө 20-24-декабрь күндөрү мас абалында унаа айдап жүргөн 258 айдоочу кармалганы маалымдалды.
  • Улуттук статистика комитети: 2021-жылы өлкөдө 96,9 миң тонна дизель майы өндүрүлгөн.
  • 27-декабрда Панфилов районунда массалык мушташ болуп, 17 жаштагы жигит сабалганы маалымдалды.
  • Акылбек Жапаров: “Үчүнчү күчтөр бийликке келиш үчүн Кемпир-Абад маселесин пайдаланышты”.
  • Бишкекте учурда 590 авариялык абалдагы лифт бар экени маалымдалды.
  • Депутат Адахан Мадумаровдун сунушу менен Жогорку Кеңеш өлкөдө Конституция, мыйзамдар одоно бузулуп жатат деген дооматты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.
  • Экономика министрлиги: 2022-жылдын 11 айында республикалык бюджеттин кирешеси 235 миллиард сомду түздү.
  • 28-декабрда Кыргыз-Кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Быйыл Тажикстандын кол салуусунан каза тапкан аскер кызматкери Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг   
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: