|
Архив
Популярдуу макалалар
|
Анжелика: «ХЕЙТЕРЛЕРДИ ЧАРЧАТЫШ КЕРЕК ЭКЕН»№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат, маектешебиз деп жүрүп, бүгүнкү күн бизге буюруптур. – 2022-жыл мен күткөндөн да берекелүү, мени алдыга жетелеген, билбеген нерселеримди үйрөткөн жакшы жыл болду. Мурдагы жылга салыштырмалуу сыноолордон да алыс болдук. Жашоо китебимдин барагында кызыл сыя менен белгилей турган өзгөчө унутулгус жылдардын болду десем жаңылышпайм. Өзүмдү анализдеп жатам, бул жылы Анжелика сабырдуу, оор басырыктуу адамга айланды. Жашоодо кээде шашып чечим чыгарып, кээде бирөөлөргө таарынып калабыз. Көрсө, адам өзүнө ыраазы болуп гана жашашы керек экен. Жоолук салынуу – бул менин кыялым болчу, кыялдарымдын бири орундалды. Башынан эле “толугу менен хиджап кийдим дебейм, болгону намаз окуганга ылайыктуу кийиндим” деп эле айтып келе жатам. Ар бир адам жүрөгүнө жаккан нерсени тандашы керек, башкалардын оюна көңүл бурбоону үйрөндүм. – Андай сөздөр күндө эле чыгып жатат. Жоолукту чечемби-чечпеймби... Ыйманымдын деңгээлин бул жашоодо ким таразага салып ченейт, билбейм. А мен Кудайдын алдында жөн эле бир жакшы пенде болгум келет. Ким кандай кийинет, ал адамдын жеке тандоосу. Башка эч нерсе дей албайм. – Хейтерлерди чарчатыш керек экен. Сени жамандап жатып акыры тажашат. “Муну канча жамандасам да чөкпөй койду” деп багытын башкаларды көздөй бурушат. Мен аларды жеңдим. Айтаарым, кимде негатив көбүрөөк болуп жатса, чыдап коюңуздар. Бул убактылуу нерсе. – Ооруп калганда бир жакка барышым керек болот. Ошондо күчүмдү жыйнап, боёнуп, жакшынакай кийинип, концерт, иш-чараларга барганымда “азаматсың, Анжелика” дейм. Анткени абалым жакшы эмес деп отура берсең жылбайсың. Жетишем деген адам баарына жетишет. Бирөөгө жардам бергенимде, пайдамды тийгизгенде өзүмө ыраазы болом. Негизи, адам ар дайым өзүн мактап турушу керек. – Мен азыр “Кыргызстанга эс алганы эле келип калдым” деп тамашалап калам. Чет өлкөгө көбүнчө иш сапары менен чыгып жатабыз. Буга чейин Аланияда турак жай тармагында иштеп келе жаткам, ал ишим уланууда. Быйыл Малайзиянын компаниясы менен келишим түзүп, M international – дүйнөлүк компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болдум. Былтыр кыздарым менен кырсыктап калбадык беле. Ошондо наркоздон улам тырмак, кирпиктерим түштү, анан ушул компаниянын продукцияларын кыздарым менен чогуу ичтик, жакшы жыйынтыгын берди. Ушул себептүү бул компанияны жакшы көрүп жүрдүм. Негиздөөчүсү Кыргызстанга келгенде ыраазычылыгымды билдирип ырдап бергем. Ошондо мага өкүлчүлүктү сунушташты. Адегенде бул компания ишенимдүүбү, чын эле ошондой ийгиликтүү адамдар чыгып жатабы деп карап чыгып, ишендим. Бул компания боюнча лидер өлкө Монголия дешкенинен кызыгып, Монголияга эки ирет иш сапары менен барып келдим. – Умрага барып келгенден кийин ырдасамбы, ырдабасамбы деген ой жаралды. Кичинемде “оо, Кудай, мени ырчы кыла көр” деп суранчумун. Бул менин балалык кыялым эле. Ал кыялым орундалгандан кийин эми “элим бай болсо экен, элиме пайдам тийсин, элге балык эмес, кайырмак берсем, жумуш менен камсыздасам” деп тилек кылып жатам. Байлык десе эле корко беребиз го. Бай деген сөздөн коркпоңуздар, корккон сайын биз кедейликти көздөй качабыз. Монголиядан жапжаш миллионерлерди көрүп, байлыктын келишин жаш курак менен ченебеш керек экен, сөзсүз түрдө улгайып калганда эмес, жаш кезде деле бай болууга болот турбайбы деп келдим. Эми биздин жаштарга “жаш кезиңерде иштегиле, силерде мүмкүнчүлүк жогору” деп мотивация берип жатам. Адам адамды байытат. А бирок иштешүү үчүн адамдардын ортосунда ак ниет мамиле, ишеним зарыл. Муктаж болуп турган бирөөгө жардам берүү – бул байдын ой жүгүртүүсү. Кайрымдуулукту кимдер жасайт, байлар жасайт. Ошон үчүн байлык, акча деген сонун нерсе. – Клип тарттырып, ыр жаздырып жатам. 2023-жылга кирерибиз менен угармандарга ыр белек тартуулайм. Жаңы ырым “Сага гана” деп аталат. – Убакыттын өткөнүн күзгүгө каранып деле байкаган жокмун. Балким, дагы 10 жылдан кийин байкайттырмын. Азырынча өзүмдү 22 жаштагы Анжеликадай эле сезем. Кыздарымдын чоңойгону мени бир гана кубандырат. Шүгүр, акылы, ыйманы, жакшы тарбиясы менен чоңоюп жатышат. Бирок балдар чоңойгон сайын сыноолор көбөйөт экен. Улуу кызым туулган күнгө барып келейин деп суранып калса мен мобилограф болуп аны ээрчип алам. Кыздар чоңойгон сайын кооптонуп, жан сакчы болуп калат экенсиң. – Сиздерге да рахмат. Элибизде бир гана береке, токчулук ийгиликтер орун алсын. Элим бай болсун. Дүйнөгө жакшы жагыбыз менен гана тааныла берели. Динара Акимова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(1)
Luna15
02.01.2023. 08:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика боюмда бар деп атты беле,Назира мн айтышканда?
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| ||