
Парламенттин 29-декабрындагы жыйынында өлкөдөгү коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү талкууланды. Депутаттар банктар ар кандай жолдор менен элдин капчыгын кагып, мигранттар которгон акчадан олчойгон пайыз кармап жатканын, ошондой эле кардар каалаган валютаны бербей койгон учурлар көп экенин айтышты.
– Доллар менен которулган акчаны ошол валютада алайын десе, банктар “доллар жок” дешет. Ал эми ошол суммадан 5 пайызын кармап калууга макулмун десе, банктар дароо доллар таап берип жатышат. Бул ачык эле элдин канын соруу,- деди депутат Дастан Жумабеков.
Жогорку Кеңеш мындай баш аламандыктарды токтотуу керектигин белгилеп, атайын токтом кабыл алды. Токтом аткарылбаса, коммерциялык банктарга катаал чаралар көрүлөрүн айтышты депутаттар.