|
Архив
Популярдуу макалалар
|
КӨП КЫЗМАТ АТКАРГАН ТИШ ПАСТАСЫ№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
Тиш пастасы өзгөчө кол батпаган, оозу кууш идиш-аяктарды тазалаганга жардам берет. Мисалы, термос, балдардын сүт ичкен бөтөлкөсү, кружка, ваза жана башка. Тиш щёткасына пастадан сыгып аласыз да идиштин ичин сүртүп чыгасыз. Андан соң жакшылап суу менен 2-3 жолу чайкап коюңуз, идишиңиз жаңы эле сатып алгандай болуп жалтырап калат. Эгер кайсы бир тамак-аш жасагандан кийин колуңуз сарымсак, пияз жыттанып, самын менен жуусаңыз да кетпей жатса, тиш пастасын колдонуңуз. Жыйынтыгына ыраазы болосуз. Күмүш асем буюмдарыңыз карарып кирдеп кетсе тиш пастасын тегиз кылып сүйкөп, тиш щёткасы менен жакшылап сүртүп чыгыңыз. Андан кийин 5-10 мүнөт коюп коюңуз. Таза чүпүрөк менен сүртүп, сууга жууп коңуз. Күзгүдө колдун издери калып, сүртсөңүз бозоруп калган учурда губкага тиш пастасын сыгып алып, сүртүп чыгыңыз. Күзгүңүз жаркырап эле калат. Майда жаракат дегенде, мисалы, курт-кумурскалар чаккан учурду алалы. Теридеги жабыркаган аймакка тиш пастасын сүйкөп коюңуз. Бул учурда паста микробдорду өлтүрүүчү кызматты аркалайт. Ошондой эле теринин кычышканын токтотконго жардам берет. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| |