|
Архив
Популярдуу макалалар
|
МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫККА КИМДЕР ТАТЫДЫ?№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
II даражадагы “Манас” ордени менен: Геннадий Базаров – “Кыргызтелефильм” кино-видео фирмасынын режиссёру, сценаристи. “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы менен: Асанкадыр Советжан – Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы; Зарылбек Молдобакиров – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура-хореография кафедрасынын улук окутуучусу; Нурматбек Полотов – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижёру; “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы менен: Курманбек Абдувалиев – Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери; Гүлмира Жолдошева – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти; Элдияр Желденбаев – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти; Болотбек Жумалиев – Мультипликациялык фильмдердин сүрөтчү-коюучусу; Кайыргүл Жуманова – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти; Калидакан Зейналиева – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти; Съездбек Искеналиев – Бишкек шаарынын мэриясынын “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти; Зулпия Карыбекова – Актриса, ырчы, алып баруучу; Максат Кулуев – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору; Зульфия Мейзер – Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти; Азамат Сарыбаев – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти; Урмат Усенов – эстрада ырчысы. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: Райкан Абдувалиева – ырчы, “Периште” тобунун жетекчиси. Ширин Сарыгулова – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу; Айпери Кулбаева – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актрисасы; Айгерим Расул кызы – эстрада ырчысы."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| |