|
Архив
Популярдуу макалалар
|
“СУПЕР-ИНФО” ДЕПУТАТТАР МЕНЕН БИРГЕ ЖАРДАМГА МУКТАЖДАРДЫ КУБАНДЫРДЫ№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж. Жаңы жыл – балдар күткөн сыйкырдуу майрам. Аяз ата жана Аяз кыздан белек алып кубанышат эмеспи. Жаңы жылды утурлай “Супер-Инфо” гезити SUPER.KG порталы менен биргеликте өз каармандарын куттуктап келди. Бул каармандарды сиз буга чейин гезит бетинен жана порталдан көргөнсүз. Бул жакшы саамалыкта бизге Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Аида Исатбек кызы колдоо көрсөтүштү. Тазабек мырза Аяз атанын, Аида айым Аяз кыздын образында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, балдарга сонун маанай тартуулашты. Сунушубузду четке какпай, карапайым элге жакын экенин иш жүзүндө көрсөтүшкөн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Каарманыбыз Аскар Жаныбаев буга чейин 4 баласы менен кайнатасынын эшек баккан, жарыгы жок сарайында күн кечирип келерин айтып элден жардам сурап кайрылган. Анын оор тагдыры тууралуу сюжет SUPER.KG порталына чыккандан кийин жардам колун сунган мекендештердин арбын болгонун айтат ал. Аскар мырзанын балдарынын көңүлүн көтөрүү үчүн Чүйдүн Кой-Таш айылына жол тарттык. Мындай сюрпризге кубанган Аскар мырза бир короодо чогуу жашаган кошуналары менен тосуп чыгышты. Аскар Жаныбаев: «Биз үчүн күтүүсүз майрам тартууладыңар, чоң рахмат. Силердин порталга чыккандан кийин эл акча которуп, кээ бирлери үйгө чейин келип азык-түлүк таштап кетип жатышат. Көмүр алып бергендери да бар. Азыр кыш, суук болгондуктан сарайда жашабай калганбыз, жанында көп батирлүү үй бар, ошонун бирине көчүп кирдик. Жардам берген бардык мекендештерге ыраазычылык айтам». Аяз ата менен Аяз кыз Жогорку Кеңештин депутаты экенин билгенден кийин Аскар мырза өз көйгөйүн айтканга шашты. “Жардам бергендер бар, Кудайга шүгүр, бирок үй маселеси чечилбей жатат. “Жер тилкесин бөлүп бере аласыңарбы?” деп айыл өкмөтүнө кайрылсам “сен кимсиң?” деп тоготпогондой кабыл алышты. Бара берип чарчадым, жер тилке маселесин чечип берсеңер жакшы болот эле” деп жардам сурады. Аяз ата менен Аяз кыз бул маселени чечип берүү үчүн тиешелүү мекемелерге кайрыларын айтышты. Каарманыбыз үмүттүү көздөрү менен бата берип бизди узатты. Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1043 санында 8 балалуу Дилбар Нурмухаммед кызы “балдарым үчүн кайыр суроого деле кайылмын” деп башынан өтүп жаткан оор күндөрүн айтып берген. Кой-Таштан чыгып Дилбар айым жашаган “Дордой” тарапты көздөй жол тарттык. Кичинекей балдары менен Дилбар айым биздин Аяз атабыз менен Аяз кызыбызды короосунан тосуп чыгышты. Бир короонун ичиндеги батирлерде 7-8 үй-бүлө жашайт экен. Кичинекей балдар ыр айтып берип белек алса, чоңдор “бизге белек жокпу, депутат Аяз ата капчыктуу болчу эле” деп тамашалап жатышты. Балдарды, чоңдорду да кубантып кайттык. – Бизге чоң майрам тартууладыңар, балдарым Аяз ата менен Аяз кызды сыналгыдан эле көрбөсө, жандуу көрө элек болчу. Белектериңерге ыраазыбыз. Эмоциямды сөз менен жеткирип бере албайм, ушундай бир күтүүсүз жагымдуу маанай жараттыңар. Силердин гезитке чыккандан бери жардам берчүлөрдүн аягы үзүлө элек. Эл-журт бар экен, курсагыбыз ток жашап жатабыз, ушунусуна да шүгүр,- деп ыраазычылыгын билдирип узатты каарманыбыз. Амантур Илипбеков 1-топтогу майып, 3 жашында кырсыктап, буту өспөй калган. Бул каарманыбыз тууралуу мындан 3 жыл мурун гезитибизге макала жарыяланып, үстүбүздөгү жылы Лунара Бекиева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| |