|
Архив
Популярдуу макалалар
|
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК «АПТЕЧКА»№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
Тамакты ашыкча жеп алсаңыз организмди “стресс” режиминен “калыптагыдай иш” режимине кайтаруу кажет. Анткени ашказан, ичегиге гана эмес, тамак-ашты сиңирүүгө катышуучу боор, өт баштыкчасына да күч келет. Андыктан ашкере көп тамактанып алган күндүн эртеси организмге жардам берүү үчүн 1,5 литр газдалбаган суу ичүү керек. Эгер майлуу тамакты көп жесеңиз, сууга лимон кошуп ичиңиз. Камыр тамак көп жесеңиз, сууга имбирь жана бал кошуңуз. 1,5 литр сууга 1 аш кашык бал, 1 аш кашык сүргүчтөн өткөрүлгөн имбирь. Этти, жумуртка аралашкан салаттарды көп жесеңиз, анда 1 литр сууга 1 аш кашык куркума же 1 литр сууга 1 бадыраңды майда туурап ичиңиз. Кадимки таза суунун өзүн ичсеңиз да болот. Тамак сиңирүүдө мезим таблеткасы да жакшы жардамчы. “Аптечкаңызда” оорутууну басаңдатуучу, сезгенүүгө каршы жана дене табын түшүрүүчү каражаттар болгону жакшы. Мисалы, анальгин, баралгин жана башка. Көңүл айланууга, кусууга каршы мотилиум дарысы сунушталат. Зарнага каршы маалокс, гастал, гевиксон же алмагель жакшы жардам берет. Көрсөтмөсүнө карап колдонуңуз. Майрамдарда тамак-ашка ууланган учурлар да кездешет. Жеңил ууланганда активдештирилген көмүр, энтеросгель жана полисорб жардамга келет. Активдештирилген көмүр ич көбүүдө да натыйжалуу. Майрамдык эс алуу күндөрү ич өтүп, даараткана менен улам “көрүшкүңүз” келбесе, имодиум, лопедиум же стопдиар каражатын ичиңиз. Тамак-аштан же цитрус жемиштеринен аллергияңыз кармап калса төмөнкүлөрдү колдонсоңуз болот. Активдештирилген көмүр - 1 күндө 3 маал. Ар бир 10 килограмм салмакка 1 таблетка туура келет, салмагыңыз 60 килограмм болсо 6 таблетка ичүү керек. Полисорб суспензиясы – 3 маал 1 чай кашыктан 50-70 грамм сууга кошулуп ичилет. Аталган дарылар ичилип бүткөн соң кальцийдин глюконатынан 3 маал 2 таблеткадан ичүү кажет. Бул да 7 күн ичилет. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| |