|
Архив
Популярдуу макалалар
|
Арсалан Будажапов, балбан: КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН КӨТӨРҮП ЖАТКАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ”№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
Туулган жылы – 1993-жыл, 21-май Туулган жери – Забайкальск крайы, Цокто-Хангил айылы Бою – 173 сантиметр Салмагы – 79 килограмм Билими – Бурят мамлекеттик университети, дене тарбия, спорт жана туризм факультетин бүтүргөн Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы Жетишкендиктери – Кыргыз Республикасынын чемпиону, Азия чемпиону жана күмүш, коло медаль ээси, Дүйнө кубогунун, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. – Саламатсызбы? Дүйнө кубогу жалпысынан жакшы өттү. Коло медаль тагындым. Буга дагы кубанычтамын. Дүйнө кубогунан кийин Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы машыктыруучулар Руслан Мажинов, Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдында АКШда эки жума машыгуу жыйынын өттүк. 27-декабрда жалпы команда мүчөлөрү Бишкекке кайтып келдик. – Дүйнөлүк рейтингде экинчи саптан орун алганыма таң калдым, ошону менен бирге абдан кубандым. Албетте, бул жыл бою рейтингдик турнирлерге катышып упай топтогонумдун жыйынтыгы деңизчи. Мындай жыйынтыкка жетүүнү баары каалашат. Мен деле мурун башкалардын рейтингдеги ордун көрүп, алдыга чыгууну самачумун. Чынын айтсам, алдынкы катарда болом деп ойлогон эмесмин, күтүүсүз жерден ушундай жакшы жаңылык болду. Бул жылы Дүйнө чемпиондугундагы жакшы рейтингдик көрсөткүчүм үчүн мени Дүйнө кубогуна чакырышты. Дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшүп, 3-орунду ээледик. – Анткени мен жарым кыргызмын да. Ата-энем, жакындарымдын чечими, өзүмдүн каалоом менен эле Кыргызстандын атынан күрөшүп баштагам. Албетте, жакындарым Кыргызстандын атынан чыгып жатканымды кубануу, сыймыктануу менен кабыл алышат. Бул кадамыма өзгөчө апам сыймыктанат. Себеби апам кыргыз кызы да. Кыргыз желегин көтөрүп жатканым үчүн өзүм да сыймыктанам. Бурятияда менин жарым кыргыз экенимди билишет, андыктан баары түшүнүү менен кабыл алып, колдоо гана көрсөтүп турушат. – Ооба, албетте. – Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Эки эжем, карындашым жана иним бар. Мектепти да, университетти да жакшы окуп бүтүргөм. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Биздин үй-бүлө спортчулардан куралган. Жубайым күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Мени ар дайым колдоп турат. Экөөбүз эки уул, бир кызды өстүрүп жатабыз. – Атам мурда күрөшүп жүргөн. Негизи, биздин мектепте, айылда күрөш тармагы абдан өнүккөн. Бала бакчага барган кезимде чоң тайпага которулгандан тартып эле күрөшкө бара баштагам. Бала бакчадан чыгарым менен күрөш залына барчумун. Ошентип жүрүп эле күрөш дүйнөсү мени өзүнө тартып кетти. Бала кезимден эле мыкты балбан болууну, дүйнөлүк аренада күрөшүп, медалдарды алууну кыялданчумун. Күрөш менен алектенгениме дээрлик 20 жылдан ашты. – Негизги максатым – Олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынуу. – Мелдештин алдында сөзсүз түрдө физикалык жактан даярдыктарды көрөбүз. Ал эми мелдеш учурунда психологиялык жактан ким даяр болсо, ошол жеңишке жетишет. – Мелдештердин, сборлордун ортосундагы убакытта ата-энемдин үйүнө барам. Жылкы фермабыз бар, аттарды карап, фермадагы иштер менен алектенем. Көбүнчө табият коюнунда убакыт өткөрөм. Үй-бүлөм менен бирге ар кандай эс алуучу жактарга, чет өлкөлөргө чыгып турабыз. Балдарым менен убакыт өткөрүүгө аракет кылам. Азыр улуу балам дзюдого барып жатат, аны машыгууга алып барам. Өзүмдүн “Олимпиец” деген спорттук дүкөнүм бар, анын иштери менен алек болом. Динара Акимова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
| |